ВАРФОЛОМЕЙ ТҮНҮ: нускалардын айырмасы
2-tom>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
11:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы
ВАРФОЛОМ́ЕЙ ТҮНҮ – 1572-ж. 24-август түнү Парижде гугенотторго католиктердин кыргын салышы. Кийин ал кыргын өлкөнүн башка провинцияларына да жайылган. Ич ара каршылашып келген католиктер м-н гугеноттор 1572-ж. өз ара тынчтык келишим түзүшүп, аны француз
«Варфоломей түнү». Ф. Дюбуанын картинасы 16-к. Карнавале музейи (Париж). королу Карл IXнун карындашы Маргарита Валуа м-н гугеноттордун башчысы Генрих Наварранын никеси аркылуу бекемдөөнү макулдашышкан. Королева Екатерина Медичи ж-а Гизы католиктеринин башчылары гугеноттордун күч алып кетишинен чочулап, нике тойго чакырылган бир нече миӊдеген дворян-гугенотторду өлтүрүүнү чечишет. Болочок король Генрих IVнүн үйлөнүү тоюн өткөрүп жаткан түнү (ыйык Варфоломей майрамына тушташ) 3000ден ашуун гугенотту өлтүрүшкөн. 25-августтан 3-октябрга чейин Франциянын башка шаарларында да он миӊге жакын гугеноттор кырылган. В. т-нүн натыйжасында өлкөдө диний согуштар кайрадан жанданган. Ушундан улам «В. т.» түшүнүгү атайын уюштурулган массалык кыргынды билгизип калган. Ад.: Варфоломеевская ночь: События и споры. М., 2001.