ИСАБАЕВ Чалагыз: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Lera moved page ИСАБАЕВ to ИСАБАЕВ Чалагыз) |
(Айырма жок)
|
09:00, 17 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ИСАБАЕВ Чалагыз (4. 3. 1937‚ Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району‚ Темир айылы – 17. 5. 1991‚ Бишкек) – комузчу‚ кыл кыякчы‚ педагог‚ Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1973). Фрунзедеги (азыркы Бишкек ш.) М. Күрөңкөев атындагы музыкалык.-хореографиялык окуу жайын бүткөндөн (1957) Кыргыз мамлекеттик филармониясынын К. Орозов атындагы кыргыз эл аспаптар оркестринде иштеген. 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүнө катышкан.

1972-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүткөн. 1983-жылы ошол институтта комуз классын ачып‚ анда өмүрүнүн акырына чейин иштеген. Токтогул‚ Карамолдо‚ Ыбырай‚ Атай‚ Ныязалы‚ Айдаралы‚ Шекербек жана башка залкар комузчулардын күүлөрүн комузчулар ансамбли үчүн иштеп чыккан. Кыргыздын байыркы музыкалык аспаптары: чоор‚ чопо чоор‚ жыгач ооз комуз‚ кыл кыяк‚ аса таяк‚ коңгуроо‚ доол‚ сыбызгы жана башкаларды уста О. Кенчинбаевге жасатып‚ «Камбаркан» этнография-фольклордук ансамблди уюштурган (1987). Өзүнүн сөзүнө жазылган «Жаштык кезге»‚ «Биздин сүйүү»‚ «Кыздын үнү»‚ «Фрунзенин оттору» жана башка ырлардын автору. Жаш комузчулар жана студенттер үчүн «Комуздун тандалма күүлөрү» аттуу туңгуч хрестоматияны түзгөн. Комузчулар ансамбли‚ «Камбаркан» тобу менен дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө гастролдо болгон.