ЖЕТИ-ӨГҮЗ (Жети-Өгүз районундагы кыштак): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page ЖЕТИ-ӨГҮЗ to ЖЕТИ-ӨГҮЗ (Жети-Өгүз районундагы кыштак)) |
(Айырма жок)
|
09:55, 16 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕТИ-ӨГҮЗ – Ысык-Көл обл-нун Жети-Өгүз районундагы кыштак. Жети-Өгүз айыл округунун борбору. Жети-Өгүз суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1760 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыштагынан 24 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 211 км. Калкы 2338 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, оорукана, амбулатория, дарыкана, клуб, китепкана, соода түйүнү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакка жакын Жети-Өгүз курорту жайгашкан.