ЖЕТИ ЖЫЛДЫК СОГУШ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЕТИ ЖЫЛДЫК СОГУШ</b> (1756–63) – | <b type='title'>ЖЕТИ ЖЫЛДЫК СОГУШ</b> (1756–63) – Борбордук Ев­ропада үстөмдүгүн орнотуу үчүн европа өлкөлө­рүнүн (бир тарабында Австрия, Франция, Рос­сия, Испания, Саксония, Швеция, экинчи жа­гында Пруссия, Улуу Британия, Португалия ж-а герман мамлекеттери (Гессен-Кассель, Браун­швейг, Шаумбург-Липпе, Саксен-Гота) ортосун­дагы согуш. 1756-жылы Пруссиянын Саксонияга басып кириши м-н согуш башталган. Ал Түндүк Америка ж-а Ост-Индиядагы колониялар үчүн англиялык-франциялык карама-каршылыктардын курчушу­нан, Австрия, Франция, Россиянын кызыкчы­лыктары м-н Пруссиянын агрессиячыл саяса­тынын кагылышынан келип чыккан. 1757-жылы Росбах м-н Лейтендин жанында Фридрих IIнин (пруссиялык) армиясынын жеңиштери россия­лык-австриялык аскерлердин Кунерсдорф сал­гылашындагы (1759) жеңиши м-н жокко чыга­рылган. 1761-жылы колонияларда ж-а деңизде айы­гышкан салгылашуулар жүрүп, Пруссия кый­роого жакындап калган, бирок 1762-жылы Россиянын жаңы падышасы Пётр III аны м-н союз түзгөн. 1763-жылы Австрия, Саксония м-н бол­гон Губертусбург тынчтык келишими боюнча Пруссия Силезияны өзүнө караткан. <i>Париж тынчтык ке­лишими (1763)</i> боюнча Кана­да, Чыгыш Луизиана, Ин­диядагы франциялык ээликтердин көп бөлүгү Улуу Британия­га өткөн, ошондой эле Англия Ис­паниядан Флориданы тар­тып алган. Жети жылдык согуштун башкы жыйынтыгы – колониялык ээликтер ж-а соодадагы биринчи­лик үчүн күрөштө Улуу Британиянын Франция­нын үстүнөн жеңишке жетиши болгон. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
бирок 1762- | |||
09:15, 16 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕТИ ЖЫЛДЫК СОГУШ (1756–63) – Борбордук Европада үстөмдүгүн орнотуу үчүн европа өлкөлөрүнүн (бир тарабында Австрия, Франция, Россия, Испания, Саксония, Швеция, экинчи жагында Пруссия, Улуу Британия, Португалия ж-а герман мамлекеттери (Гессен-Кассель, Брауншвейг, Шаумбург-Липпе, Саксен-Гота) ортосундагы согуш. 1756-жылы Пруссиянын Саксонияга басып кириши м-н согуш башталган. Ал Түндүк Америка ж-а Ост-Индиядагы колониялар үчүн англиялык-франциялык карама-каршылыктардын курчушунан, Австрия, Франция, Россиянын кызыкчылыктары м-н Пруссиянын агрессиячыл саясатынын кагылышынан келип чыккан. 1757-жылы Росбах м-н Лейтендин жанында Фридрих IIнин (пруссиялык) армиясынын жеңиштери россиялык-австриялык аскерлердин Кунерсдорф салгылашындагы (1759) жеңиши м-н жокко чыгарылган. 1761-жылы колонияларда ж-а деңизде айыгышкан салгылашуулар жүрүп, Пруссия кыйроого жакындап калган, бирок 1762-жылы Россиянын жаңы падышасы Пётр III аны м-н союз түзгөн. 1763-жылы Австрия, Саксония м-н болгон Губертусбург тынчтык келишими боюнча Пруссия Силезияны өзүнө караткан. Париж тынчтык келишими (1763) боюнча Канада, Чыгыш Луизиана, Индиядагы франциялык ээликтердин көп бөлүгү Улуу Британияга өткөн, ошондой эле Англия Испаниядан Флориданы тартып алган. Жети жылдык согуштун башкы жыйынтыгы – колониялык ээликтер ж-а соодадагы биринчилик үчүн күрөштө Улуу Британиянын Франциянын үстүнөн жеңишке жетиши болгон.