ЖОЛ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖОЛ</b> – адам, транспорт ж. б. каттоого, жүк ташууга арналган жол катнаштардын жалпы аты. Кыргызда жолду төмөнкүчө бөлөт: кара жол, жалгыз аяк жол, даңгыр жол, кыя жол, | <b type='title'>ЖОЛ</b> – адам, транспорт ж. б. каттоого, жүк ташууга арналган жол катнаштардын жалпы аты. Кыргызда жолду төмөнкүчө бөлөт: кара жол, жалгыз аяк жол, даңгыр жол, кыя жол, чыйыр жол, төтө жол, аба жолу, суу жолу, темир жол, кан жол ж. б. Топоним катары да Кыргызстандын географиялык аталыштарынын курамында көп кездешет, мисалы, Жол-Колот, Жол-Жылга, Жол-Сай, Жол-Жакшы, Жол-Коо ж. б. Жол тармагы Евразияда б. з. ч. 5-миң жыл­дыкта пайда болгон. Адегенде жол бетине эч нерсе төшөлбөстөн эле жасалган. Жол салуу ку­рулушу 1747-жылы Парижде инженерлерди даяр­доо үчүн жол ж-а көпүрө боюнча улуттук мектеп түзүлгөндөн башталган. 1789-жылы Францияда узундугу 40 миң <i>км</i> болгон жол тармагы курула башта­ган. Байыркы ж-а орто кылымдарда Алдыңкы ж-а Орто Азияны Кытай менен байланыштырган кербен жол <i>Улуу жибек жолу</i> болгон. Байыр­кы орустарда 8–10-кылымдарда Киевди Крым ж-а Дон м-н байланыштырган соода жолу пайдаланылган. Россияда жол курулушу 1722-жылы Петербург – Мос­ква жолунун салынышынан башталган. 20-кылымда шаарларда эл көбөйүп, автомобиль жол м-н жүргүнчү ж-а жүк ташуу кыйындагандыктан, жер алдындагы рельстүү жол (метрополитен) ж-а жер үстүндөгү монорельстүү жол курула баш­таган. Автомобиль жол тармактарын куруу 1950- жылдардын аягында башталып, эки тилкелүү, бурулуштары жайык келген, полотносу жанта­йыңкы жасалган ылдам жүрүүчү жолдор салын­ган. Айрыкча Японияда жол куруу ылдам өнүгүп, эки-үч катар ылдам жүрүүчү жолдор көчөлөрдүн үстүнө курулууда. Кыргызстанда жол куруу 20-кылымдын башынан өнүгө баштаган, мисалы, 1924-жылы уз. 568 <i>км</i> болгон Арыс – Пишпек жолу салын­ган. Кийинчерээк Ош – Жалал-Абад – Көк-Жаң­гак, Фрунзе – Талас, Фрунзе – Ош ж. б. жолдор курулду (к. <i>Автомобиль жолу, Автомагист­раль, Темир жол).</i> [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
чыйыр жол, төтө жол, аба жолу, суу жолу, темир жол, кан жол ж. б. Топоним катары да | |||
үстүнө курулууда. | |||
568 <i>км</i> болгон Арыс – Пишпек жолу салын­ган. Кийинчерээк Ош – Жалал-Абад – Көк-Жаң­гак, Фрунзе – Талас, Фрунзе – Ош ж. б. | |||
03:32, 21 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖОЛ – адам, транспорт ж. б. каттоого, жүк ташууга арналган жол катнаштардын жалпы аты. Кыргызда жолду төмөнкүчө бөлөт: кара жол, жалгыз аяк жол, даңгыр жол, кыя жол, чыйыр жол, төтө жол, аба жолу, суу жолу, темир жол, кан жол ж. б. Топоним катары да Кыргызстандын географиялык аталыштарынын курамында көп кездешет, мисалы, Жол-Колот, Жол-Жылга, Жол-Сай, Жол-Жакшы, Жол-Коо ж. б. Жол тармагы Евразияда б. з. ч. 5-миң жылдыкта пайда болгон. Адегенде жол бетине эч нерсе төшөлбөстөн эле жасалган. Жол салуу курулушу 1747-жылы Парижде инженерлерди даярдоо үчүн жол ж-а көпүрө боюнча улуттук мектеп түзүлгөндөн башталган. 1789-жылы Францияда узундугу 40 миң км болгон жол тармагы курула баштаган. Байыркы ж-а орто кылымдарда Алдыңкы ж-а Орто Азияны Кытай менен байланыштырган кербен жол Улуу жибек жолу болгон. Байыркы орустарда 8–10-кылымдарда Киевди Крым ж-а Дон м-н байланыштырган соода жолу пайдаланылган. Россияда жол курулушу 1722-жылы Петербург – Москва жолунун салынышынан башталган. 20-кылымда шаарларда эл көбөйүп, автомобиль жол м-н жүргүнчү ж-а жүк ташуу кыйындагандыктан, жер алдындагы рельстүү жол (метрополитен) ж-а жер үстүндөгү монорельстүү жол курула баштаган. Автомобиль жол тармактарын куруу 1950- жылдардын аягында башталып, эки тилкелүү, бурулуштары жайык келген, полотносу жантайыңкы жасалган ылдам жүрүүчү жолдор салынган. Айрыкча Японияда жол куруу ылдам өнүгүп, эки-үч катар ылдам жүрүүчү жолдор көчөлөрдүн үстүнө курулууда. Кыргызстанда жол куруу 20-кылымдын башынан өнүгө баштаган, мисалы, 1924-жылы уз. 568 км болгон Арыс – Пишпек жолу салынган. Кийинчерээк Ош – Жалал-Абад – Көк-Жаңгак, Фрунзе – Талас, Фрунзе – Ош ж. б. жолдор курулду (к. Автомобиль жолу, Автомагистраль, Темир жол).