ЖУЧУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖУЧУ</b> (1185–1227- | <b type='title'>ЖУЧУ</b> (1185–1227-жылдардын башы) – <i>Чыңгызхандын</i> тун уулу, аскер ишмери, моңгол ханы. Согуш ишине жаш кезинен машыккан. 1207–08-жылдарда Енисей кыргыздарын, Алтайды, Туваны, <i>Дешт-и Кып­чактын</i> чыгышын Моңгол империясына кош­кон. 1219-жылы моңголдордун Орто Азияга жасаган жүрүшүндө Бухара, Самарканд, Хорезм, Кожент, <i>Отрар,</i> Үргөнч ж. б. шаарларды алууга катышып, өзүнүн аскери м-н Сыр-Дарыянын төмөн жагын­да жайгашкан Чыганак, Беженд, Аснаш ж. б. шаарларды каратып алган. Калкадагы салгылашуу­дан кийин (1223) Чыңгызхан ага Дешт-и Кып­чакты, Хорезмден Урал тоолоруна чейинки жер­лерди энчиге берген. 1226–27-ж. Дешт-и Кып­чактын батышын толук багындырган. Моңгол­дорго каршы көтөрүлүштөрдү ырайымсыздык м-н басып турган. Кээ бир маалыматтар боюнча Чыңгызхандын жашыруун буйругу боюнча өлтү­рүлгөн. | ||
тун уулу, аскер ишмери, моңгол ханы. Согуш | |||
өзүнүн аскери м-н Сыр-Дарыянын төмөн жагын­да жайгашкан Чыганак, Беженд, Аснаш ж. б. | |||
Чыңгызхандын жашыруун буйругу | |||
<i>Т. Жуманалиев.</i> | |||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] |
07:50, 30 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖУЧУ (1185–1227-жылдардын башы) – Чыңгызхандын тун уулу, аскер ишмери, моңгол ханы. Согуш ишине жаш кезинен машыккан. 1207–08-жылдарда Енисей кыргыздарын, Алтайды, Туваны, Дешт-и Кыпчактын чыгышын Моңгол империясына кошкон. 1219-жылы моңголдордун Орто Азияга жасаган жүрүшүндө Бухара, Самарканд, Хорезм, Кожент, Отрар, Үргөнч ж. б. шаарларды алууга катышып, өзүнүн аскери м-н Сыр-Дарыянын төмөн жагында жайгашкан Чыганак, Беженд, Аснаш ж. б. шаарларды каратып алган. Калкадагы салгылашуудан кийин (1223) Чыңгызхан ага Дешт-и Кыпчакты, Хорезмден Урал тоолоруна чейинки жерлерди энчиге берген. 1226–27-ж. Дешт-и Кыпчактын батышын толук багындырган. Моңголдорго каршы көтөрүлүштөрдү ырайымсыздык м-н басып турган. Кээ бир маалыматтар боюнча Чыңгызхандын жашыруун буйругу боюнча өлтүрүлгөн.
Т. Жуманалиев.