КАЙЫПОВ Жолдубай: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Lera moved page КАЙЫПОВ 2 to КАЙЫПОВ Жолдубай) |
(Айырма жок)
|
09:41, 17 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
КАЙЫПОВ Жолдубай (11. 8. 1946, Нарын облусу, Ат-Башы району, Жаңы-Күч айылы – 30. 3. 1984, ошол эле жер) – обончу, аткаруучу, диктор. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1981). Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүткөн (1974). А. Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет т еатрында солист (1965–1973) , Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде жогорку категориядагы диктор (1974–1984). Орто Азия республикалар аралык «Эң мыкты диктор» конкурсунун жеңүүчүсү.

70тей обондун автору. Анын «Мекеним», «Атам менен энеме», «Көл үстүндө», «Айтылбай калган махабат», «Жашчылык», «Алгач сүйүү», «Ала-Тоону сагынам», «Кел бийлейли, ырдайлы» жана башка ырлары белгилүү. «Ырлар» аттуу ыр-обондор жыйнагы жарыкка чыккан (1984). Жаңы- Күч айылынын мектебине ысмы (1991) берилген.