ИСАЕВ Аскар: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
м (Lera moved page ИСАЕВ 2 to ИСАЕВ Аскар)
 
(Айырма жок)

09:01, 17 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ИСАЕВ Аскар [15. 3. 1931-жылы туулган, Кызыл-Аскер району, Кызыл-Аскер кыштагы (азыркы Бишкек ш.) – 22. 8. 2016. Бишкек] – архитектор, акын, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген архитектору (1974). Кыргыз Республикасынын архитектура жана ку­рулуш академиясынын ар­дактуу академиги (2005). Москва архитектура институтун бүт­көн (1955).

1956–1959-жылдары «Кыргыздолбоор» жана «Фрун­зе шаардык долбоор» институт­тарында архитектор, 1959–1961-жылдары Кыргызстан архитектор­лор союзунун башкармасы­нын төрагасы (1959–1961), Фрунзе шаарынын башкы архитектору (1968–1971), «Фрунзе шаардык долбоор» институтунда өнөркана жетекчиси (1972–1986). Исаевдин чет өлкөлөрдө (Си­рия, Алжир, Ирак, Германия, Швейцария) өткөрүлгөн бүткүл дүйнөлүк көргөзмөлөрдөгү кыргыз павильондору алтын медалдарга татык­туу болгон. Ал жетектеген ¹ 3 өнөркананын архитекторлорунун долбоору боюнча Өкмөт Үйү ку­рулган (1974). Исаевдин эмгектери: Бишкектеги бай­ланыш үйү куранты менен (1980), Эркиндик буль­варындагы «Сейил» рестораны (1970), Совет көчөсүндөгү 10 кабат турак үй (1973), В. И. Ле­ниндин эстелиги (айкелчилери А.Кибальников, Т. Садыков, 1984), М. Фрунзенин эстелиги (айкелчилери А. Посядо, В. Дубиновский 1960–1970), Т. Сатылгановдун эстелиги (айкелчиси Г. Айтиев, 1960–1974), Ч. Айтматов атындагы паркта­гы түбөлүк от (1970) жана башкалар. Исаев лирик акын катары да

Бишкектеги байланыш үйү. Архитектор А.Исаев. 1974.

таанымал. «Таң сыры» (1980), «Жаңы­рык» (1984) ыр жыйнактары жарык көргөн, «Сары-Челек», «Эңсөө», «Элегия», «Жаш курак» жана башка ырларына музыка жазылган. «Ардак Бел­гиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.