ЖЫЛДЫЗ ЧОҢДУГУ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЫЛДЫЗ ЧОҢДУГУ</b> – жылдыз же асман те­лосунун жаркыроо чени. Б. з. ч. 2-к-да Гип­парх куралсыз көзгө көрүнгөн жылдыздарды 6 топко бөлгөн, эң жаркырак жылдыздарды 1-чоңдукка, эң начарын 6-чоңдукка киргизип, калгандарын 2-, 3-, 4-, 5-чоңдуктарга ылайык­таган. Бир чоңдуктан экинчисине өткөндө жар­кыроонун өзгөрүшү көзгө бирдей болуп көрүнөт, кийин фотометриялык өлчөмдүн жардамы м-н 1-чоңдуктагы жылдыздын жаркыроосунун 6- | <b type='title'>ЖЫЛДЫЗ ЧОҢДУГУ</b> – жылдыз же асман те­лосунун жаркыроо чени. Б. з. ч. 2-к-да Гип­парх куралсыз көзгө көрүнгөн жылдыздарды 6 топко бөлгөн, эң жаркырак жылдыздарды 1-чоңдукка, эң начарын 6-чоңдукка киргизип, калгандарын 2-, 3-, 4-, 5-чоңдуктарга ылайык­таган. Бир чоңдуктан экинчисине өткөндө жар­кыроонун өзгөрүшү көзгө бирдей болуп көрүнөт, кийин фотометриялык өлчөмдүн жардамы м-н 1-чоңдуктагы жылдыздын жаркыроосунун 6-чоңдуктагы жылдызга болгон катышы 100гө барабар экендиги аныкталган. Бул катыш жылдыз чоңдугунун 5 интервалына туура келгендиктен, жа­наша чоңдуктагы эки жылдыздын жаркырак­тыгынын катышы <sup>5 </sup>100 = 2,512ге барабар. Эгер <i>Е</i><sub>1 </sub>ж-а <i>Е</i><sub>2 </sub>эки жылдыздын жарыктанышы, <i>m</i><sub>1 </sub>ж-а <i>m</i><sub>2 </sub>– аларды жылдызы чоңдугу болсо, анда алардын катышы <i>Е</i><sub>1</sub>/ <i>Е</i><sub>2 </sub>= 2,512 (<i>m</i><sub>1</sub>– <i>m</i><sub>2</sub>) болот. Мын­дан жылдыздын жаркырактыгы чоң болсо, анын чоңдугунун сан мааниси кичине болору келип чыгат. Абдан жаркырак жылдыздын жылдызы чоңдугу нөл же терс сан, абдан начар жылдыз чоңдугу оң сан м-н туюнтулат. Мисалы, эң жарык жылдыз Сириус­тун жылдыз чоңдугу <i>m</i>= –1,46; Күндүкү <i>m</i>= –26,78 ; толгон Айдыкы <i>m</i>= –12,712 ; эң начар жылдыздыкы <i>m</i> = 23 ж. б. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] |
03:44, 18 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫЛДЫЗ ЧОҢДУГУ – жылдыз же асман телосунун жаркыроо чени. Б. з. ч. 2-к-да Гиппарх куралсыз көзгө көрүнгөн жылдыздарды 6 топко бөлгөн, эң жаркырак жылдыздарды 1-чоңдукка, эң начарын 6-чоңдукка киргизип, калгандарын 2-, 3-, 4-, 5-чоңдуктарга ылайыктаган. Бир чоңдуктан экинчисине өткөндө жаркыроонун өзгөрүшү көзгө бирдей болуп көрүнөт, кийин фотометриялык өлчөмдүн жардамы м-н 1-чоңдуктагы жылдыздын жаркыроосунун 6-чоңдуктагы жылдызга болгон катышы 100гө барабар экендиги аныкталган. Бул катыш жылдыз чоңдугунун 5 интервалына туура келгендиктен, жанаша чоңдуктагы эки жылдыздын жаркырактыгынын катышы 5 100 = 2,512ге барабар. Эгер Е1 ж-а Е2 эки жылдыздын жарыктанышы, m1 ж-а m2 – аларды жылдызы чоңдугу болсо, анда алардын катышы Е1/ Е2 = 2,512 (m1– m2) болот. Мындан жылдыздын жаркырактыгы чоң болсо, анын чоңдугунун сан мааниси кичине болору келип чыгат. Абдан жаркырак жылдыздын жылдызы чоңдугу нөл же терс сан, абдан начар жылдыз чоңдугу оң сан м-н туюнтулат. Мисалы, эң жарык жылдыз Сириустун жылдыз чоңдугу m= –1,46; Күндүкү m= –26,78 ; толгон Айдыкы m= –12,712 ; эң начар жылдыздыкы m = 23 ж. б.