ЖОГОРКУ ЧЫҢАЛУУДАГЫ ТЕХНИКА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖОГОРКУ ЧЫҢАЛУУДАГЫ ТЕ́ХНИКА</b> – | <b type='title'>ЖОГОРКУ ЧЫҢАЛУУДАГЫ ТЕ́ХНИКА</b> – | ||
электр техникасынын жогорку электрдик чы­ңалуудагы (1 <i>кВт</i>тан жогору) ар кандай чөйрөдө болуучу электрдик кубулуштарды үйрөнүүчү ж-а колдонуучу бөлүгү. | электр техникасынын жогорку электрдик чы­ңалуудагы (1 <i>кВт</i>тан жогору) ар кандай чөйрөдө болуучу электрдик кубулуштарды үйрөнүүчү ж-а колдонуучу бөлүгү. Жогорку чыңалуудагы техниканын негизги ба­гыты – электр тогун өткөрүүчү линиялардын узакка ишенимдүү иштөөсүн ж-а ашыкча чыңа­лууга туруштук берүүсүн камсыз кылуу үчүн жо­горку вольттуу электр машиналарын ж-а ку­рулмаларын жасоо. Экинчи маанилүү багыты – жогорку вольттуу курулмаларда пайда болгон жогорку жыштыктуу нурланууну ж-а таажы­луу разрядды изилдейт. Жогорку чыңалуудагы техникага, ошондой эле жо­горку вольттуу курулмаларды сыноочу, өлчөөчү түзүлүштөрдү иштеп чыгуу ж-а пайдалануу жу­муштары тиешелүү. Газ тазалоо системасында, сырдоо ж. б. багыттарда колдонулуучу элект­рон-иондук технология жогорку чыңалуудагы техниканын өзүнчө бөлүмү болуп эсептелет. | ||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] |
09:42, 18 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖОГОРКУ ЧЫҢАЛУУДАГЫ ТЕ́ХНИКА – электр техникасынын жогорку электрдик чыңалуудагы (1 кВттан жогору) ар кандай чөйрөдө болуучу электрдик кубулуштарды үйрөнүүчү ж-а колдонуучу бөлүгү. Жогорку чыңалуудагы техниканын негизги багыты – электр тогун өткөрүүчү линиялардын узакка ишенимдүү иштөөсүн ж-а ашыкча чыңалууга туруштук берүүсүн камсыз кылуу үчүн жогорку вольттуу электр машиналарын ж-а курулмаларын жасоо. Экинчи маанилүү багыты – жогорку вольттуу курулмаларда пайда болгон жогорку жыштыктуу нурланууну ж-а таажылуу разрядды изилдейт. Жогорку чыңалуудагы техникага, ошондой эле жогорку вольттуу курулмаларды сыноочу, өлчөөчү түзүлүштөрдү иштеп чыгуу ж-а пайдалануу жумуштары тиешелүү. Газ тазалоо системасында, сырдоо ж. б. багыттарда колдонулуучу электрон-иондук технология жогорку чыңалуудагы техниканын өзүнчө бөлүмү болуп эсептелет.