ЖУМАКМАТОВ: нускалардын айырмасы
м (Lera moved page ЖУМАКМАТОВ to ЖУМАКМАТОВ Асанкан) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖУМАКМАТОВ</b> Асанкан (16. 6. 1923-жылы туулган, Чүй облусу‚ Кант району‚ Ысык-Ата айылы – 21. 7. 2008-жыл, Биш­кек шаары) – дирижёр‚ композитор, Кыргыз CCРинин искусст­вого эмгек сиңирген ишмери (1958)‚ Кыргыз CCР эл | <b type='title'>ЖУМАКМАТОВ</b> '''Асанкан''' (16. 6. 1923-жылы туулган, Чүй облусу‚ Кант району‚ Ысык-Ата айылы – 21. 7. 2008-жыл, Биш­кек шаары) – дирижёр‚ композитор, Кыргыз CCРинин искусст­вого эмгек сиңирген ишмери (1958)‚ Кыргыз CCР эл | ||
[[File:ЖУМАКМАТОВ80.png | thumb | none]] | [[File:ЖУМАКМАТОВ80.png | thumb | none]] |
08:23, 24 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
ЖУМАКМАТОВ Асанкан (16. 6. 1923-жылы туулган, Чүй облусу‚ Кант району‚ Ысык-Ата айылы – 21. 7. 2008-жыл, Бишкек шаары) – дирижёр‚ композитор, Кыргыз CCРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1958)‚ Кыргыз CCР эл

артисти (1969)‚ CCCР эл артисти (1977)‚ Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1972), Кыргыз Эл Баатыры (2003). 1938-жылы Фрунзедеги педагогикалык техникумда окуган. 1938–1942-жылдары Кыргыз музыкалык драма театрынын оркестринде барабанчы болуп иштеген. 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосунун он күндүгүнө катышкан. CCCР мамлекеттик симфониялык оркестринин музыканты (1941)‚

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1941–1944). П. И. Чайковский атындагы Москва консерваториясынын улуттук студиясын (1945–1947)‚ консерваториянын дирижёрлук факультетин (1952–1957) бүтүргөн. Ошол эле мезгилде Москвадагы Моссовет атындагы театрда башкы дирижёр‚ музыкалык жетекчи, 1957–1962-жылдары Кыргыз опера жана балет театрында дирижёр‚ башкы дирижёр‚ 1962–1972-жылдары Азербайжан мамлекеттик опера жана балет театрында башкы дирижёр жана Кыргыз мамлекеттик филармониясынын К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин башкы дирижёру жана көркөм жетекчиси‚ 1969-жылы Кыргыз ССР телерадиокомитетинин симфониялык оркестрин уюштуруп, анын көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру, Кыргыз опера жана балет театрында башкы дирижёр жана директор (1979–1982)‚ «Насыйкат» камералык ансамблинин башкы дирижёру (1989–1992)‚ Кыргыз улуттук консерваториясында педагог (1993–2008), профессор (1996)‚ Кыргызстан музыкалык коомунун төрагасы (1983–2008-жылдар). А. Жумакматов көптөгөн улуттук жана дүйнөлүк операларга («Айчүрөк»‚ «Ажал ордуна»‚ «Көл боюнда»‚ «Cуу периси»‚ «Аида»‚ «Евгений Онегин» жана башкалар) дирижёрлук кылган. Муратаалы‚ Карамолдо‚ Ыбырай‚ Атайдын күүлөрүн‚ Муса‚ Жумамүдүн‚ Рыспай жана башка обончулардын ырларын оркестр үчүн иштеп чыккан. Жумакматов – «Салтанаттуу увертюра», «Мукаш Абдраевдин элесине» симфониялык поэма, «Майрамдык бий», оркестр үчүн скерцо жана башка чыгармалардын автору. Эмгек Кызыл Туу‚ Кызыл Жылдыз‚ III даражадагы Манас ордендери жана медалдар менен сыйланган.