БЕШБАРМАК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
м (Lera moved page БЕШ БАРМАК to БЕШБАРМАК over redirect)
 
(Айырма жок)

10:51, 16 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

БЕШБАРМАК – кыргыздын улуттук негизги сый тамагы. Ал казак, мурдагы көчмөн өзбек­терде да болгон. Бышкан эттин табы кайткан­да тууралып, эттин тундурулган сорпосуна кес­ме салып бышырып, аны сүзүп алып, туурал­ган этке кошот. Үстүнө майлуу, коруштуу ысык чык куюлуп, текши аралаштырылат. Бешбармак – мур­да «туураган эт», «нарын» деп аталган тамак­тын жаңыча аталышы. Болжолу өткөн кылымдын 20–30-жылдарынан «бешбармак» деп ата­лып кеткен.

Койдун этинен даярдалган бешбармактын үстүнө керте тууралган куйрук-боор салынып тартылса «алашак бешбармак», төөнүн этинен даяр­далып, үстүнө жилигинин чучугун («ак челек») кошсо «ак дөбө бешбармак», даярдалган бешбармактын үстүнө чучук коюлса «селделүү бешбармак», сүр эттен жасалга­ны «сүр бешбармак» деп аталат. Учурдун технологиясы боюнча даярдалган «Нарын», «Талас», «Көл», «Чүй», «Чаткал» жана башка түрлөрү калк арасында кеңири жайылууда.