ЖҮРӨКТҮН ИШЕМИЯ ООРУСУ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖҮРӨКТҮН ИШЕМИЯ ООРУСУ́ | <b type='title'>ЖҮРӨКТҮН ИШЕМИЯ ООРУСУ́</b> – жүрөк-кан тамыр системасынын көп тараган оорусу; неги­зинен жүрөктүн таажы сымал артерияларынын атеросклерозунан улам жүрөк булчуңдарын кан м-н камсыз кылуу начарлаганда болот. «Жүрөктүн ишемия оорусу » түшүнүгүнө катуу кармаган оорулар (<i>стенокар­дия, миокарддын инфаркты</i>), ошондой эле башка өнөкөт оорулар кирет. Мындай өзгөрүүлөр кан тамырдын атеросклерозунан улам болгондуктан, кардиосклероздун бул түрү атеросклероздук деп аталат. Ал айрым учурда жүрөк ишинин на­чарлашы ж-а согуу ыргагынын бузулушу м-н коштолот. Белгилери ар түрдүү, оору кээде күчөп, кээде басаңдайт. Жүрөктүн ишемия оорусу (стенокардия присту­бу), адатта оор күч келүүдөн кармайт, мындай абал көп жылга созулат да, кийин тынч абалда деле кармай берет. Оору кармаганда <i>миокард­дын инфаркты</i> пайда болуу коркунучу туулат. Жүрөктүн ишемия оорусуна тукум куума жакындык, аз кыймыл­доо, ашыкча тамактануу, семирүү, канда май заттарынын көбөйүшү, артериялык басымдын жогорулашы (к. <i>Гипертония оорусу</i>), углевод алмашуунун бузулушу себеп болот. Тамеки тарт­кандар көп ооруй тургандыгы далилденген: өтө чарчап-чаалыгуу, психикалык оорулар да орга­низмге күч келтирери белгилүү. Баарынан мур­да тамакты мүнөздөп ичүү, семирбөө, мал ма­йын ж-а жакшы сиңүүчү углеводдорду көп жебөө, ичкиликтен баш тартуу; тамакка өсүмдүк ма­йын ж-а С витамини м-н В тобундагы витамин­дерди көбүрөөк кошуу талапка ылайык. Булар­дын баары жүрөктүн ишемия оорусунун алдын алуу чаралары болуп эсептелет. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] |
11:17, 15 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖҮРӨКТҮН ИШЕМИЯ ООРУСУ́ – жүрөк-кан тамыр системасынын көп тараган оорусу; негизинен жүрөктүн таажы сымал артерияларынын атеросклерозунан улам жүрөк булчуңдарын кан м-н камсыз кылуу начарлаганда болот. «Жүрөктүн ишемия оорусу » түшүнүгүнө катуу кармаган оорулар (стенокардия, миокарддын инфаркты), ошондой эле башка өнөкөт оорулар кирет. Мындай өзгөрүүлөр кан тамырдын атеросклерозунан улам болгондуктан, кардиосклероздун бул түрү атеросклероздук деп аталат. Ал айрым учурда жүрөк ишинин начарлашы ж-а согуу ыргагынын бузулушу м-н коштолот. Белгилери ар түрдүү, оору кээде күчөп, кээде басаңдайт. Жүрөктүн ишемия оорусу (стенокардия пристубу), адатта оор күч келүүдөн кармайт, мындай абал көп жылга созулат да, кийин тынч абалда деле кармай берет. Оору кармаганда миокарддын инфаркты пайда болуу коркунучу туулат. Жүрөктүн ишемия оорусуна тукум куума жакындык, аз кыймылдоо, ашыкча тамактануу, семирүү, канда май заттарынын көбөйүшү, артериялык басымдын жогорулашы (к. Гипертония оорусу), углевод алмашуунун бузулушу себеп болот. Тамеки тарткандар көп ооруй тургандыгы далилденген: өтө чарчап-чаалыгуу, психикалык оорулар да организмге күч келтирери белгилүү. Баарынан мурда тамакты мүнөздөп ичүү, семирбөө, мал майын ж-а жакшы сиңүүчү углеводдорду көп жебөө, ичкиликтен баш тартуу; тамакка өсүмдүк майын ж-а С витамини м-н В тобундагы витаминдерди көбүрөөк кошуу талапка ылайык. Булардын баары жүрөктүн ишемия оорусунун алдын алуу чаралары болуп эсептелет.