ЖЕТИГЕН (Аксы районун­дагы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

05:21, 17 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ЖЕТИГЕН – Жалал-Абад облусунун Аксы районун­дагы кыштак. Кербен айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1300 м бийиктикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Кербен шаарынан 2 км түндүк-батыш тарапта. Шамалды-Сай темир жол бекетинен 80 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 2052 (2022); негизинен мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Медпункт бар.