ЖЕТИГЕН (уруу): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЕТИГЕН</b> – кыргыздардын сол канат тобунун курамындагы сегиз уруунун бири. | <b type='title'>ЖЕТИГЕН</b> – кыргыздардын сол канат тобунун курамындагы сегиз уруунун бири. Генеалогиялык ула­мыштар боюнча Жетигендер сол канат уруу бирикмеси­не сырттан келип кирген уруу катары түшүн­дүрүлөт. Анда бул уруунун түпкү атасы Молдо Ыбрайым (Нусуп) өз туугандары м-н башка эл­ден качып чыгып, жолдон кээ бир туугандары­нан айрылып, сол канаттагы кушчу уруусуна келип, ал уруунун курамына кошулуп калыш­кан. Ал эми анын айрым бир туугандары казак урууларына барып аралашат. Алардын ичинен Эшенкарек (чакыр) деген тууганы кыргыздын саяк уруусуна кошулуп, анын ичиндеги «чекир саяк» бутагынын түпкү атасына айланган. Жетиген уруусу жөнүндөгү тарыхый булактар маалыматтарга өтө жарды. Ошондуктан, бул уруунун генезиси­не арналган атайы эмгектер жокко эсе. Бирок, санжыраларда айтылып жүргөн маалыматтар­га таянып, Жетиген уруусу м-н чекир саяктардын ба­йыркы теги бир жерден чыкканын, ошондой эле бул уруулардын бир бөлүгү тектеш, кошуна элдер­дин курамына сиңип кеткен деп божомолдоого болот. Жетиген уруусу ич ара кыргый, кыбал деген уруктарга ажырайт. Этнограф С. М. Абрамзон­дун иликтөөлөрү боюнча бул урууга дагы бир «дер­биш» деп аталган урук кирет. 19-кылымдын бирин­чи жарымында канатташ кушчу уруусу м-н жайыт талашуудан келип чыккан чатактын натыйжасында Жетигендер жеңилип, бир бөлүгү жер которууга мажбур болгон. Ошондуктан, азыр­кы Жетиген уруусу чачкын жайгашкан. Жетигендердин кыбал уругунун тукуму негизинен Талас өрөө­нүнүн жогорку аймагын (Талас району) ж-а ага чектеш жаткан Чүй өрөөнүнүн төмөнкү чөлкө­мүн (Панфилов району) мекендешет. Ал эми кыргый ж-а дербиш уругунун өкүлдөрүнүн көбү са­рыбагыш, солто арасында болуп, Нарын облусу­нун Нарын, Кочкор, Чүй облусунун Кемин, Чүй, Сокулук райондорунда турушат. | ||
өтө жарды. Ошондуктан, бул уруунун генезиси­не арналган атайы эмгектер жокко эсе. Бирок, санжыраларда айтылып жүргөн маалыматтар­га таянып, | |||
жайыт талашуудан келип чыккан чатактын натыйжасында | |||
чектеш жаткан Чүй өрөөнүнүн төмөнкү чөлкө­мүн (Панфилов | |||
<i>Р. Жолдошов.</i> | |||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] |
04:59, 17 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
ЖЕТИГЕН – кыргыздардын сол канат тобунун курамындагы сегиз уруунун бири. Генеалогиялык уламыштар боюнча Жетигендер сол канат уруу бирикмесине сырттан келип кирген уруу катары түшүндүрүлөт. Анда бул уруунун түпкү атасы Молдо Ыбрайым (Нусуп) өз туугандары м-н башка элден качып чыгып, жолдон кээ бир туугандарынан айрылып, сол канаттагы кушчу уруусуна келип, ал уруунун курамына кошулуп калышкан. Ал эми анын айрым бир туугандары казак урууларына барып аралашат. Алардын ичинен Эшенкарек (чакыр) деген тууганы кыргыздын саяк уруусуна кошулуп, анын ичиндеги «чекир саяк» бутагынын түпкү атасына айланган. Жетиген уруусу жөнүндөгү тарыхый булактар маалыматтарга өтө жарды. Ошондуктан, бул уруунун генезисине арналган атайы эмгектер жокко эсе. Бирок, санжыраларда айтылып жүргөн маалыматтарга таянып, Жетиген уруусу м-н чекир саяктардын байыркы теги бир жерден чыкканын, ошондой эле бул уруулардын бир бөлүгү тектеш, кошуна элдердин курамына сиңип кеткен деп божомолдоого болот. Жетиген уруусу ич ара кыргый, кыбал деген уруктарга ажырайт. Этнограф С. М. Абрамзондун иликтөөлөрү боюнча бул урууга дагы бир «дербиш» деп аталган урук кирет. 19-кылымдын биринчи жарымында канатташ кушчу уруусу м-н жайыт талашуудан келип чыккан чатактын натыйжасында Жетигендер жеңилип, бир бөлүгү жер которууга мажбур болгон. Ошондуктан, азыркы Жетиген уруусу чачкын жайгашкан. Жетигендердин кыбал уругунун тукуму негизинен Талас өрөөнүнүн жогорку аймагын (Талас району) ж-а ага чектеш жаткан Чүй өрөөнүнүн төмөнкү чөлкөмүн (Панфилов району) мекендешет. Ал эми кыргый ж-а дербиш уругунун өкүлдөрүнүн көбү сарыбагыш, солто арасында болуп, Нарын облусунун Нарын, Кочкор, Чүй облусунун Кемин, Чүй, Сокулук райондорунда турушат.
Р. Жолдошов.