ЖУМАБАЕВ Искендер: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page ЖУМАБАЕВ 5 to ЖУМАБАЕВ Искендер) |
(Айырма жок)
|
09:21, 23 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖУМАБАЕВ Искендер Абдысаматович (23. 3. 1956-жылы туулган, Чүй облусу, Жайыл району, Эриктүү айылы) – адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты (1996), КРдин илим ж-а техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2004). КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1980). Эмгек жолун Чүй облусу, Сокулук райондук «Элдик трибуна» гезитинде иштөөдөн баштаган. 1982–89-жылдарда Кыргыз энциклопедиясында илимий редактор, улук илимий редактор, 1989–97-жылдарда КР УИАнын тил ж-а адабият институтунда кенже илимий кызматкер, 1997-жылдан улук илимий кызматкер болуп эмгектенет. Азыркы кыргыз адабиятынын, көркөм котормонун тарыхы боюнча 50гө жакын илимий эмгектин, анын ичинде «Т. Сыдыкбековдун “Тоо арасында” романы» аттуу монографиянын автору.