ЖҮН: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
[[Файл:Жүн.jpg|thumb]] | [[Файл:Жүн.jpg|thumb]] | ||
<b type="title">ЖҮН</b> – мал жана айбанаттын терисиндеги талча түк. Текстиль | <b type="title">ЖҮН</b> – мал жана айбанаттын терисиндеги талча түк. Текстиль өнөр жайынын негизги сырьёсу, андан кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим, түрдүү буюм жасалат. Өнөр жайда иштетилүүчү жүндүн не­гизги бөлүгүн кой жүнү түзөт. Эчки, төө, лама, топоз, коён, жылкы, уй, бугу, ит жүнү да пайда­ланылат. Жүн ичкелиги, узундугу, тармалдыгы, бышыктыгы, жеңилдиги, өңү, жылтырактыгы жана башка касиеттери боюнча бааланат. Малдан кыр­кылып алынган (кой, эчки жана башкалар), таралып алынган (төө, ит, эчки жана коён тыбыты) же түлөгөндө чогултулуп алынган (уй, жылкы) жүн – таза (тирүү), ал эми союлган же өлгөн мал­дын терисинен алынганы өлүү жүн деп аталат. Жүн тыбыт, кылчык жүн, чала кылчык, уяң, чала уяң болуп бөлүнөт. Жүн кабырчык, кабык жана өзөкчөдөн түзүлөт. Койдун ар кайсы жерин­деги жүнүнүн сапаты (узундугу, ичкелиги, таза­лыгы, чыйрактыгы) ар башка болот. Кой жүнү тыбыттан жоон, кылдан кыска талчалардан ту­рат да, бир нече катмарга бөлүнөт. Анын ички катмары өтө бышык келип, тышкы кабырчык катмары сырткы чөйрөнүн таасирине жакшы туруштук берет. Жылуулукту жай өткөрүп, ным тартпайт. Күзгү жүнгө караганда жазгы жүн узун келип, тыбыттуу жана бышык болот. Уяң, чала уяң жүндүү жана аргын кой жазында, ал эми кыл­чык жана чала кылчык жүндүү кой жазында да, күзүндө да кыркылат. Жүн кыркылгандан ки­йин келки, үзүндү, куйрук, бучкак, шакшак жүн болуп бөлүнөт. Эчки жүнү тыбыттан жана кыл­чыктан турат. Кылчыгынын технологиялык сапаты на­чар, ошондуктан тыбыты гана колдонулат. Төө жүнү тыбыттуу жана чуудалуу келип, өтө бышык жана чоюлчаак болот. Тыбыты жууркан жасоо­до, кездеме жана тор кездеме токууда колдону­лат. Топоз жүнү нооту өндүрүшүндө пайдаланы­лат. Коён жүнү фетр (мыкты кийиз), тыбыты тор кийим жасоодо колдонулат. Союлган жылкы, уй жүнү негизинен бышырып, кийиз басуу өн­дүрүшүндө колдонулат. Бугу жүнүндө өлүү жүн көп, ошондуктан матрац жасоодо, эмерек өндүрү­шүндө өткөрбөгүч материал катары пайдаланы­лат. Айрым ит жүнүнөн колго жасалуучу түймө буюмдар даярдалат. Кыргыз эли күзгү жүндөн кийиз өтүк (чокой), калпак, кементай, байпак жана башка кийим; ком, тердик, желдик, ичмек сы­яктуу токулга; аяк кап, табак кап, күзгү кап, самын кап, уук учтук, баштык, кап жана башка буюм жасаган. Жазгы жүндү жуурканга, төшөккө, тыш жана кыш кийимге салган. Көчмөн турмушта мал байлоодо, жүк жүктөөдө керектелүүчү аркан жана жип эшилип, өрмөк жип ийрүүгө пайда­ланган. | ||
[[Файл:Жүн2.jpg|left|thumb]] | [[Файл:Жүн2.jpg|left|thumb]] | ||
[[Файл:Жүн3.jpg|center|thumb]] | [[Файл:Жүн3.jpg|center|thumb]] | ||
Ад.: Овцеводство / Под. ред. Г. Р. Литовченко и П. А. Есаулова. Т. 1. М., 1972; <i>Мигалатюк Д. Я., Орлов И. М</i>. Сохранение качества шерсти. М., 1987. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | Ад.: Овцеводство / Под. ред. Г. Р. Литовченко и П. А. Есаулова. Т. 1. М., 1972; <i>Мигалатюк Д. Я., Орлов И. М</i>. Сохранение качества шерсти. М., 1987. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] |
10:17, 15 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ЖҮН – мал жана айбанаттын терисиндеги талча түк. Текстиль өнөр жайынын негизги сырьёсу, андан кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим, түрдүү буюм жасалат. Өнөр жайда иштетилүүчү жүндүн негизги бөлүгүн кой жүнү түзөт. Эчки, төө, лама, топоз, коён, жылкы, уй, бугу, ит жүнү да пайдаланылат. Жүн ичкелиги, узундугу, тармалдыгы, бышыктыгы, жеңилдиги, өңү, жылтырактыгы жана башка касиеттери боюнча бааланат. Малдан кыркылып алынган (кой, эчки жана башкалар), таралып алынган (төө, ит, эчки жана коён тыбыты) же түлөгөндө чогултулуп алынган (уй, жылкы) жүн – таза (тирүү), ал эми союлган же өлгөн малдын терисинен алынганы өлүү жүн деп аталат. Жүн тыбыт, кылчык жүн, чала кылчык, уяң, чала уяң болуп бөлүнөт. Жүн кабырчык, кабык жана өзөкчөдөн түзүлөт. Койдун ар кайсы жериндеги жүнүнүн сапаты (узундугу, ичкелиги, тазалыгы, чыйрактыгы) ар башка болот. Кой жүнү тыбыттан жоон, кылдан кыска талчалардан турат да, бир нече катмарга бөлүнөт. Анын ички катмары өтө бышык келип, тышкы кабырчык катмары сырткы чөйрөнүн таасирине жакшы туруштук берет. Жылуулукту жай өткөрүп, ным тартпайт. Күзгү жүнгө караганда жазгы жүн узун келип, тыбыттуу жана бышык болот. Уяң, чала уяң жүндүү жана аргын кой жазында, ал эми кылчык жана чала кылчык жүндүү кой жазында да, күзүндө да кыркылат. Жүн кыркылгандан кийин келки, үзүндү, куйрук, бучкак, шакшак жүн болуп бөлүнөт. Эчки жүнү тыбыттан жана кылчыктан турат. Кылчыгынын технологиялык сапаты начар, ошондуктан тыбыты гана колдонулат. Төө жүнү тыбыттуу жана чуудалуу келип, өтө бышык жана чоюлчаак болот. Тыбыты жууркан жасоодо, кездеме жана тор кездеме токууда колдонулат. Топоз жүнү нооту өндүрүшүндө пайдаланылат. Коён жүнү фетр (мыкты кийиз), тыбыты тор кийим жасоодо колдонулат. Союлган жылкы, уй жүнү негизинен бышырып, кийиз басуу өндүрүшүндө колдонулат. Бугу жүнүндө өлүү жүн көп, ошондуктан матрац жасоодо, эмерек өндүрүшүндө өткөрбөгүч материал катары пайдаланылат. Айрым ит жүнүнөн колго жасалуучу түймө буюмдар даярдалат. Кыргыз эли күзгү жүндөн кийиз өтүк (чокой), калпак, кементай, байпак жана башка кийим; ком, тердик, желдик, ичмек сыяктуу токулга; аяк кап, табак кап, күзгү кап, самын кап, уук учтук, баштык, кап жана башка буюм жасаган. Жазгы жүндү жуурканга, төшөккө, тыш жана кыш кийимге салган. Көчмөн турмушта мал байлоодо, жүк жүктөөдө керектелүүчү аркан жана жип эшилип, өрмөк жип ийрүүгө пайдаланган.


Ад.: Овцеводство / Под. ред. Г. Р. Литовченко и П. А. Есаулова. Т. 1. М., 1972; Мигалатюк Д. Я., Орлов И. М. Сохранение качества шерсти. М., 1987.