ЖУМАКАЕВА: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page ЖУМАКАЕВА Тамара to ЖУМАКАЕВА over redirect) |
(Айырма жок)
|
08:17, 24 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖУМАКАЕВА Тамара (5. 5. 1942-жылы туулган‚ Нарын облусу‚ Нарын району‚ Куланак айылы – 2. 3. 2001-жыл‚ Нарын шаары) – Кыргыз CCР эл артисти (1984). 1956–1960-жылы М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайында окуган.


1960-жылы Нарын облустук музыкалык драма театрына кабыл алынган. Анда өмүрүнүн акырына чейин 41 жыл эмгектенип, театрдын профессионалдык деңгээлинин өсүшүнө салым кошкон. Күкүя (К. Маликов‚ «Алмаш»)‚ Жыпаргүл (Т. Абдымомунов‚ «Атабектин кызы»)‚ Ханума (Цагарелли, «Ханума»), Чыйырды (Т. Актанов, «Теңири Манас»), Акбара (Ч. Айтматов‚ «Кыямат»)‚ Курманжан датка (К. Иманалиев‚ «Курманжан датка»), Найман эне («Кылым карытар бир күн») жана башка көптөгөн образдарды жаратып, залкар актриса катары таанылган. Ал Ж.Шералиев‚ К. Тагаев‚ З. Иманалиев‚ Э. Мааданбеков, К. Абылов, К. Жусупов жана башка белгилүү обончулардын ырларын мыкты аткарган. Т. Жумакаева чебер уз катары да белгилүү. Медалдар менен сыйланган. Анын чыгармачылык жолу тууралуу Д. Абдылдаеванын «Эл кызы – Нарын жылдызы» аттуу китеби жарык көргөн (1996).
К. Иманалиев.