ЖОЛДОШОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖОЛДОШОВ</b> Токчоро [1902, Бишкек уезди, | <b type='title'>ЖОЛДОШОВ</b> '''Токчоро''' [1902, Бишкек уезди, Кара-Булак айылы (Кара-Жылга деген жерде), азыркы Чүй облусу, Кемин району – 1937] – Кыргызстан­дагы алгачкы мамлекеттик ишмерлердин бири, кыр­гыздын туңгуч адабият сынчысы. Алма-Атадагы казак-кыргыз агартуу институтун бүтүргөн (1925). Москвадагы Борбордук улуттар басмасынын кыргыз | ||
Кара-Булак айылы (Кара-Жылга деген жерде), азыркы Чүй | |||
[[File:ЖОЛДОШОВ44.png | thumb | none]]секциясында редактор ж-а жооптуу секретарь (1925– 27), Кыргыз эл агартуу ко­миссариатынын | [[File:ЖОЛДОШОВ44.png | thumb | none]]секциясында редактор ж-а жооптуу секретарь (1925– 27), Кыргыз эл агартуу ко­миссариатынын академиялык тобу­на төрага (1927–29), Кыргызстан БАКтын президиумуна мүчө (1929–31), жооптуу секре­тарь, Кыргызстан колхоз борбо­рунун төрагасы (1931–32), Кыргыз АССРинин эл агар­туу комиссары (1933–35) кызматтарында иштеген. Жолдошовдун адабиятка кызы­гуусу студенттик жылдарында башталган. Ий­римдерге үзгүлтүксүз катышып, «Саулэ» («Шоо­ла») деген ат менен кол жазма түрүндө чыгуучу коомдук-саясий журналга редактор болгон ж-а ага кыргыз элинин оозеки чыгармаларынан ты­нымсыз жарыялап турган. Ал Алма-Ата шаарында казак тилинде чыгып турган «Тилши» («Тил­чи») гезитинин кабарчысы болгон. «Кыргыз көркөм адабияты», «Аалы Токомбай уулунун ырлары», «Адабият майданында» (1926), «Көрктүү адабиятыбыз менен акындарыбыз» (1927), «Октябрь жана кыргыздын адабияты» (1928), «Кайгылуу Какей» (М. Токобай уулунун пьесасы, 1928), Касымаалынын «Ажар» ж-а «Са­кучулдун сын» (1929) сыяктуу көптөгөн сын ма­калаларды жазып, кыргыз адабий сынына чы­йыр салган. Тил, термин маселелери тууралуу «Тил илими атоо (термин) жөнүндө», «Жаңы тамга жөнүндө», «Алипбээге бир нече тыбыш жана тамга коштук» аттуу макалаларында Жолдошов өтө кыраакылык м-н негизги урунттуу көрүнүштөрдү белгилеген. Анын «Көрктүү ада­биятыбыз жана акындарыбыз» аттуу макала­сы өз замандаш калемдештеринин көркөм чы­гармага сын макалаларынан сабаттуу жазыл­гандыгы, маселени коё билгендиги м-н айыр­маланат. Акындар чыгармачылыгы, поэзия туурасында сөз кылууда саясатташкан мезгил талабына жа­мынып, алардын жалаң саясий идеологиялык барк-баа­сына гана көңүл бурбастан, чыгарманын көр­көмдүк касиет-сапаты, чыгармачыл инсанды ка­лыптандырган шарт, жагдай, коомдук таасир ма­селесин кошо камтууга, ар тараптан талдоого алууга умтулган. Ошондой эле, ал адабий жыйнактар­дын (Тоголок Молдонун «Насыят», Боогачынын «Күйгөн», Т. Жапиев айткан «Семетейден» үзүн­дү ж. б.) редактору, «Кызыл гүл» аттуу кыргыз тилиндеги алгачкы поэзиялык жыйнактын (1927) түзүүчүсү ж-а баш сөзүнүн автору болгон. 1937-жылы репрессияланган, 1956-жылы акталган. | ||
кызматтарында иштеген. | [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
«Көрктүү адабиятыбыз менен акындарыбыз» (1927), «Октябрь жана кыргыздын адабияты» (1928), «Кайгылуу Какей» (М. Токобай уулунун пьесасы, 1928), Касымаалынын «Ажар» ж-а «Са­кучулдун сын» (1929) сыяктуу көптөгөн сын ма­калаларды жазып, кыргыз адабий сынына чы­йыр салган. Тил, термин маселелери тууралуу | |||
«Тил илими атоо (термин) жөнүндө», «Жаңы | |||
тамга жөнүндө», «Алипбээге бир нече тыбыш жана тамга коштук» аттуу макалаларында | |||
«Күйгөн», Т. Жапиев айткан «Семетейден» үзүн­дү ж. б.) редактору, «Кызыл гүл» аттуу кыргыз тилиндеги алгачкы поэзиялык жыйнактын (1927) түзүүчүсү ж-а баш сөзүнүн автору болгон. 1937- | |||
08:11, 21 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖОЛДОШОВ Токчоро [1902, Бишкек уезди, Кара-Булак айылы (Кара-Жылга деген жерде), азыркы Чүй облусу, Кемин району – 1937] – Кыргызстандагы алгачкы мамлекеттик ишмерлердин бири, кыргыздын туңгуч адабият сынчысы. Алма-Атадагы казак-кыргыз агартуу институтун бүтүргөн (1925). Москвадагы Борбордук улуттар басмасынын кыргыз

секциясында редактор ж-а жооптуу секретарь (1925– 27), Кыргыз эл агартуу комиссариатынын академиялык тобуна төрага (1927–29), Кыргызстан БАКтын президиумуна мүчө (1929–31), жооптуу секретарь, Кыргызстан колхоз борборунун төрагасы (1931–32), Кыргыз АССРинин эл агартуу комиссары (1933–35) кызматтарында иштеген. Жолдошовдун адабиятка кызыгуусу студенттик жылдарында башталган. Ийримдерге үзгүлтүксүз катышып, «Саулэ» («Шоола») деген ат менен кол жазма түрүндө чыгуучу коомдук-саясий журналга редактор болгон ж-а ага кыргыз элинин оозеки чыгармаларынан тынымсыз жарыялап турган. Ал Алма-Ата шаарында казак тилинде чыгып турган «Тилши» («Тилчи») гезитинин кабарчысы болгон. «Кыргыз көркөм адабияты», «Аалы Токомбай уулунун ырлары», «Адабият майданында» (1926), «Көрктүү адабиятыбыз менен акындарыбыз» (1927), «Октябрь жана кыргыздын адабияты» (1928), «Кайгылуу Какей» (М. Токобай уулунун пьесасы, 1928), Касымаалынын «Ажар» ж-а «Сакучулдун сын» (1929) сыяктуу көптөгөн сын макалаларды жазып, кыргыз адабий сынына чыйыр салган. Тил, термин маселелери тууралуу «Тил илими атоо (термин) жөнүндө», «Жаңы тамга жөнүндө», «Алипбээге бир нече тыбыш жана тамга коштук» аттуу макалаларында Жолдошов өтө кыраакылык м-н негизги урунттуу көрүнүштөрдү белгилеген. Анын «Көрктүү адабиятыбыз жана акындарыбыз» аттуу макаласы өз замандаш калемдештеринин көркөм чыгармага сын макалаларынан сабаттуу жазылгандыгы, маселени коё билгендиги м-н айырмаланат. Акындар чыгармачылыгы, поэзия туурасында сөз кылууда саясатташкан мезгил талабына жамынып, алардын жалаң саясий идеологиялык барк-баасына гана көңүл бурбастан, чыгарманын көркөмдүк касиет-сапаты, чыгармачыл инсанды калыптандырган шарт, жагдай, коомдук таасир маселесин кошо камтууга, ар тараптан талдоого алууга умтулган. Ошондой эле, ал адабий жыйнактардын (Тоголок Молдонун «Насыят», Боогачынын «Күйгөн», Т. Жапиев айткан «Семетейден» үзүндү ж. б.) редактору, «Кызыл гүл» аттуу кыргыз тилиндеги алгачкы поэзиялык жыйнактын (1927) түзүүчүсү ж-а баш сөзүнүн автору болгон. 1937-жылы репрессияланган, 1956-жылы акталган.