БУЛГААРЫ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БУЛГААРЫ ''' – жаныбардын түгү алынган, ашатылган, була түзүлүшү сакталган териси. Ал керектелишине жараша механикалык, физикалык жана химиялык жол менен касиети өзгөртүлүп даярдалат. Ушуга ылайык | '''БУЛГААРЫ ''' – жаныбардын түгү алынган, ашатылган, була түзүлүшү сакталган териси. Ал керектелишине жараша механикалык, физикалык жана химиялык жол менен касиети өзгөртүлүп даярдалат. Ушуга ылайык булгаары 4 класска бөлүнөт. 1. Б у т к и й и м д и к жумшак булгаарыдан ички таман, таман, ички апкыт, ичилик, ал эми башы, кончу, апкыты түрдүү боёочу заттар менен иштетилген катуу булгаарыдан жасалат. Булгаары өӊдөө түрүнө, иштетүү мүнөзүнө, калыӊдыгына (1,75–7 ''мм''), сортуна (4 сорт) жараша айырмаланат. Хром, таннид, синтан, кээде алюминий, цирконий жана башка бирикмелер кошулуп ийленет. Бут кийимдин сырты жасалуучу булгаары жумшак же лакталган болууга тийиш, ошон үчүн ага көбүнчө хром кошулуп ийленет, лактоо үчүн бетине майлуу, полиуретандуу, интроцеллюлозалуу лак сүйкөлөт. Ийленип, бирок начар чыгып калган булгаары ичиликке жумшалат. 2. Ш а й м а н д ы к булгаарыдан кур, планшетка, сумка, ат шаймандары жасалат. Буга бодо малдын, чочконун териси керектелет. 3. Т е х н и к а л ы к булгаарыдан машина тетиктерине кыймыл бергич жана токуу станогун айландыргыч тасмалар, машина тетиктери (ызгыт, манжет жана башкалар) жана техникалык буюмдар даярдалат. 4. К и й и м-г а л а н т е р е я л ы к булгаары – хромдуу жана айкалыштырылган метод менен ийленип, өөн териден жасалган жумшак материал. Кийимдик булгаары көбүнчө кой, кээде чочко терисинен алынат. Галантереялык буюмдар (мээлей жана башкалар) кой, эчки, кулун, торопой, ит жана башкалардын терисинен даярдалган булгаарыдан жасалат. Кыргыздар мурда эле өтүк, кепич, маасы, тердик жана башкаларды жасаш үчүн атайын булгаары даярдашкан. Ал үчүн мал, кайберен терисин жыдытып, малмага ашатып, челдеп, ийлешкен. Тери ийи жеткен кезде бадан, ат кулак, ышкын, кымыздык, ындыз сыяктуу өсүмдүктөрдүн түбү (тамыры) же кабыгы (талдын, сары жыгачтын жана башкалар.) менен боёлгон. Боёлгон терини тебелеп же талкууга салып ийлеп, боёктун өӊү өчпөсүн үчүн ачык таш кошуп, тоборсугандан кургаганча ийленген. Жасалма булгаарыга плёнка сыяктуу каучук менен капталган нитроцеллюлоза, полиамид, поливинихлорид, полиуретан жана башкалар кирет. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] |
12:08, 16 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
БУЛГААРЫ – жаныбардын түгү алынган, ашатылган, була түзүлүшү сакталган териси. Ал керектелишине жараша механикалык, физикалык жана химиялык жол менен касиети өзгөртүлүп даярдалат. Ушуга ылайык булгаары 4 класска бөлүнөт. 1. Б у т к и й и м д и к жумшак булгаарыдан ички таман, таман, ички апкыт, ичилик, ал эми башы, кончу, апкыты түрдүү боёочу заттар менен иштетилген катуу булгаарыдан жасалат. Булгаары өӊдөө түрүнө, иштетүү мүнөзүнө, калыӊдыгына (1,75–7 мм), сортуна (4 сорт) жараша айырмаланат. Хром, таннид, синтан, кээде алюминий, цирконий жана башка бирикмелер кошулуп ийленет. Бут кийимдин сырты жасалуучу булгаары жумшак же лакталган болууга тийиш, ошон үчүн ага көбүнчө хром кошулуп ийленет, лактоо үчүн бетине майлуу, полиуретандуу, интроцеллюлозалуу лак сүйкөлөт. Ийленип, бирок начар чыгып калган булгаары ичиликке жумшалат. 2. Ш а й м а н д ы к булгаарыдан кур, планшетка, сумка, ат шаймандары жасалат. Буга бодо малдын, чочконун териси керектелет. 3. Т е х н и к а л ы к булгаарыдан машина тетиктерине кыймыл бергич жана токуу станогун айландыргыч тасмалар, машина тетиктери (ызгыт, манжет жана башкалар) жана техникалык буюмдар даярдалат. 4. К и й и м-г а л а н т е р е я л ы к булгаары – хромдуу жана айкалыштырылган метод менен ийленип, өөн териден жасалган жумшак материал. Кийимдик булгаары көбүнчө кой, кээде чочко терисинен алынат. Галантереялык буюмдар (мээлей жана башкалар) кой, эчки, кулун, торопой, ит жана башкалардын терисинен даярдалган булгаарыдан жасалат. Кыргыздар мурда эле өтүк, кепич, маасы, тердик жана башкаларды жасаш үчүн атайын булгаары даярдашкан. Ал үчүн мал, кайберен терисин жыдытып, малмага ашатып, челдеп, ийлешкен. Тери ийи жеткен кезде бадан, ат кулак, ышкын, кымыздык, ындыз сыяктуу өсүмдүктөрдүн түбү (тамыры) же кабыгы (талдын, сары жыгачтын жана башкалар.) менен боёлгон. Боёлгон терини тебелеп же талкууга салып ийлеп, боёктун өӊү өчпөсүн үчүн ачык таш кошуп, тоборсугандан кургаганча ийленген. Жасалма булгаарыга плёнка сыяктуу каучук менен капталган нитроцеллюлоза, полиамид, поливинихлорид, полиуретан жана башкалар кирет.