ЖУМАНАЛИЕВ Тынчболот: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

10:02, 24 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ЖУМАНАЛИЕВ Тынчболот (14. 7. 1955-жылы туулган, Бишкек) – тарых илимдеринин доктору (2005). 1982-жылы КМУнун тарых факультетин бүтүргөн соң, ошол эле окуу жайында окутуучу, 1991–97-жылдарда БГУда окутуучу, 1997–99-жылдарда КУУда «Кыргыз­стандын тарыхы» кафедрасынын башчысы, 1999-жылдан чыгыш таануу факультетинин деканы. Кыргызстандын байыркы ж-а орто кылымдагы тары­хынын маселелерин изилдөөгө арналган 50дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 7 монография) автору.Эмг.: Хрестоматия по средневековой истории Кыр­гызстана (XIII–XVIII). Б., 1996; Политическая исто­рия Кыргызстана (авторлош). Б., 2001; Политическая борьба в могульском государстве в XVII в. Б., 2004; Эволюция политической истории кочевников При­тяньшаня с древности и до конца XVII в. Б., 2007; История народов Центральной Азии с древности до настоящего времени (авторлош). Алматы, 2007.