ГИДРОТЕХНИКАЛЫК КУРУЛМАЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ГИДРОТЕХНИКАЛЫК КУРУЛМАЛАР ''' – суу байлыгын (дарыя, көлмө, деӊиз, башат) пайдаланууга же суу ташкынынан сактанууга арналган курулуштар. Гидротехникалык курулмалар деӊиз, дарыя, көл ж. б-да курулушу мүмкүн. Ал тейлөө тармагы боюнча энергетика, мелиорация, суу транспорту, карагай агызуу, балык чарбасы, суу м-н камсыз кылуу, спорттук максатта, ошондой эле жалпы ж-а атайын Гидротехникалык курулмалар болуп бөлүнөт. Ж а л п ы Гидротехникалык курулмаларга суу пайдалануунун бардык түрүндө колдонулуучу курулуштар кирип, суу өткөрүүчү, сууну жөнгө салуучу, суу бөлүштүрүүчү, суу алуучу ж-а суу чыгаруучу ж. б. түзүлүштөр болуп айырмаланат. Суу энергиясы пайдаланылуучу (ГЭС имараты, бассейндер), суу транспортунун (кеме өткөрүүчү шлюз, кеме өткөргүч, маяктар), магистралдуу мелиорация курулушу ж-а суу бөлүштүргүч канал, сугат системасындагы шлюз, балык чарбасындагы балык көлмөлөрү ж. б. а т а й ы н Гидротехникалык курулмалар болуп эсептелет. Гидротехникалык курулмалардын негизги өзгөчөлүгү суу агымынын, муздун ж. б. факторлордун таасирине жараша болот. Мындай таасирлер механикалык (статикалык ж-а гидродинамикалык ж. б.), физика-химиялык (курулма бетинин жуулушу, металл бөлүктөрүнүн коррозиясы, бетон бөлүгүнүн желиши), биологиялык (жыгач бөлүгүнүн чириши ж-а тирүү организмдердин бузушу ж. б.) болушу мүмкүн. Гидротехникалык курулмаларды тургузууда көбүнчө монолиттик, чогултма монолиттик, чанда чогултма ж-а типтүү конструкциялар пайдаланылат. Мындай курулуштар өтө кылдаттыкты, тактыкты талап кылат, авария болсо адам өмүрүнө коркунуч туулуп ж-а материалдык чоӊ зыянга алып келет. Кыргызстандагы Токтогул ГЭСи, Үч-Коргон ГЭСи, Ала-Ача ГЭСи, Кара-Буура суу сактагычы ж. б. Гидротехникалык курулмаларга кирет.
'''ГИДРОТЕХНИКАЛЫК КУРУЛМАЛАР ''' – суу байлыгын (дарыя, көлмө, деӊиз, башат) пайдаланууга же суу ташкынынан сактанууга арналган курулуштар. Гидротехникалык курулмалар деӊиз, дарыя, көл жана башкаларда курулушу мүмкүн. Ал тейлөө тармагы боюнча энергетика, мелиорация, суу транспорту, карагай агызуу, балык чарбасы, суу менен камсыз кылуу, спорттук максатта, ошондой эле жалпы ж-а атайын гидротехникалык курулмалар болуп бөлүнөт. Ж а л п ы гидротехникалык курулмаларга суу пайдалануунун бардык түрүндө колдонулуучу курулуштар кирип, суу өткөрүүчү, сууну жөнгө салуучу, суу бөлүштүрүүчү, суу алуучу жана суу чыгаруучу жана башка түзүлүштөр болуп айырмаланат. Суу энергиясы пайдаланылуучу (гидроэлектр станциясынын имараты, бассейндер), суу транспортунун (кеме өткөрүүчү шлюз, кеме өткөргүч, маяктар), магистралдуу мелиорация курулушу жана суу бөлүштүргүч канал, сугат системасындагы шлюз, балык чарбасындагы балык көлмөлөрү жана башка а т а й ы н гидротехникалык курулмалар болуп эсептелет. Гидротехникалык курулмалардын негизги өзгөчөлүгү суу агымынын, муздун жана башка факторлордун таасирине жараша болот. Мындай таасирлер механикалык (статикалык жана гидродинамикалык жана башкалар), физика-химиялык (курулма бетинин жуулушу, металл бөлүктөрүнүн коррозиясы, бетон бөлүгүнүн желиши), биологиялык (жыгач бөлүгүнүн чириши жана тирүү организмдердин бузушу жана башкалар) болушу мүмкүн. Гидротехникалык курулмаларды тургузууда көбүнчө монолиттик, чогултма монолиттик, чанда чогултма жана типтүү конструкциялар пайдаланылат. Мындай курулуштар өтө кылдаттыкты, тактыкты талап кылат, авария болсо адам өмүрүнө коркунуч туулуп жана материалдык чоӊ зыянга алып келет. Кыргызстандагы Токтогул гидроэлектр станциясы, Үч-Коргон гидроэлектр станциясы, Ала-Ача гидроэлектр станциясы, Кара-Буура суу сактагычы жана башка гидротехникалык курулмаларга кирет.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:43, 24 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ГИДРОТЕХНИКАЛЫК КУРУЛМАЛАР – суу байлыгын (дарыя, көлмө, деӊиз, башат) пайдаланууга же суу ташкынынан сактанууга арналган курулуштар. Гидротехникалык курулмалар деӊиз, дарыя, көл жана башкаларда курулушу мүмкүн. Ал тейлөө тармагы боюнча энергетика, мелиорация, суу транспорту, карагай агызуу, балык чарбасы, суу менен камсыз кылуу, спорттук максатта, ошондой эле жалпы ж-а атайын гидротехникалык курулмалар болуп бөлүнөт. Ж а л п ы гидротехникалык курулмаларга суу пайдалануунун бардык түрүндө колдонулуучу курулуштар кирип, суу өткөрүүчү, сууну жөнгө салуучу, суу бөлүштүрүүчү, суу алуучу жана суу чыгаруучу жана башка түзүлүштөр болуп айырмаланат. Суу энергиясы пайдаланылуучу (гидроэлектр станциясынын имараты, бассейндер), суу транспортунун (кеме өткөрүүчү шлюз, кеме өткөргүч, маяктар), магистралдуу мелиорация курулушу жана суу бөлүштүргүч канал, сугат системасындагы шлюз, балык чарбасындагы балык көлмөлөрү жана башка а т а й ы н гидротехникалык курулмалар болуп эсептелет. Гидротехникалык курулмалардын негизги өзгөчөлүгү суу агымынын, муздун жана башка факторлордун таасирине жараша болот. Мындай таасирлер механикалык (статикалык жана гидродинамикалык жана башкалар), физика-химиялык (курулма бетинин жуулушу, металл бөлүктөрүнүн коррозиясы, бетон бөлүгүнүн желиши), биологиялык (жыгач бөлүгүнүн чириши жана тирүү организмдердин бузушу жана башкалар) болушу мүмкүн. Гидротехникалык курулмаларды тургузууда көбүнчө монолиттик, чогултма монолиттик, чанда чогултма жана типтүү конструкциялар пайдаланылат. Мындай курулуштар өтө кылдаттыкты, тактыкты талап кылат, авария болсо адам өмүрүнө коркунуч туулуп жана материалдык чоӊ зыянга алып келет. Кыргызстандагы Токтогул гидроэлектр станциясы, Үч-Коргон гидроэлектр станциясы, Ала-Ача гидроэлектр станциясы, Кара-Буура суу сактагычы жана башка гидротехникалык курулмаларга кирет.