ЖЫЛ МЕЗГИЛДЕРИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЫЛ МЕЗГИЛДЕРИ</b> – жылдыздуу асман | <b type='title'>ЖЫЛ МЕЗГИЛДЕРИ</b> – жылдыздуу асман боюнча күндүн байкалган кыймылына ж-а табияттын мезгилдүү өзгөрүшүнө жараша жылдын мезгил­дерге – жаз, жай, күз, кышка бөлүнүшү. Ал Жер­дин өз орбитасынын тегиздигинде, эклиптика­да 23°26′ (66°34′) бурч м-н жантайып, айлануу огу м-н аныкталат. Жылдыздуу асман боюнча Күндүн көзгө көрүнгөн кыймылына жараша жыл (жаз, жай, күз, кыш) мезгилдерге бөлүнөт. Жер Күндү айланганда, анын айлануу огу өзүнө жарыш жылгандыктан, Жер жыл бою бирде түндүк, бирде түштүк жагы м-н Күнгө карата жан­таюу абалында болот. Натыйжада Күн бирде Жердин Түндүк, бирде Түштүк жарым шарын жарык кылып, күчтүү ысытат да, Түндүк жарым шарда жай болгондо, Түштүк жарым шарда кыш ж-а тес­керисинче болот. Күн борбору эклиптика боюнча кыймылдап, Түштүк жарым шардын асман сфера­сынан Түндүк жарым шарга (20- же 21-мартта) өткөн учурда, Түндүк жарым шарда жаз башта­лат. Ошол күнү Жердин бардык бетине (уюл­дук аймактардан башка) күн-түн теңелет. Жай­дын башталышында Түндүк жарым шарда (21- же 22-июнда) Күн эклиптиканын Түндүк чекити (жай­кы күн токтолуу чекити) аркылуу өтөт. Бул учурда Жердин Түндүк жарым шарында күн, ал эми түштүгүндө түн өтө узарат. Күздүн башта­лышында – түндүк жарым шарда (23-сентябрь) Күн экваторду 2-жолу кесип өтүп (күзгү күн-түн те­ңелүү чекити), Түндүк жарым шардан түштүккө өтөт. Жердин бардык орундарында кайрадан күн-түн теңелет (түндүк жарым шарда 21- же 22- декабрь). Күн эклиптиканын түштүк чекити (кыш­кы күн токтолуу чекити) аркылуу өткөндө, кыш башталат да, Жердин Түндүк жарым шарында күн, түштүгүндө түн өтө кыскарат. Жер орбитасы эл­липс түрүндө болуп, Күндү бир калыпта айлан­багандыктан, жыл мезгилинин узактыгы да ар түрдүү болот. Январь айында Жер перигелий ар­кылуу өтүп, Күнгө абдан жакындайт. Бирок күн нуру жер бетине абдан кыйгач түшкөндүктөн, аба ырайы суук болот. Ал кезде Жер тезирээк кыймылдайт, Түндүк жарым шарда кыш кыска­рып, жай узагыраак болот. Азыркы учурда түндүк жарым шарда жаздын узактыгы – 92,8 сутка, жай – 93,6 сутка, күз – 89,8 сутка, кыш – 89,0 сутка болуп, бардыгы 365,2422 сутканы (тро­пиктик жыл) түзөт. Жер орбитасы эллипс түрүндө болгондуктан, аба ырайынын мезгилдүү өзгөрүшүнө жылуу ж-а муздак агымдар, тоолор, шамал көбүрөөк таасир этет. Ошондуктан кү­нүмдүк турмушта жыл мезгилинин алмашуусун астрономиялык эмес, жаратылыш белгилери (орточо сутка­лык температура) боюнча аныкталат. Астрометриялык жыл мезгилине карата календарлык мезгил 21–22 суткага жылды­рылып эсептелет: жаз (март, апрель, май), жай (июнь, июль, август), күз (сентябрь, октябрь, ноябрь), кыш (де­кабрь, январь, фев­раль). | ||
кыймылдап, | |||
өткөн учурда, | |||
өтөт. Жердин бардык орундарында кайрадан күн-түн теңелет ( | |||
өзгөрүшүнө жылуу ж-а муздак агымдар, тоолор, | |||
шамал көбүрөөк таасир этет. Ошондуктан кү­нүмдүк турмушта жыл мезгилинин алмашуусун | |||
[[File:ЖЫЛ МЕЗГИЛДЕРИ134.png | thumb | none]] [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | [[File:ЖЫЛ МЕЗГИЛДЕРИ134.png | thumb | none]] [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
03:50, 31 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫЛ МЕЗГИЛДЕРИ – жылдыздуу асман боюнча күндүн байкалган кыймылына ж-а табияттын мезгилдүү өзгөрүшүнө жараша жылдын мезгилдерге – жаз, жай, күз, кышка бөлүнүшү. Ал Жердин өз орбитасынын тегиздигинде, эклиптикада 23°26′ (66°34′) бурч м-н жантайып, айлануу огу м-н аныкталат. Жылдыздуу асман боюнча Күндүн көзгө көрүнгөн кыймылына жараша жыл (жаз, жай, күз, кыш) мезгилдерге бөлүнөт. Жер Күндү айланганда, анын айлануу огу өзүнө жарыш жылгандыктан, Жер жыл бою бирде түндүк, бирде түштүк жагы м-н Күнгө карата жантаюу абалында болот. Натыйжада Күн бирде Жердин Түндүк, бирде Түштүк жарым шарын жарык кылып, күчтүү ысытат да, Түндүк жарым шарда жай болгондо, Түштүк жарым шарда кыш ж-а тескерисинче болот. Күн борбору эклиптика боюнча кыймылдап, Түштүк жарым шардын асман сферасынан Түндүк жарым шарга (20- же 21-мартта) өткөн учурда, Түндүк жарым шарда жаз башталат. Ошол күнү Жердин бардык бетине (уюлдук аймактардан башка) күн-түн теңелет. Жайдын башталышында Түндүк жарым шарда (21- же 22-июнда) Күн эклиптиканын Түндүк чекити (жайкы күн токтолуу чекити) аркылуу өтөт. Бул учурда Жердин Түндүк жарым шарында күн, ал эми түштүгүндө түн өтө узарат. Күздүн башталышында – түндүк жарым шарда (23-сентябрь) Күн экваторду 2-жолу кесип өтүп (күзгү күн-түн теңелүү чекити), Түндүк жарым шардан түштүккө өтөт. Жердин бардык орундарында кайрадан күн-түн теңелет (түндүк жарым шарда 21- же 22- декабрь). Күн эклиптиканын түштүк чекити (кышкы күн токтолуу чекити) аркылуу өткөндө, кыш башталат да, Жердин Түндүк жарым шарында күн, түштүгүндө түн өтө кыскарат. Жер орбитасы эллипс түрүндө болуп, Күндү бир калыпта айланбагандыктан, жыл мезгилинин узактыгы да ар түрдүү болот. Январь айында Жер перигелий аркылуу өтүп, Күнгө абдан жакындайт. Бирок күн нуру жер бетине абдан кыйгач түшкөндүктөн, аба ырайы суук болот. Ал кезде Жер тезирээк кыймылдайт, Түндүк жарым шарда кыш кыскарып, жай узагыраак болот. Азыркы учурда түндүк жарым шарда жаздын узактыгы – 92,8 сутка, жай – 93,6 сутка, күз – 89,8 сутка, кыш – 89,0 сутка болуп, бардыгы 365,2422 сутканы (тропиктик жыл) түзөт. Жер орбитасы эллипс түрүндө болгондуктан, аба ырайынын мезгилдүү өзгөрүшүнө жылуу ж-а муздак агымдар, тоолор, шамал көбүрөөк таасир этет. Ошондуктан күнүмдүк турмушта жыл мезгилинин алмашуусун астрономиялык эмес, жаратылыш белгилери (орточо суткалык температура) боюнча аныкталат. Астрометриялык жыл мезгилине карата календарлык мезгил 21–22 суткага жылдырылып эсептелет: жаз (март, апрель, май), жай (июнь, июль, август), күз (сентябрь, октябрь, ноябрь), кыш (декабрь, январь, февраль).
