ГЕТЕРОТРОФТУУ ОРГАНИЗМДЕР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:42, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕТЕРОТРОФТУУ ОРГАНИЗМДЕР – даяр орг. заттар м-н азыктануучу организмдер. Автотрофтуу организмдерден айырмаланып, алар орг. эмес заттардан орг. заттарды өз алдынча түзө албайт. Г. о-ге адам ж-а бардык жаныбарлар, кээ бир өсүмдүктөр, козу карындар, көпчүлүк бактериялар, микроорганизмдер кирет. Алардын көпчүлүгү – топуракта жашаган аэробдор ж-а анаэробдор. Алар орг. заттарды чиритип, өсүмдүккө азык болуучу бирикмелерге чейин ажыратат, топурактын кара чириндисин түзүүгө катышат, анын күрдүүлүгүн арттырат ж-а табияттагы зат алмашуу процессинде маанилүү роль ойнойт. Булар сапрофиттер деп аталат. Айрымдары мителер – мал ылаӊын, өсүмдүк илдетин, адам оорусун козгогучтар.