ЖЫШТЫК ӨЗГӨРТКҮЧ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЫШТЫК ӨЗГӨРТКҮЧ</b> (преобразователь час­тоты) – 1) э л е к т р т е х н и к а с ы н д а – электр чыңалуусунун (тогунун) жыштыгын | <b type='title'>ЖЫШТЫК ӨЗГӨРТКҮЧ</b> (преобразователь час­тоты) – 1) э л е к т р т е х н и к а с ы н д а – электр чыңалуусунун (тогунун) жыштыгын өзгөртүүчү түзүлүш. Электр кыймыл бергичте­ринин ж-а магниттик күчөткүчтөрүнүн жөнгө салуучу системаларында, эки же андан көп ар кандай жыштыктагы өзгөрүлмө токтун систе­масын тууралоо үчүн колдонулат. Жыштык өзгөрткүч стати­калык, электр машиналык, айкалыштырылган түрдө жасалат ж-а электр-магниттик, вентил­дик болуп ажыратылат. Вентилдик жыштык өзгөрткүч ке­ңири таралган ж-а вентиль катары транзистор­лор м-н тиристорлор колдонулат. Транзистор­дук негизинен радиотехникада, тиристордук өзгөрүлмө токтун өнөр жайлык кубаттуу электр кыймыл бергичтеринде, жыштыкты ж-а чы­ңалууну акырындап жөнгө салууда колдону­лат. 2) р а д и о т е х н и к а д а – башка толкундардын таасири м-н радио сигналдар­дын келишин өзгөртүүчү электрондук түзүлүш, супергетеродиндүү радио кабылдооч түйүнү. Ал аралаштыргычтан ж-а гетеродинден турат. Мында жогорку жыштыктуу термелүүдөн орто аралык термелүүлөр (негизинен өтө төмөн) түзүлөт. | ||
өзгөртүүчү түзүлүш. Электр кыймыл бергичте­ринин ж-а магниттик күчөткүчтөрүнүн жөнгө салуучу системаларында, эки же андан көп ар кандай жыштыктагы өзгөрүлмө токтун систе­масын тууралоо үчүн колдонулат. | [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
өзгөрүлмө токтун | |||
06:43, 18 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫШТЫК ӨЗГӨРТКҮЧ (преобразователь частоты) – 1) э л е к т р т е х н и к а с ы н д а – электр чыңалуусунун (тогунун) жыштыгын өзгөртүүчү түзүлүш. Электр кыймыл бергичтеринин ж-а магниттик күчөткүчтөрүнүн жөнгө салуучу системаларында, эки же андан көп ар кандай жыштыктагы өзгөрүлмө токтун системасын тууралоо үчүн колдонулат. Жыштык өзгөрткүч статикалык, электр машиналык, айкалыштырылган түрдө жасалат ж-а электр-магниттик, вентилдик болуп ажыратылат. Вентилдик жыштык өзгөрткүч кеңири таралган ж-а вентиль катары транзисторлор м-н тиристорлор колдонулат. Транзистордук негизинен радиотехникада, тиристордук өзгөрүлмө токтун өнөр жайлык кубаттуу электр кыймыл бергичтеринде, жыштыкты ж-а чыңалууну акырындап жөнгө салууда колдонулат. 2) р а д и о т е х н и к а д а – башка толкундардын таасири м-н радио сигналдардын келишин өзгөртүүчү электрондук түзүлүш, супергетеродиндүү радио кабылдооч түйүнү. Ал аралаштыргычтан ж-а гетеродинден турат. Мында жогорку жыштыктуу термелүүдөн орто аралык термелүүлөр (негизинен өтө төмөн) түзүлөт.