ЖЕТИ-ӨГҮЗ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЕТИ-ӨГҮЗ ӨРӨӨНҮ</b> Ысык-Көл ойдуңунда, Тескей Ала-Тоонун | <b type='title'>ЖЕТИ-ӨГҮЗ ӨРӨӨНҮ</b> Ысык-Көл ойдуңунда, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында, Жети-Өгүз суусунун алабында жайгашкан. Жети-Өгүз районунун аймагында. Аянты 63,0 <i>км</i><sup>2</sup>, узундугу 28,5 <i>км</i>, туурасы 8–11 <i>км</i>. Басымдуу бийиктиги 2000– 3500 <i>м</i>. Курортко чейин тепши сымал өрөөн, андан жогору V формасына өтүп, каптал өрөөн- | ||
[[File:ЖЕТИ-ӨГҮЗ ӨРӨӨНҮ18.png | thumb | | [[File:ЖЕТИ-ӨГҮЗ ӨРӨӨНҮ18.png | thumb | | ||
Өрөөндөгү «Жарылган-Жүрөк».]] дөр ж-а кокту-колоттор м-н тилмеленген. Өрөөн­дүн этек бөлүгү салааланган кургак сайлуу, дөңсөөлүү адырлардан турат. Жети-Өгүз кыш­ | Өрөөндөгү «Жарылган-Жүрөк».]] дөр ж-а кокту-колоттор м-н тилмеленген. Өрөөн­дүн этек бөлүгү салааланган кургак сайлуу, дөңсөөлүү адырлардан турат. Жети-Өгүз кыш­тагынан жогору чыга бергенде, суунун оң тарабында кенен Казанбак түздүгү, ал эми суунун сол та­рабында тик капталдуу Ак-Жар тектирлери (үчөө) жатат. Рельефи жалпысынан тоолуу; терең ж-а кууш каптал өрөөндөрү көп. Капчы­гай оозундагы адырлар улам жогорулаган са­йын анча бийик эмес (1800–2200 <i>м</i>) бөксө тоого, орто бийиктиктеги (2200–2800 <i>м</i>) тоолорго, тик капталдуу (30–50°) бийик (3000 <i>м</i>ден жогору) тоолорго өтөт. Өрөөн кооз ландшафттары ж-а курорт байлыгы м-н өзгөчөлөнөт. Табияты (то­койчулук чарбасынан жогору карай) өтө кооз. Суунун сол тарабынан Бөйрөк деген жерден орун алган <i>Жети-Өгүз курортунун</i> (2200–2400 <i>м</i>) аймагы, анын түндүк жагындагы Кызыл-Жар ас­касынын панорамасы өзүнүн табигый кооздугу м-н маалым. Ал эми чыгыш уландысы Кызыл- | ||
Үңкүр деп аталат. Асканын | Үңкүр деп аталат. Асканын түндүк капталы (ор­тосунан жарылган) жүрөк түспөлүндө болгон­дуктан, аны «Жарылган жүрөк» деп аташат. Ушул аска жаракалары экзодинамикалык (атмосфералык жаан-чачын, күндүн радиациясы, үбөлөнүү ж. б.) процесстердин таасиринен пайда болгон. Курорт­тон жогору өрдөй бергенде капчыгай 3–4 <i>км</i> ара­лыкка кууш тартып, андан чыга бергенде ши­берлүү Көк-Жайык түздүгүнө өтөт. Ал – Жети-Өгүз өрөөнүнүн кенен ж-а тегиз, көрктүү жайы. Бул жер­де кыргыздын улуттук оюндары өткөрүлүп кел­ген. Көк-Жайыктан жогору капчыгай кууш тар­тып, каптал өрөөндөр (Ат-Жайлоо, Асан-Тукум, Бай-Төр, Өөн-Төр, Кыргый-Уя, Телети, Аюу-Төр, Чуңкур-Төр, Ашуу-Төр ж. б.) м-н тилмеленген.<br>Өрөөндүн ооз жагы ж-а Жети-Өгүз курортунун аймагы палеоген-неогендин кум, чопо, конгло­мерат, шагыл таштан, Көк-Жайыктан жогору негизинен палеозойдун акиташ теги, гранит, сланец тектеринен түзүлгөн. Климаты мелүүн континенттик; июль айынын орточо температурасы 14,8°С, январдыкы –8,4°С. Жылдык жаан-ча­чыны 500–600 <i>мм</i>. Өрөөн аркылуу Жети-Өгүз суусу агып өтөт. Анын жайылмаларында ка­йың, тал, терек, чычырканак, ыргай, бөрү ка­рагат, ит мурун, жылгын ж. б. жыгач ж-а ба­дал өсүмдүктөрү жыш өсөт. 1800–2200 <i>м</i> бийик­тикте талаа, 2200–2800 карагайлуу токой, 2800– 3400 <i>м</i>де субальп ж-а альп шалбаа ландшафт­тары мүнөздүү. Карагайлуу токой негизинен тоонун түндүк капталдарынан орун алып, айрым жеринде чер токойду түзөт. Күнгөй беттеринде ж-а токой тилкесинен жогору арча өсөт. Деңиз деңгээлинен 3400 <i>м</i>ден жогору жагын кар, мөңгүлүү ас­калар ээлейт. Өрөөндө 1958-жылы Жети-Өгүз корук­часы уюшулган. Курорттун аймагынан мине­ралдуу булактар чыгат (к. <i>Жети-Өгүз мине­ралдуу суусу</i>). Аны Жети-Өгүз курорту пайда­ланат. | ||
Чуңкур-Төр, Ашуу-Төр ж. б.) м-н тилмеленген. | |||
<br>Өрөөндүн ооз жагы ж-а Жети-Өгүз курортунун аймагы палеоген-неогендин кум, чопо, конгло­мерат, шагыл таштан, Көк-Жайыктан жогору негизинен палеозойдун акиташ теги, гранит, сланец тектеринен түзүлгөн. Климаты мелүүн континенттик; июль айынын | |||
Ад.: <i>Забиров Р. Д.</i> Иссык-Куль (Физико-географи­ческий очерк). Ф., 1963; Почвы Иссык-Кульской об­ласти и пути их рационального использования. Ф., 1977; Озеро Иссык-Куль. Очерки по физической геог­рафии / Отв. ред. <i>В. Г. Королёв.</i> Ф., 1978; <i>Качаганов Ш.</i> Древние ледниковые комплексы горного обрамления Иссык-Куля // Северный Тянь-Шань в кайнозое. Ф., 1979; <i>Щиитников А. В.</i> Иссык-Куль // Природа, ох­рана и перспективы использования озера. Ф., 1979; Ысык-Көл облусу. Энциклопедия. Б., 1995. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | Ад.: <i>Забиров Р. Д.</i> Иссык-Куль (Физико-географи­ческий очерк). Ф., 1963; Почвы Иссык-Кульской об­ласти и пути их рационального использования. Ф., 1977; Озеро Иссык-Куль. Очерки по физической геог­рафии / Отв. ред. <i>В. Г. Королёв.</i> Ф., 1978; <i>Качаганов Ш.</i> Древние ледниковые комплексы горного обрамления Иссык-Куля // Северный Тянь-Шань в кайнозое. Ф., 1979; <i>Щиитников А. В.</i> Иссык-Куль // Природа, ох­рана и перспективы использования озера. Ф., 1979; Ысык-Көл облусу. Энциклопедия. Б., 1995. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
04:08, 17 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕТИ-ӨГҮЗ ӨРӨӨНҮ Ысык-Көл ойдуңунда, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында, Жети-Өгүз суусунун алабында жайгашкан. Жети-Өгүз районунун аймагында. Аянты 63,0 км2, узундугу 28,5 км, туурасы 8–11 км. Басымдуу бийиктиги 2000– 3500 м. Курортко чейин тепши сымал өрөөн, андан жогору V формасына өтүп, каптал өрөөн-

дөр ж-а кокту-колоттор м-н тилмеленген. Өрөөндүн этек бөлүгү салааланган кургак сайлуу, дөңсөөлүү адырлардан турат. Жети-Өгүз кыштагынан жогору чыга бергенде, суунун оң тарабында кенен Казанбак түздүгү, ал эми суунун сол тарабында тик капталдуу Ак-Жар тектирлери (үчөө) жатат. Рельефи жалпысынан тоолуу; терең ж-а кууш каптал өрөөндөрү көп. Капчыгай оозундагы адырлар улам жогорулаган сайын анча бийик эмес (1800–2200 м) бөксө тоого, орто бийиктиктеги (2200–2800 м) тоолорго, тик капталдуу (30–50°) бийик (3000 мден жогору) тоолорго өтөт. Өрөөн кооз ландшафттары ж-а курорт байлыгы м-н өзгөчөлөнөт. Табияты (токойчулук чарбасынан жогору карай) өтө кооз. Суунун сол тарабынан Бөйрөк деген жерден орун алган Жети-Өгүз курортунун (2200–2400 м) аймагы, анын түндүк жагындагы Кызыл-Жар аскасынын панорамасы өзүнүн табигый кооздугу м-н маалым. Ал эми чыгыш уландысы Кызыл-
Үңкүр деп аталат. Асканын түндүк капталы (ортосунан жарылган) жүрөк түспөлүндө болгондуктан, аны «Жарылган жүрөк» деп аташат. Ушул аска жаракалары экзодинамикалык (атмосфералык жаан-чачын, күндүн радиациясы, үбөлөнүү ж. б.) процесстердин таасиринен пайда болгон. Курорттон жогору өрдөй бергенде капчыгай 3–4 км аралыкка кууш тартып, андан чыга бергенде шиберлүү Көк-Жайык түздүгүнө өтөт. Ал – Жети-Өгүз өрөөнүнүн кенен ж-а тегиз, көрктүү жайы. Бул жерде кыргыздын улуттук оюндары өткөрүлүп келген. Көк-Жайыктан жогору капчыгай кууш тартып, каптал өрөөндөр (Ат-Жайлоо, Асан-Тукум, Бай-Төр, Өөн-Төр, Кыргый-Уя, Телети, Аюу-Төр, Чуңкур-Төр, Ашуу-Төр ж. б.) м-н тилмеленген.
Өрөөндүн ооз жагы ж-а Жети-Өгүз курортунун аймагы палеоген-неогендин кум, чопо, конгломерат, шагыл таштан, Көк-Жайыктан жогору негизинен палеозойдун акиташ теги, гранит, сланец тектеринен түзүлгөн. Климаты мелүүн континенттик; июль айынын орточо температурасы 14,8°С, январдыкы –8,4°С. Жылдык жаан-чачыны 500–600 мм. Өрөөн аркылуу Жети-Өгүз суусу агып өтөт. Анын жайылмаларында кайың, тал, терек, чычырканак, ыргай, бөрү карагат, ит мурун, жылгын ж. б. жыгач ж-а бадал өсүмдүктөрү жыш өсөт. 1800–2200 м бийиктикте талаа, 2200–2800 карагайлуу токой, 2800– 3400 мде субальп ж-а альп шалбаа ландшафттары мүнөздүү. Карагайлуу токой негизинен тоонун түндүк капталдарынан орун алып, айрым жеринде чер токойду түзөт. Күнгөй беттеринде ж-а токой тилкесинен жогору арча өсөт. Деңиз деңгээлинен 3400 мден жогору жагын кар, мөңгүлүү аскалар ээлейт. Өрөөндө 1958-жылы Жети-Өгүз корукчасы уюшулган. Курорттун аймагынан минералдуу булактар чыгат (к. Жети-Өгүз минералдуу суусу). Аны Жети-Өгүз курорту пайдаланат.
Ад.: Забиров Р. Д. Иссык-Куль (Физико-географический очерк). Ф., 1963; Почвы Иссык-Кульской области и пути их рационального использования. Ф., 1977; Озеро Иссык-Куль. Очерки по физической географии / Отв. ред. В. Г. Королёв. Ф., 1978; Качаганов Ш. Древние ледниковые комплексы горного обрамления Иссык-Куля // Северный Тянь-Шань в кайнозое. Ф., 1979; Щиитников А. В. Иссык-Куль // Природа, охрана и перспективы использования озера. Ф., 1979; Ысык-Көл облусу. Энциклопедия. Б., 1995.