ЖЕРДИН КЕЛБЕТИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЕРДИН КЕЛБЕТИ</b> – Жердин чыныгы бетине жакындаштырылган шарттуу көрүнүшү, турпа­ты. Жер массасы бардык жеринде бирдей таралбагандыгына байла­ныштуу, анын бети эч бир | <b type='title'>ЖЕРДИН КЕЛБЕТИ</b> – Жердин чыныгы бетине жакындаштырылган шарттуу көрүнүшү, турпа­ты. Жер массасы бардык жеринде бирдей таралбагандыгына байла­ныштуу, анын бети эч бир геометриялык формага окшобогон өтө татаал тур­патка ээ. Ошондуктан Жердин келбети болуп г е о и д эсептелинет. Бирок, гео­дезия, картография ж. б. көптөгөн илимий- практикалык маселелерди чечүүдө Жердин келбети катары жер эллипсоиди же жер сфероиди алынат. Кийинки кезде жердин жасалма жандоочу­лары м-н космосчулардын байкоо­лорунан Жердин келбети алмурут сымал фор­мада экендиги белгиленген. Мын­дай форманы кардиоид деп атоо су­нуш кылынган, к. <i>Геоид.</i> [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
04:12, 16 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕРДИН КЕЛБЕТИ – Жердин чыныгы бетине жакындаштырылган шарттуу көрүнүшү, турпаты. Жер массасы бардык жеринде бирдей таралбагандыгына байланыштуу, анын бети эч бир геометриялык формага окшобогон өтө татаал турпатка ээ. Ошондуктан Жердин келбети болуп г е о и д эсептелинет. Бирок, геодезия, картография ж. б. көптөгөн илимий- практикалык маселелерди чечүүдө Жердин келбети катары жер эллипсоиди же жер сфероиди алынат. Кийинки кезде жердин жасалма жандоочулары м-н космосчулардын байкоолорунан Жердин келбети алмурут сымал формада экендиги белгиленген. Мындай форманы кардиоид деп атоо сунуш кылынган, к. Геоид.