ЖУМУРТКА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖУМУРТКА</b> – уруктангандан кийин жаңы ор&shy;ганизм өрчүүчү энелик клетка; үй куштарынан алынуучу баалуу диеталык тамак-аш продук&shy;тусу. Жумуртка  сарысы, агы, чел кабык ж-а кабык&shy;тан турат. Жумуртканын морфологиялык  белгилери, физикалык ка&shy;сиеттери, химимлык  курамы куштун жашына, генетикалык өзгөчөлүгүнө, тоютуна ж-а багылышына жара&shy;ша болот. Бардык эле үй куштарынын жумурткалары лары формасы ж-а өлчөмү боюнча бирдей эмес. Жумуртка  алы&shy;нуучу тоок породаларынын жумурткасы  жумуртка эт багытындагы тооктун жумурткаларына караганда сүйрүрөөк (учтуураак) келет. Куш жумурткаларынын ичинен эң чоңу – каздын жумурткасы. Андан кийин&shy;ки орунда (чоңунан кичинесине карай алганда) күрп, өрдөк, тооктун жумурткалары. Куш жумурткаларынын салмагы: тооктуку 55–65 <i>г</i>, каздыкы 110–180 <i>г</i>, күрптүкү 110 <i>г</i>. Жумуртканын сарысы – эң баалуу бөлүгү. Ал – адам организмине керек белок, май, минерал заттар, ошондой  эле В, А, Д, Е витамин&shy;дерине бай. Жумутрканын сарысында адамдын орга&shy;низмине керек лецитин бар. Жумурткадагы минерал заттар: кальций, фосфор, магний, калий, хлор, натрий, темир ж. б. Жумуртка  организмге дээрлик толук сиңет. Каз, күрп, өрдөк жумурткалары тамак-&shy;ашка аз керектелип, көбүнчө балапан чыгаруу  үчүн жумшалат. [[Категория:3-том, 327-448 бб]]
<b type='title'>ЖУМУРТКА</b> – уруктангандан кийин жаңы ор&shy;ганизм өрчүүчү энелик клетка; үй куштарынан алынуучу баалуу диеталык тамак-аш продук&shy;тусу. Жумуртка  сарысы, агы, чел кабык ж-а кабык&shy;тан турат. Жумуртканын морфологиялык  белгилери, физикалык ка&shy;сиеттери, химимлык  курамы куштун жашына, генетикалык өзгөчөлүгүнө, тоютуна ж-а багылышына жара&shy;ша болот. Бардык эле үй куштарынын жумурткалары формасы ж-а өлчөмү боюнча бирдей эмес. Жумуртка  алы&shy;нуучу тоок породаларынын жумурткасы  жумуртка - эт багытындагы тооктун жумурткаларына караганда сүйрүрөөк (учтуураак) келет. Куш жумурткаларынын ичинен эң чоңу – каздын жумурткасы. Андан кийин&shy;ки орунда (чоңунан кичинесине карай алганда) күрп, өрдөк, тооктун жумурткалары. Куш жумурткаларынын салмагы: тооктуку 55–65 <i>г</i>, каздыкы 110–180 <i>г</i>, күрптүкү 110 <i>г</i>. Жумуртканын сарысы – эң баалуу бөлүгү. Ал – адам организмине керек белок, май, минерал заттар, ошондой  эле В, А, Д, Е витамин&shy;дерине бай. Жумутрканын сарысында адамдын орга&shy;низмине керек лецитин бар. Жумурткадагы минерал заттар: кальций, фосфор, магний, калий, хлор, натрий, темир ж. б. Жумуртка  организмге дээрлик толук сиңет. Каз, күрп, өрдөк жумурткалары тамак-&shy;ашка аз керектелип, көбүнчө балапан чыгаруу  үчүн жумшалат. [[Категория:3-том, 327-448 бб]]

08:53, 17 Июль (Теке) 2025 -деги абалы

ЖУМУРТКА – уруктангандан кийин жаңы ор­ганизм өрчүүчү энелик клетка; үй куштарынан алынуучу баалуу диеталык тамак-аш продук­тусу. Жумуртка сарысы, агы, чел кабык ж-а кабык­тан турат. Жумуртканын морфологиялык белгилери, физикалык ка­сиеттери, химимлык курамы куштун жашына, генетикалык өзгөчөлүгүнө, тоютуна ж-а багылышына жара­ша болот. Бардык эле үй куштарынын жумурткалары формасы ж-а өлчөмү боюнча бирдей эмес. Жумуртка алы­нуучу тоок породаларынын жумурткасы жумуртка - эт багытындагы тооктун жумурткаларына караганда сүйрүрөөк (учтуураак) келет. Куш жумурткаларынын ичинен эң чоңу – каздын жумурткасы. Андан кийин­ки орунда (чоңунан кичинесине карай алганда) күрп, өрдөк, тооктун жумурткалары. Куш жумурткаларынын салмагы: тооктуку 55–65 г, каздыкы 110–180 г, күрптүкү 110 г. Жумуртканын сарысы – эң баалуу бөлүгү. Ал – адам организмине керек белок, май, минерал заттар, ошондой эле В, А, Д, Е витамин­дерине бай. Жумутрканын сарысында адамдын орга­низмине керек лецитин бар. Жумурткадагы минерал заттар: кальций, фосфор, магний, калий, хлор, натрий, темир ж. б. Жумуртка организмге дээрлик толук сиңет. Каз, күрп, өрдөк жумурткалары тамак-­ашка аз керектелип, көбүнчө балапан чыгаруу үчүн жумшалат.