ЖУМГАЛ КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖУМГАЛ КЫРКА ТООСУ</b> Ички Теңир-Тоодо, | <b type='title'>ЖУМГАЛ КЫРКА ТООСУ</b> Ички Теңир-Тоодо, Жумгал өрөөнүнүн түндүк жагында. Кызарттын белинен Көкөмерен капчыгайына чейин чыгыш­тан батышка карай 100 <i>км</i>ге созулат. Орточо би­йиктиги 3830 <i>м</i>, эң бийик жери – 4121 <i>м</i> (Кара- Мойнок чокусу). Тескей Ала-Тоонун (Үкөк, Ка­рагатты, Кызарт тоолору) батыш уландысы. Жумгал кырка тоосу өз ара жарыш ж-а ача сымал таралган бир нече кырка тоодон турат. Чыгыш бөлүгүндө Сандык, Кара-Мойнок тоолору кууш Чыгыш Сөөк өрөөнү м-н бөлүнөт. Батыш бөлүгү түндүк- чыгыштан түштүк-батышка созулган үч кырка тоого (Киндик, Жумгал, Ой-Кайың) ажырайт. Тоонун геологиялык түзүлүшү өтө татаал, батыш бөлүгү гранит-диорит интрузиясынан ж-а жогорку про­терозойдун калыңдыгы 500–3000 <i>м</i> болгон фил­лит, кумдук, алевролит тектеринен турат. Ор­тоңку бөлүгү негизинен төмөнкү палеозойдун гранит, гранит-диоритинен, чыгыш бөлүгү ордо­виктин калыңдыгы 1000–4600 <i>м</i>ге чейинки кум­дук, туф, порфирит, акиташ теги, конгломерат ж. б. чөкмө тектеринен түзүлгөн. Тоо аралык ойдуңдарда неоген ж-а төртүнчүлүк мезгилинин чөкмө тектери жатат. Кырка тоонун чыгыш учундагы нефелиндүү сиенит массивдери м-н алюминий кени байланыштуу (к. <i>Сандык кени</i>). Жумгал кырка тоосу чыгыштан батышты карай бийиктейт. Тоолордун капталдары бирдей эмес: Жумгал, Ой- Кайың тоолорунун тескей беттери тик ж-а кыс­ка, күнгөй жагы жазы ж-а жантайыңкы. Кин­дик, Кара-Мойнок, Сандык тоолорунуку, теске­рисинче, айдөөш. Тоодон Батыш ж-а Чыгыш Каракол суулары башталат. Кара-Мойнок, Ой- Кайың тоолорунда майда мөңгүлөр бар (жалпы аянты 7,3 <i>км</i><sup>2</sup>). Климаттык шарты бийиктикке карай өзгөрөт; жалпысынан кескин континент­тик; абанын орточо температурасы январда –11,9°С, июлда 12,5°С; жылдык жаан-чачыны 300– 400 <i>мм</i>. Тоонун ландшафты бийиктик алкактуу­лук боюнча алмашат. Тоо этектеринде, айрыкча күнгөй беттеринде 2200–2300 <i>м</i>ге чейин талаа (бетеге, шыбак); 2200–2800 <i>м</i>де шалбаалуу та­лаа (бетеге, дүйүм чөптөр), бир аз жери токой; 2800–3300 <i>м</i>де альп шалбаасы, шалбаалуу та­лаа; 3300 <i>м</i>ден жогору шагыл таштуу, аска-зоо­калуу субнивалдык, нивалдык-гляциалдык ал­как жатат. Жайыт. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
Жумгал өрөөнүнүн | |||
чыгыштан | |||
чөкмө тектери жатат. Кырка тоонун чыгыш учундагы нефелиндүү сиенит массивдери м-н алюминий кени байланыштуу (к. <i>Сандык кени</i>). | |||
02:58, 25 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖУМГАЛ КЫРКА ТООСУ Ички Теңир-Тоодо, Жумгал өрөөнүнүн түндүк жагында. Кызарттын белинен Көкөмерен капчыгайына чейин чыгыштан батышка карай 100 кмге созулат. Орточо бийиктиги 3830 м, эң бийик жери – 4121 м (Кара- Мойнок чокусу). Тескей Ала-Тоонун (Үкөк, Карагатты, Кызарт тоолору) батыш уландысы. Жумгал кырка тоосу өз ара жарыш ж-а ача сымал таралган бир нече кырка тоодон турат. Чыгыш бөлүгүндө Сандык, Кара-Мойнок тоолору кууш Чыгыш Сөөк өрөөнү м-н бөлүнөт. Батыш бөлүгү түндүк- чыгыштан түштүк-батышка созулган үч кырка тоого (Киндик, Жумгал, Ой-Кайың) ажырайт. Тоонун геологиялык түзүлүшү өтө татаал, батыш бөлүгү гранит-диорит интрузиясынан ж-а жогорку протерозойдун калыңдыгы 500–3000 м болгон филлит, кумдук, алевролит тектеринен турат. Ортоңку бөлүгү негизинен төмөнкү палеозойдун гранит, гранит-диоритинен, чыгыш бөлүгү ордовиктин калыңдыгы 1000–4600 мге чейинки кумдук, туф, порфирит, акиташ теги, конгломерат ж. б. чөкмө тектеринен түзүлгөн. Тоо аралык ойдуңдарда неоген ж-а төртүнчүлүк мезгилинин чөкмө тектери жатат. Кырка тоонун чыгыш учундагы нефелиндүү сиенит массивдери м-н алюминий кени байланыштуу (к. Сандык кени). Жумгал кырка тоосу чыгыштан батышты карай бийиктейт. Тоолордун капталдары бирдей эмес: Жумгал, Ой- Кайың тоолорунун тескей беттери тик ж-а кыска, күнгөй жагы жазы ж-а жантайыңкы. Киндик, Кара-Мойнок, Сандык тоолорунуку, тескерисинче, айдөөш. Тоодон Батыш ж-а Чыгыш Каракол суулары башталат. Кара-Мойнок, Ой- Кайың тоолорунда майда мөңгүлөр бар (жалпы аянты 7,3 км2). Климаттык шарты бийиктикке карай өзгөрөт; жалпысынан кескин континенттик; абанын орточо температурасы январда –11,9°С, июлда 12,5°С; жылдык жаан-чачыны 300– 400 мм. Тоонун ландшафты бийиктик алкактуулук боюнча алмашат. Тоо этектеринде, айрыкча күнгөй беттеринде 2200–2300 мге чейин талаа (бетеге, шыбак); 2200–2800 мде шалбаалуу талаа (бетеге, дүйүм чөптөр), бир аз жери токой; 2800–3300 мде альп шалбаасы, шалбаалуу талаа; 3300 мден жогору шагыл таштуу, аска-зоокалуу субнивалдык, нивалдык-гляциалдык алкак жатат. Жайыт.