ДЕШТ-И КЫПЧАК: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕШТ-И КЫПЧА́К''' , | '''ДЕШТ-И КЫПЧА́К''' (Кыпчак талаасы, [[фарси]] тилинде Dašt-i qipčāq; каз. Дешті Қыпшақ; баш. Дәште Ҡыпсаҡ; ) – [[Евразия]]да орун алган тарыхый-географиялык кеңири аймак. Негизи түрк-огуз (таш, даш), фарси, урду, армян тилдеринде (дашт, дешт, дәшт) «таштак талаа, кумдуу чөл» деген мааниде колдонулган. «Дешт-и-Кипчак» деген термин алгач фарсы акыны Насир [[Хосров]]дун «Жыйнактар» (Диван, 1030) деген эмгегинде жолугат. Кийинки (11–16-к.) жазма булактарда мындай аталыш [[Борбордук Азия]]нын түндүк-батышынан тарта түштүгү [[Аму-Дарыя]] менен [[Сыр-Дарыя]]нын төмөнкү алабы, түндүгү [[Урал]] тоолоруна жете, чыгышы Батыш [[Алтай]] жана [[Иртыш]] өзөнү, батышы [[Дунай]]дын төмөнкү агымы – азыркы [[Болгария]]га чейинки жерлерди камтыган. Булардан мурунку араб авторлору (мис., [[ал-Истахри]] 318/321–930/933) [[Волга]] (Итил) чейинки аймакты «Огуздар чөлү» («Мафазат ил-гуз») деп аташкан. Иртыш өзөнүнүн жээктерин мекендеп жүргөн [[кыпчактар]] XI кылымдын баш ченинде саясий күчкө ээ болуп, акырындык менен батышка жылып, 1030-жылдары [[Хорезм]], андан (XII к.) Дунай дарыясына жеткен. Бул аймакта башка калктар (огуз ж. б. тилдүү түрк уруулар, финн-угорлор ж. б.) жашаса да, кыпчактардын саясий ролунун өсүшүнө байланыштуу Дешт-и Кыпчак деген аталыш сакталып калган. Орто кылымдардагы орус жазма маалыматтарында бул аймак «половец талаасы», «куман талаасы», ал эми европалыктарда «Кумания» деген аталыш менен белгилүү болгон. XIII кылымда [[Чыңгыз-хан]]дын империясынын курамына карап, мындай аталыш дээрлик XIX к. чейин колдонулган. Бул аймакта жашашкан уруулардын көбү кийинчерээк [[Орто Азия]] менен [[Казакстан]] элдерин кураган [[түрк]] элдеринин курамына кирип, алардын этностук бөлүгүн түзгөн. Дешт-и-Кипчактын географиялык абалы, саясий жана тарыхый өнүгүшүнө [[Бартольд]] В. В., Семёнов A. A., Гафуров Б. Г., Иванов П. П., Иванов М. С., Петрушевский И. П. сыяктуу ж.б. белгилүү окумуштуу-илимпоздор көңүл бурган. | ||
Ад.: | Ад.: Заходер Б. Н. История восточного средневековья. М.,1944; Иванов П.П. Очерки по истории Средней Азии. М., 1958; Бартольд В. В. История турецко-монгольских народов. Соч., т. V, М., 1968; Кляшторный С. Г., Султанов К. И. Казахстан: летопись трех тысячелетий. Алма-Ата, 1992. | ||
''О. Каратаев.'' | ''О. Каратаев.'' | ||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] | [[Category: 3-том, 5-85 бб]] |
05:04, 30 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ДЕШТ-И КЫПЧА́К (Кыпчак талаасы, фарси тилинде Dašt-i qipčāq; каз. Дешті Қыпшақ; баш. Дәште Ҡыпсаҡ; ) – Евразияда орун алган тарыхый-географиялык кеңири аймак. Негизи түрк-огуз (таш, даш), фарси, урду, армян тилдеринде (дашт, дешт, дәшт) «таштак талаа, кумдуу чөл» деген мааниде колдонулган. «Дешт-и-Кипчак» деген термин алгач фарсы акыны Насир Хосровдун «Жыйнактар» (Диван, 1030) деген эмгегинде жолугат. Кийинки (11–16-к.) жазма булактарда мындай аталыш Борбордук Азиянын түндүк-батышынан тарта түштүгү Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыянын төмөнкү алабы, түндүгү Урал тоолоруна жете, чыгышы Батыш Алтай жана Иртыш өзөнү, батышы Дунайдын төмөнкү агымы – азыркы Болгарияга чейинки жерлерди камтыган. Булардан мурунку араб авторлору (мис., ал-Истахри 318/321–930/933) Волга (Итил) чейинки аймакты «Огуздар чөлү» («Мафазат ил-гуз») деп аташкан. Иртыш өзөнүнүн жээктерин мекендеп жүргөн кыпчактар XI кылымдын баш ченинде саясий күчкө ээ болуп, акырындык менен батышка жылып, 1030-жылдары Хорезм, андан (XII к.) Дунай дарыясына жеткен. Бул аймакта башка калктар (огуз ж. б. тилдүү түрк уруулар, финн-угорлор ж. б.) жашаса да, кыпчактардын саясий ролунун өсүшүнө байланыштуу Дешт-и Кыпчак деген аталыш сакталып калган. Орто кылымдардагы орус жазма маалыматтарында бул аймак «половец талаасы», «куман талаасы», ал эми европалыктарда «Кумания» деген аталыш менен белгилүү болгон. XIII кылымда Чыңгыз-хандын империясынын курамына карап, мындай аталыш дээрлик XIX к. чейин колдонулган. Бул аймакта жашашкан уруулардын көбү кийинчерээк Орто Азия менен Казакстан элдерин кураган түрк элдеринин курамына кирип, алардын этностук бөлүгүн түзгөн. Дешт-и-Кипчактын географиялык абалы, саясий жана тарыхый өнүгүшүнө Бартольд В. В., Семёнов A. A., Гафуров Б. Г., Иванов П. П., Иванов М. С., Петрушевский И. П. сыяктуу ж.б. белгилүү окумуштуу-илимпоздор көңүл бурган.
Ад.: Заходер Б. Н. История восточного средневековья. М.,1944; Иванов П.П. Очерки по истории Средней Азии. М., 1958; Бартольд В. В. История турецко-монгольских народов. Соч., т. V, М., 1968; Кляшторный С. Г., Султанов К. И. Казахстан: летопись трех тысячелетий. Алма-Ата, 1992.
О. Каратаев.