ЖҮРӨК КЕМТИГИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖҮРӨК КЕМТИГИ</b> – жүрөктүн ж-а | <b type='title'>ЖҮРӨК КЕМТИГИ</b> – жүрөктүн ж-а анын клапандарынын ишинин бу­зулушу. Жөрүк кемтигинин тубаса ж-а кийин пайда бол­гон түрү бар. Жүрөктүн тубаса кемтиги түйүл­дүктүн өөрчүү мезгилинде жүрөк ж-а ири кан тамырлардын туура эмес калыптанышынан ке­лип чыгат. Мында клапандардын кемтигинен башка дүлөйчөлөр м-н карынчалардын орто­сундагы капталдарда да тешик болушу мүмкүн. Анда кандын бир бөлүгү жүрөктүн сол жагы­нан оң жагына өтүп, вена каны м-н арала­шып, кайра өпкөгө кетет же өпкөгө барбай эле жүрөктүн сол карынчасына, андан толтого барат. Натыйжада ткандарда кычкылтек м-н камсыз кылуу бузулуп, жүрөккө күч келет. Тубаса жүрөк кемтиги м-н жабыркагандар начар чоңо­юп, эмгекке жарамдуулугу төмөн болуп, жугуш­туу ж. б. ооруларга көп чалдыгат. Кийин пайда болгон жүрөк кемтигин түрдүү оорулар – кызыл жүгүрүк, котон жара, атеросклероз пайда кы­лат. Адегенде бул оорулардан жүрөк клапанда­рынын ткандары сезгенип, азыктанышы бузу­лат. Жүрөк клапандарынын формасы өзгөрүлүп, жүрөк камераларынын ортосундагы клапандар­дын иши начарлап, тешиктер толук жабылбай калат. Ткань катууланып, аны м-н бирге вена ж-а артериялардын чыга бериш жери тарыйт. Кызыл жүгүрүктө көбүнчө 2 жапкактуу клапан жабыркап, анын жапкактары жабышып, жүрөк камераларынын ортосундагы тешиктер бүтөлөт да, кандын жүрүшүнө тоскоол кылат, кандын айланышы бузулат. Бул жүрөктүн ишин кыйындатат ж-а булчуңун чарчатат (стеноз). Кээде бир нече жапкактары жабыркайт. Бул учурда жүрөк күч м-н иштегендиктен, жүрөктүн ичи кеңеет, булчуңдары калыңдайт. Оору күчөгөндө, жүрөктүн мүмкүнчүлүктөрү азайып, анын иштеши начарлайт ж-а жүрөктүн же­тишсиздигине алып келет. Ал жүрөктү тың­шоо, каккылоо ж-а рентген, электр-кардиогра­фия жасоо м-н аныкталат. Дарылоо анын түрүнө жараша жүргүзүлөт ж-а жүрөктүн иштешин жакшыртууга, кан айланууну калыбына кел­тирүүгө багытталат. Жүрөк кемтигин хирургиялык жол м-н дарылоо медицинанын жетишкендиги болуп эсептелет. Алдын алууда көп учурда бул ооруга алып келүүчү ревматизм жана башка оорулардын ал­дын алуу керек. Боюнда бар аялдын ден соо­лугун коргоо (жугуштуу оорулуу м-н жолукпоо, ичкилик ичпөө, тамеки чекпөө, өз алдынча ар кайсы дарыларды колдонбоо) тубаса жүрөк кемтигин алдын алууда чоң мааниге ээ. | ||
анын клапандарынын ишинин бу­зулушу. | [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
Кызыл жүгүрүктө көбүнчө 2 жапкактуу клапан жабыркап, анын жапкактары жабышып, жүрөк камераларынын ортосундагы тешиктер бүтөлөт да, кандын жүрүшүнө тоскоол кылат, кандын айланышы бузулат. Бул жүрөктүн ишин кыйындатат ж-а булчуңун чарчатат (стеноз). Кээде бир нече жапкактары жабыркайт. Бул учурда жүрөк күч м-н иштегендиктен, жүрөктүн ичи кеңеет, булчуңдары калыңдайт. Оору күчөгөндө, жүрөктүн мүмкүнчүлүктөрү азайып, анын иштеши начарлайт ж-а жүрөктүн же­тишсиздигине алып келет. Ал жүрөктү тың­шоо, каккылоо ж-а рентген, электр-кардиогра­фия жасоо м-н аныкталат. Дарылоо анын түрүнө жараша жүргүзүлөт ж-а жүрөктүн иштешин жакшыртууга, кан айланууну калыбына кел­тирүүгө багытталат. | |||
10:47, 15 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖҮРӨК КЕМТИГИ – жүрөктүн ж-а анын клапандарынын ишинин бузулушу. Жөрүк кемтигинин тубаса ж-а кийин пайда болгон түрү бар. Жүрөктүн тубаса кемтиги түйүлдүктүн өөрчүү мезгилинде жүрөк ж-а ири кан тамырлардын туура эмес калыптанышынан келип чыгат. Мында клапандардын кемтигинен башка дүлөйчөлөр м-н карынчалардын ортосундагы капталдарда да тешик болушу мүмкүн. Анда кандын бир бөлүгү жүрөктүн сол жагынан оң жагына өтүп, вена каны м-н аралашып, кайра өпкөгө кетет же өпкөгө барбай эле жүрөктүн сол карынчасына, андан толтого барат. Натыйжада ткандарда кычкылтек м-н камсыз кылуу бузулуп, жүрөккө күч келет. Тубаса жүрөк кемтиги м-н жабыркагандар начар чоңоюп, эмгекке жарамдуулугу төмөн болуп, жугуштуу ж. б. ооруларга көп чалдыгат. Кийин пайда болгон жүрөк кемтигин түрдүү оорулар – кызыл жүгүрүк, котон жара, атеросклероз пайда кылат. Адегенде бул оорулардан жүрөк клапандарынын ткандары сезгенип, азыктанышы бузулат. Жүрөк клапандарынын формасы өзгөрүлүп, жүрөк камераларынын ортосундагы клапандардын иши начарлап, тешиктер толук жабылбай калат. Ткань катууланып, аны м-н бирге вена ж-а артериялардын чыга бериш жери тарыйт. Кызыл жүгүрүктө көбүнчө 2 жапкактуу клапан жабыркап, анын жапкактары жабышып, жүрөк камераларынын ортосундагы тешиктер бүтөлөт да, кандын жүрүшүнө тоскоол кылат, кандын айланышы бузулат. Бул жүрөктүн ишин кыйындатат ж-а булчуңун чарчатат (стеноз). Кээде бир нече жапкактары жабыркайт. Бул учурда жүрөк күч м-н иштегендиктен, жүрөктүн ичи кеңеет, булчуңдары калыңдайт. Оору күчөгөндө, жүрөктүн мүмкүнчүлүктөрү азайып, анын иштеши начарлайт ж-а жүрөктүн жетишсиздигине алып келет. Ал жүрөктү тыңшоо, каккылоо ж-а рентген, электр-кардиография жасоо м-н аныкталат. Дарылоо анын түрүнө жараша жүргүзүлөт ж-а жүрөктүн иштешин жакшыртууга, кан айланууну калыбына келтирүүгө багытталат. Жүрөк кемтигин хирургиялык жол м-н дарылоо медицинанын жетишкендиги болуп эсептелет. Алдын алууда көп учурда бул ооруга алып келүүчү ревматизм жана башка оорулардын алдын алуу керек. Боюнда бар аялдын ден соолугун коргоо (жугуштуу оорулуу м-н жолукпоо, ичкилик ичпөө, тамеки чекпөө, өз алдынча ар кайсы дарыларды колдонбоо) тубаса жүрөк кемтигин алдын алууда чоң мааниге ээ.