ЖЫЛДЫЗДАР ЭВОЛЮЦИЯСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЫЛДЫЗДАР ЭВОЛЮЦИЯСЫ</b> , ж ы л д ы з­д а р ө ө р ч ү ш ү – убакыттын өтүшү м-н | <b type='title'>ЖЫЛДЫЗДАР ЭВОЛЮЦИЯСЫ</b> , ж ы л д ы з­ д а р ө ө р ч ү ш ү – убакыттын өтүшү м-н | ||
жылдыздардын | жылдыздардын физикалык мүнөздөмөлөрүнүн ж-а химиялык курамынын өзгөрүшү. Жаратылыштагы бардык объектилер сыяктуу эле жылдыздар пайда бо­лот, өнүгөт, акырында «өлөт». Жылдыздардын «өмүрү» анын массасына көз каранды. Массасы Күндүкүнөн кичине жылдыздар узак (ондогон млрд жылдар бою) жашайт, себеби массасы ан­чалык чоң болбогондуктан, гравитация күчүнө жылдыздардын түпкүрүндө жүрүп жаткан яд­ролук реакция тең салмакта турат. Массасы чоң жылдыздар тез «карыйт», мисалы, массасы Күн­дүкүнөн 15 эсе чоң жылдыздар энергия запасын 10 млн жылда эле «түгөтүп» алат. Дээрлик бар­дык жылдыздар өмүр бою температурасы м-н өл­чөмдөрүн өзгөртпөй сактайт. Бирок борбордук бөлү­гүндөгү суутек гелийге айланып бүткөндө жыл­дыз өзгөрө баштайт. Анын өлчөмү чоңоюп, чы­гарган энергиясы өсүп, кызыл алпка айланат. Борбордук бөлүгүндөгү темп-расы 100 млн градуска чейин көтөрүлүп, ядродогу гелий көмүртекке ай­ланат. Кийин алптын тышкы катмары бөлү­нүп кетиши мүмкүн, анда жылдыз планеталык тумандуулуктун газ алкагында калат. Акырын­да жылдыз кысылып, сууп бараткан ак ки­дикке айланат. Массасы Күндүкүнөн 1,4 эсе чоң жылдыздар ак кидикке айлангандан кийин. кысылуусун токтото албай калат. Гравитация күчүнүн кысуусунан электрон м-н протондордун өз ара аракети бардык массаны нейтронго ай­ландыруусунан нейтрон жылдызы пайда болот. Эгерде жылдыздын массасы же тышкы катма­ры бөлүнүп кеткенден кийинки калдыгы Күн массасынан 3–5 эсе чоң болсо, анда кысылуу процесси нейтрондук жылдызга айлангандан кийин да токтобойт, кысылуунун эбегейсиз күчү м-н кара көңдөйгө айланат. | ||
«өмүрү» анын массасына көз каранды. Массасы Күндүкүнөн кичине жылдыздар узак (ондогон млрд жылдар бою) жашайт, себеби массасы ан­чалык чоң болбогондуктан, гравитация күчүнө | |||
жылдыздардын түпкүрүндө жүрүп жаткан яд­ролук реакция тең салмакта турат. Массасы чоң жылдыздар тез «карыйт», | |||
чейин көтөрүлүп, ядродогу гелий көмүртекке ай­ланат. Кийин алптын тышкы катмары бөлү­нүп кетиши мүмкүн, анда жылдыз планеталык тумандуулуктун газ алкагында калат. Акырын­да жылдыз кысылып, сууп бараткан ак ки­дикке айланат. Массасы Күндүкүнөн 1,4 эсе чоң жылдыздар ак кидикке айлангандан кийин. кысылуусун токтото албай калат. Гравитация күчүнүн кысуусунан электрон м-н протондордун | |||
өз ара аракети бардык массаны нейтронго ай­ландыруусунан нейтрон жылдызы пайда болот. Эгерде жылдыздын массасы же тышкы катма­ры бөлүнүп кеткенден кийинки калдыгы Күн массасынан 3–5 эсе чоң болсо, анда кысылуу процесси нейтрондук жылдызга айлангандан кийин да токтобойт, кысылуунун эбегейсиз күчү м-н кара көңдөйгө айланат. | |||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] | [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
03:57, 18 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
ЖЫЛДЫЗДАР ЭВОЛЮЦИЯСЫ , ж ы л д ы з д а р ө ө р ч ү ш ү – убакыттын өтүшү м-н жылдыздардын физикалык мүнөздөмөлөрүнүн ж-а химиялык курамынын өзгөрүшү. Жаратылыштагы бардык объектилер сыяктуу эле жылдыздар пайда болот, өнүгөт, акырында «өлөт». Жылдыздардын «өмүрү» анын массасына көз каранды. Массасы Күндүкүнөн кичине жылдыздар узак (ондогон млрд жылдар бою) жашайт, себеби массасы анчалык чоң болбогондуктан, гравитация күчүнө жылдыздардын түпкүрүндө жүрүп жаткан ядролук реакция тең салмакта турат. Массасы чоң жылдыздар тез «карыйт», мисалы, массасы Күндүкүнөн 15 эсе чоң жылдыздар энергия запасын 10 млн жылда эле «түгөтүп» алат. Дээрлик бардык жылдыздар өмүр бою температурасы м-н өлчөмдөрүн өзгөртпөй сактайт. Бирок борбордук бөлүгүндөгү суутек гелийге айланып бүткөндө жылдыз өзгөрө баштайт. Анын өлчөмү чоңоюп, чыгарган энергиясы өсүп, кызыл алпка айланат. Борбордук бөлүгүндөгү темп-расы 100 млн градуска чейин көтөрүлүп, ядродогу гелий көмүртекке айланат. Кийин алптын тышкы катмары бөлүнүп кетиши мүмкүн, анда жылдыз планеталык тумандуулуктун газ алкагында калат. Акырында жылдыз кысылып, сууп бараткан ак кидикке айланат. Массасы Күндүкүнөн 1,4 эсе чоң жылдыздар ак кидикке айлангандан кийин. кысылуусун токтото албай калат. Гравитация күчүнүн кысуусунан электрон м-н протондордун өз ара аракети бардык массаны нейтронго айландыруусунан нейтрон жылдызы пайда болот. Эгерде жылдыздын массасы же тышкы катмары бөлүнүп кеткенден кийинки калдыгы Күн массасынан 3–5 эсе чоң болсо, анда кысылуу процесси нейтрондук жылдызга айлангандан кийин да токтобойт, кысылуунун эбегейсиз күчү м-н кара көңдөйгө айланат.