ЖОРГО СӨЗ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖОРГО СӨЗ</b> , ы р г а к т у у п р о з а – 1) ке­ңири мааниде – тыбыштык жактан уюштуру­луп, аздыр-көптүр баамга уруна тургандай ыр касиетине (ыргакка, стопалык же муундук мый­зам ченемге, ички уйкашка, эвфониялык кара­жаттарга ж. б.) ээ болгон кара сөз. Кооз кептин мындай түрүн антикалык | <b type='title'>ЖОРГО СӨЗ</b> , ы р г а к т у у п р о з а – 1) ке­ңири мааниде – тыбыштык жактан уюштуру­луп, аздыр-көптүр баамга уруна тургандай ыр касиетине (ыргакка, стопалык же муундук мый­зам ченемге, ички уйкашка, эвфониялык кара­жаттарга ж. б.) ээ болгон кара сөз. Кооз кептин мындай түрүн антикалык адабиятчылар ж-а тарых­чылар, белгилүү орус жазуучулары (Н. В. Го­голь, И. С. Тургенев, А. Белый ж. б.), Европа м-н Азия элдеринин көркөм сөз чеберлери пайда­ланышкан. Дүйнөлүк адабиятта жалаң жорго сөз м-н жазылган ири чыгармалар да бар (мисалы, Р. Рол­ландын «Кола Брюньон» повести); 2) кыргыз оозеки кара сөзүндөгү поэтикалуу кептин бир түрү. Анда кадыресе кара сөздүн да, ырдын да белгилери бар: бир эле сүйлөмдө кара сөздүн ар кандай түрмөктөрү ж-а ар кыл муундагы ыр саптары айкалышып, байкаларлык ыргак жа­тат. Бирок жорго сөздө туруктуу муун өлчөмү кайта­ланбайт, мисалы, Жесир кемпирдин үйүндө кызма­тын кылып, малын багып, отун жагып, суусун алып, тезегин терип, алы жеткен оокатына ка­ралашып, отун-суусуна аралашып турду («Ке­дейкан»). Жорго сөз жөө жомоктордо, баатырдык (ыр) дастандардын кара сөз м-н айтылган жер­леринде, чечендер м-н ырчылардын санат сөздө­рүндө арбын жолугат. Эл куудулу Шаршен Тер­мечиковдун оозеки аңгемелеринде да жорго сөздүн элементтери жыш. Кыргыз адабий прозасында жорго сөздүн салтын К. Жантөшев, Р. Шүкүрбеков («Тоо элинин баатыры» повести бүтүндөй жорго сөз м-н жазылган), А. Убукеев аздыр-көптүр өрчүт­көн. Кыргыз поэзиясында өрчүгөн эркин ыр формасы да жорго сөздөн өнүп чыккан деп болжол­доого болот. | ||
Ад.: Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тары­хынын очерки. Ф., 1973. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | Ад.: Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тары­хынын очерки. Ф., 1973. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
07:50, 22 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
ЖОРГО СӨЗ , ы р г а к т у у п р о з а – 1) кеңири мааниде – тыбыштык жактан уюштурулуп, аздыр-көптүр баамга уруна тургандай ыр касиетине (ыргакка, стопалык же муундук мыйзам ченемге, ички уйкашка, эвфониялык каражаттарга ж. б.) ээ болгон кара сөз. Кооз кептин мындай түрүн антикалык адабиятчылар ж-а тарыхчылар, белгилүү орус жазуучулары (Н. В. Гоголь, И. С. Тургенев, А. Белый ж. б.), Европа м-н Азия элдеринин көркөм сөз чеберлери пайдаланышкан. Дүйнөлүк адабиятта жалаң жорго сөз м-н жазылган ири чыгармалар да бар (мисалы, Р. Ролландын «Кола Брюньон» повести); 2) кыргыз оозеки кара сөзүндөгү поэтикалуу кептин бир түрү. Анда кадыресе кара сөздүн да, ырдын да белгилери бар: бир эле сүйлөмдө кара сөздүн ар кандай түрмөктөрү ж-а ар кыл муундагы ыр саптары айкалышып, байкаларлык ыргак жатат. Бирок жорго сөздө туруктуу муун өлчөмү кайталанбайт, мисалы, Жесир кемпирдин үйүндө кызматын кылып, малын багып, отун жагып, суусун алып, тезегин терип, алы жеткен оокатына каралашып, отун-суусуна аралашып турду («Кедейкан»). Жорго сөз жөө жомоктордо, баатырдык (ыр) дастандардын кара сөз м-н айтылган жерлеринде, чечендер м-н ырчылардын санат сөздөрүндө арбын жолугат. Эл куудулу Шаршен Термечиковдун оозеки аңгемелеринде да жорго сөздүн элементтери жыш. Кыргыз адабий прозасында жорго сөздүн салтын К. Жантөшев, Р. Шүкүрбеков («Тоо элинин баатыры» повести бүтүндөй жорго сөз м-н жазылган), А. Убукеев аздыр-көптүр өрчүткөн. Кыргыз поэзиясында өрчүгөн эркин ыр формасы да жорго сөздөн өнүп чыккан деп болжолдоого болот.
Ад.: Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки. Ф., 1973.