ЖҮРӨК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖҮРӨК</b> – жаныбар ж-а адамдын жүрөк-кан тамыр системасынын | <b type='title'>ЖҮРӨК</b> – жаныбар ж-а адамдын жүрөк-кан тамыр системасынын борбородук органы. Жүрөктүн бул­чуңдуу капталынын ыргактуу жыйрылышы организмдеги кандын үзгүлтүксүз кыймылын камсыз кылат. Бардык омурткалуу жаныбар­лардын (балык, бака, кескелдирик, канаттуу­лар м-н адамга чейин) кан айлануу системасы негизинен окшош. Адамдын жүрөгү – 4 камера­га (оң ж-а сол дүлөйчө, оң ж-а сол карынча) бөлүнгөн көңдөй булчуң органы. Омурткалуу­лардын ар кандай классына кирген жаныбар­ларда жүрөк камераларынын саны бирдей эмес. | ||
[[File:ЖҮРӨК118.png | thumb | none]]Балыктын жүрөгү ү бир дүлөйчөдөн ж-а бир карын­чадан, жерде-сууда жашоочулардыкы эки дү­лөйчө, бир карынчадан турат. Канаттуулар м-н сүт эмүүчүлөрдө эки дүлөйчө, эки карынча бо­лот. Дүлөйчөнүн капталы карынчаныкына ка­раганда жука. Оң дүлөйчөгө төмөнкү ж-а жо­горку көңдөй веналар, сол дүлөйчөгө өпкө вена­лары куят. Карынчанын капталы булчуңдуу калың катмардан турат. Оң карынчадан өпкө артериясы, сол карынчадан толто чыгат. Ар бир дүлөйчө м-н карынчанын ортосундагы кош жап­кактуу ж-а үч жапкактуу клапандар кандын дүлөйчөдөн карынчага агышын багыттайт. Дүлөйчөлөр жыйрылганда, кан агып, жөрүктүн ка­рынчаларына толот. Карынчалардын керегесин­деги булчуң жыйрылып, канды толто м-н өпкө артериясына сыгып чыгарат. Бул кан тамыр­лар майда артерияларга бөлүнүп, дененин бар­дык органдары м-н ткандарына жеткенде, көп капилляр торчолорун түзөт. Капиллярдын кап­талындагы эң майда жылчыктар аркылуу кан м-н ткандын ортосунда зат алмашуу жүрөт. Кан капиллярдан венага өтүп, веналар жүрөк дүлөйчө­лөрүнө куят. Адамдын жүрөгү 1 мүнөттө 55–70 жолу жыйрылып, 4,5–5 <i>л</i> канды айдап турат. | |||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] |
10:32, 15 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖҮРӨК – жаныбар ж-а адамдын жүрөк-кан тамыр системасынын борбородук органы. Жүрөктүн булчуңдуу капталынын ыргактуу жыйрылышы организмдеги кандын үзгүлтүксүз кыймылын камсыз кылат. Бардык омурткалуу жаныбарлардын (балык, бака, кескелдирик, канаттуулар м-н адамга чейин) кан айлануу системасы негизинен окшош. Адамдын жүрөгү – 4 камерага (оң ж-а сол дүлөйчө, оң ж-а сол карынча) бөлүнгөн көңдөй булчуң органы. Омурткалуулардын ар кандай классына кирген жаныбарларда жүрөк камераларынын саны бирдей эмес.

Балыктын жүрөгү ү бир дүлөйчөдөн ж-а бир карынчадан, жерде-сууда жашоочулардыкы эки дүлөйчө, бир карынчадан турат. Канаттуулар м-н сүт эмүүчүлөрдө эки дүлөйчө, эки карынча болот. Дүлөйчөнүн капталы карынчаныкына караганда жука. Оң дүлөйчөгө төмөнкү ж-а жогорку көңдөй веналар, сол дүлөйчөгө өпкө веналары куят. Карынчанын капталы булчуңдуу калың катмардан турат. Оң карынчадан өпкө артериясы, сол карынчадан толто чыгат. Ар бир дүлөйчө м-н карынчанын ортосундагы кош жапкактуу ж-а үч жапкактуу клапандар кандын дүлөйчөдөн карынчага агышын багыттайт. Дүлөйчөлөр жыйрылганда, кан агып, жөрүктүн карынчаларына толот. Карынчалардын керегесиндеги булчуң жыйрылып, канды толто м-н өпкө артериясына сыгып чыгарат. Бул кан тамырлар майда артерияларга бөлүнүп, дененин бардык органдары м-н ткандарына жеткенде, көп капилляр торчолорун түзөт. Капиллярдын капталындагы эң майда жылчыктар аркылуу кан м-н ткандын ортосунда зат алмашуу жүрөт. Кан капиллярдан венага өтүп, веналар жүрөк дүлөйчөлөрүнө куят. Адамдын жүрөгү 1 мүнөттө 55–70 жолу жыйрылып, 4,5–5 л канды айдап турат.