ЖУНУСОВА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

09:01, 17 Июль (Теке) 2025 -деги абалы

ЖУНУСОВА Мира Карбековна (21. 5. 1951-ж.ылы туулган, Фрунзе) – айыл чарба илимдеринин доктору (2007). КМУнун биология факультетин бүтүргөн (1973). Эмгек жолун Кыргызстан дыйканчылык ИИИде лаборант болуп башта­ган. 1976–79-ж. СССР ИАнын Сибирь бөлүмү­нүн Генетика ж-а цитология ИИИде аспирант. 1979–81-ж. Кыргызстан дыйканчылык ИИИге ка­раштуу Ысык-Көл тажрыйба-селекция станция­сында илимий кызматкер. 1981–91-ж. Кыргызстан дый­канчылык ИИИде улук илимий кызматкер ж-а био­технология лаборавториясында бөлүм башчы. 1991– 96-ж. К. И. Скрябин атындагы КАЧИде биология ка­федрасында доцент, кафедра башчысы, 1996- жылдан Кыргызстан дыйканчылык ИИИде бөлүм башчы. 2004-жылдан Кант р-нундагы «МИС» айыл чарба кооперативинде бөлүм башчы, ошол эле мез­гилде КАУда профессор. Чет элдик программа­лар м-н иштеген. Илимий эмгектери генетика, био­технология, селекция ж-а үрөнчүлүк маселе­лерине арналган. Ал – 80ден ашык ил. эмгек­тин ж-а буудайдын 11 сортунун автору.

Эмг.: Генетические основы создания короткосте­бельных сортов пшеницы для орошаемых условий Кыргызстана. Б., 2002; Выращивание зерновых культур. Б., 2002.