ЖЭЭК КЫЗЫЛ ОТУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЭЭК КЫЗЫЛ ОТУ</b> – дан уруктуулар тукуму­на кирүүчү көп жылдык чөп. Сабагынын | <b type='title'>ЖЭЭК КЫЗЫЛ ОТУ</b> – дан уруктуулар тукуму­на кирүүчү көп жылдык чөп. Сабагынын бийиктиги 100–130 <i>см</i>,жалбырактары ичке, 30–45 <i>см</i> узун­дукта келип, сабагынын түп жагына жайгаш­кан. Жалбырактары сыртынан көп анча эмес түкчөлөр м-н капталган. Тамыры сойлобойт, көпшөк. Жапайы түрү Кыргзстан аймагында кез­дешпейт. Негизги таралган аймагы – Кавказ, КМШ өлкөлөрүнүн, Европанын шалбаалуу та­лааларынын дөңсөөлөрү. Республикада чөп аралаш­масына кошуу ж-а жайыт үчүн колдонуу мак­сатында селекциялык жол менен «Жылдыз» деген сорту чыгарылып, 1989-жылы республиканын тоолуу аймактарына жайыт чөбү катары пайда­лануу үчүн эгилген (автору Ш. Т. Токтогожоев). Тоолуу жайыттын сугат жеринде 4 жолу, кай­рак жерде 2 жолу мал жайса болот. Жашыл чөбүнүн түшүмү 4 жолу пайдаланууда гектары­нан 300–350 <i>ц</i>ди түзүп, 20–25% протеин кар­майт. Мал жайылгандан кийин 20–25 күндө эле кайрадан мал оттоого жарап калат. Тоолуу ай­макта эспарцет чөбү м-н аралаш себилсе, бир убакта чаап алса болот. Уругу август айынын биринчи он күндүгүндө бышып, гектарына 2– 2,5 <i>ц</i> түзөт, ал эми Чүй өрөөнүндө июнь айы­нын ортосуна туура келет. | ||
чөбүнүн түшүмү 4 жолу пайдаланууда гектары­нан 300–350 <i>ц</i>ди түзүп, 20–25% протеин кар­майт. Мал жайылгандан кийин 20–25 күндө эле кайрадан мал оттоого жарап калат. Тоолуу ай­макта эспарцет чөбү м-н аралаш себилсе, бир убакта чаап алса болот. Уругу август айынын биринчи он күндүгүндө бышып, гектарына 2– 2,5 <i>ц</i> түзөт, ал эми Чүй өрөөнүндө июнь айы­нын ортосуна туура келет. | |||
6 сап: | 5 сап: | ||
Ад.: <i>Токтогожоев Ш. Т.</i> Кыргызстандын тоют | Ад.: <i>Токтогожоев Ш. Т.</i> Кыргызстандын тоют | ||
өсүмдүктөрү. Ф., 1991. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | өсүмдүктөрү. Ф., 1991. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
06:50, 18 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖЭЭК КЫЗЫЛ ОТУ – дан уруктуулар тукумуна кирүүчү көп жылдык чөп. Сабагынын бийиктиги 100–130 см,жалбырактары ичке, 30–45 см узундукта келип, сабагынын түп жагына жайгашкан. Жалбырактары сыртынан көп анча эмес түкчөлөр м-н капталган. Тамыры сойлобойт, көпшөк. Жапайы түрү Кыргзстан аймагында кездешпейт. Негизги таралган аймагы – Кавказ, КМШ өлкөлөрүнүн, Европанын шалбаалуу талааларынын дөңсөөлөрү. Республикада чөп аралашмасына кошуу ж-а жайыт үчүн колдонуу максатында селекциялык жол менен «Жылдыз» деген сорту чыгарылып, 1989-жылы республиканын тоолуу аймактарына жайыт чөбү катары пайдалануу үчүн эгилген (автору Ш. Т. Токтогожоев). Тоолуу жайыттын сугат жеринде 4 жолу, кайрак жерде 2 жолу мал жайса болот. Жашыл чөбүнүн түшүмү 4 жолу пайдаланууда гектарынан 300–350 цди түзүп, 20–25% протеин кармайт. Мал жайылгандан кийин 20–25 күндө эле кайрадан мал оттоого жарап калат. Тоолуу аймакта эспарцет чөбү м-н аралаш себилсе, бир убакта чаап алса болот. Уругу август айынын биринчи он күндүгүндө бышып, гектарына 2– 2,5 ц түзөт, ал эми Чүй өрөөнүндө июнь айынын ортосуна туура келет.
Ад.: Токтогожоев Ш. Т. Кыргызстандын тоют өсүмдүктөрү. Ф., 1991.