ЖИРМУНСКИЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖИРМУ́НСКИЙ</b> Виктор Максимович [21. 7(2. | <b type='title'>ЖИРМУ́НСКИЙ</b> '''Виктор Максимович''' [21. 7(2.8). 1891, Петербург – 31. 1. 1971, Ленинград] – филолог, СССР ИАнын академиги (1966), Ле­нинград мамлекеттик университетинин профессору (1919), Оксфорд, Краков, Гумбольдт атындагы Берлин ж-а Карл (Пра­га) университеттеринин ардактуу доктору, советтик герма­нистиканын негиздөөчүсү. Жирмунский герман, түрк ж-а жалпы тил илиминин, батыш ж-а орус адабиятта­рынын тарыхы, теориясы, поэтикасы, ыр түзүлүшү, фольклору, чыгыш элдери­нин эпосу боюнча баалуу эмгек­терди жараткан: «Немец ро­мантизми жана азыркы мис­тика» (1914), «А. Блоктун поэзиясы» (1921), «В. Брю­сов жана Пушкиндин мура­сы» (1922), «Рифма, анын тарыхы жана теориясы» | ||
8). 1891, Петербург – 31. 1. 1971, Ленинград] – филолог, СССР ИАнын академиги (1966), Ле­нинград | |||
[[File:ЖИРМУНСКИЙ33.png | thumb | none]] | [[File:ЖИРМУНСКИЙ33.png | thumb | none]] | ||
(1923), «Байрон жана Пушкин» (1924), «Ада­бият теориясынын маселелери» (1928), «Улут­тук тил жана социалдык диалектилер» (1936), | (1923), «Байрон жана Пушкин» (1924), «Ада­бият теориясынын маселелери» (1928), «Улут­тук тил жана социалдык диалектилер» (1936), «Гёте орус адабиятында» (1937), «Элдик баатыр­дык эпос» (1962), «Немец диалектологиясы» (1956) ж. б. Ал Орто Азия элдеринин оозеки чыгармачы­лыгын изилдеп, «Өзбек элинин баатырдык эпо­су» (1947, Х. Т. Зарифов м-н бирдикте), «”Ма­нас” эпосун изилдөөгө киришүү» (1948), «Алпа­мыш жөнүндө улуу сөз жана баатырдык жо­мок» (1960) сыяктуу белгилүү эмгектерди жаз­ган. «”Манас” эпосун изилдөөгө киришүү» де­ген эмгегинде «Манас» айтуучуларды Ысык-Көл ж-а Тянь-Шань мектеби деп экиге бөлөт да, ай­туучулардын варианттарындагы окшоштуктар­ды ж-а айырмачылыктарды далилдеген. Эпо­пеянын жаралышы, идеясы ж-а образдык түзүлүшү туурасында ой жүгүртүп, башка түрк элдеринин эпосторуна караганда, кыргыз эпо­сунда эпикалык салт өтө күчтүү өнүккөнүн бел­гилеген. Ошондой эле эпостун келип чыгышы ж-а кай­сы доорго тиешелүү экени жөнүндө да кызык да­лилдерди келтирип, көркөм дөөлөттөрдү тары­хый-типологиялык аспекттен изилдөө ишин биринчи планга койгон. Жирмунский Берлиндеги Герман ИАнын (1956), Британ ИАнын (1962), Дания ИАнын (1967) ж-а Бавария ИАнын корреспондент-мүчөсү (1970) болгон. Ленин ордени м-н сыйланган. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
«Гёте орус адабиятында» (1937), «Элдик баатыр­дык эпос» (1962), «Немец диалектологиясы» (1956) ж. б. Ал | |||
04:08, 18 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖИРМУ́НСКИЙ Виктор Максимович [21. 7(2.8). 1891, Петербург – 31. 1. 1971, Ленинград] – филолог, СССР ИАнын академиги (1966), Ленинград мамлекеттик университетинин профессору (1919), Оксфорд, Краков, Гумбольдт атындагы Берлин ж-а Карл (Прага) университеттеринин ардактуу доктору, советтик германистиканын негиздөөчүсү. Жирмунский герман, түрк ж-а жалпы тил илиминин, батыш ж-а орус адабияттарынын тарыхы, теориясы, поэтикасы, ыр түзүлүшү, фольклору, чыгыш элдеринин эпосу боюнча баалуу эмгектерди жараткан: «Немец романтизми жана азыркы мистика» (1914), «А. Блоктун поэзиясы» (1921), «В. Брюсов жана Пушкиндин мурасы» (1922), «Рифма, анын тарыхы жана теориясы»

(1923), «Байрон жана Пушкин» (1924), «Адабият теориясынын маселелери» (1928), «Улуттук тил жана социалдык диалектилер» (1936), «Гёте орус адабиятында» (1937), «Элдик баатырдык эпос» (1962), «Немец диалектологиясы» (1956) ж. б. Ал Орто Азия элдеринин оозеки чыгармачылыгын изилдеп, «Өзбек элинин баатырдык эпосу» (1947, Х. Т. Зарифов м-н бирдикте), «”Манас” эпосун изилдөөгө киришүү» (1948), «Алпамыш жөнүндө улуу сөз жана баатырдык жомок» (1960) сыяктуу белгилүү эмгектерди жазган. «”Манас” эпосун изилдөөгө киришүү» деген эмгегинде «Манас» айтуучуларды Ысык-Көл ж-а Тянь-Шань мектеби деп экиге бөлөт да, айтуучулардын варианттарындагы окшоштуктарды ж-а айырмачылыктарды далилдеген. Эпопеянын жаралышы, идеясы ж-а образдык түзүлүшү туурасында ой жүгүртүп, башка түрк элдеринин эпосторуна караганда, кыргыз эпосунда эпикалык салт өтө күчтүү өнүккөнүн белгилеген. Ошондой эле эпостун келип чыгышы ж-а кайсы доорго тиешелүү экени жөнүндө да кызык далилдерди келтирип, көркөм дөөлөттөрдү тарыхый-типологиялык аспекттен изилдөө ишин биринчи планга койгон. Жирмунский Берлиндеги Герман ИАнын (1956), Британ ИАнын (1962), Дания ИАнын (1967) ж-а Бавария ИАнын корреспондент-мүчөсү (1970) болгон. Ленин ордени м-н сыйланган.