ИЗРАИЛЬ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
108 сап: | 108 сап: | ||
==Маданияты== | ==Маданияты== | ||
Билим берүү еврей коомчулугун­да маанилүү орунду ээлеп келген. Калктын са­баттуулук деңгээли боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. Израиль мамлекети ка­был алган алгачкы мыйзамдарында эле 6–13 жаштагы бардык балдарга акысыз билим берүү жөнүндө жарыяланган. Негизинен 5–6 жаштагы балдар үчүн бала бакчалар акысыз. Билим берүү системасында мамлекеттик, мамллекеттик-диний жана диний мектептер бар жана балдардын 80%и мектепке чейинки мекемелерге барат (2004). Мамлекеттик-диний мектептерде иудаизмди окутууга жана еврей салт­тарын сактоого айрыкча көңүл бурулат. Мамлекеттик мектептерде кыздар жана балдар чогуу билим алса, диний мектептерде бөлөк окушат. Араб тарыхын жана маданиятын окутууга көп көңүл бу­рулган. Израилде эл аралык кадыр-барктуу жогорку окуу жайлар бар. Мисалы, Иерусалимдеги Еврей университети (1925-жылы негизделген), Технион технологиялык институту (1924), Тель-Авив университети (1956-жылы 3 институттун базасында уюштурулган). Вейцман атындагы химия, математика, физика жана табигый илимдер илимий- изилдөө борбору Реховото штатында 1949-жылы негиздел­ген. 2006-жылы 20 жогорку окуу жайда 75 миң студент окуган. Израилде 500дөн ашык китепкана бар.<br>Израильде 150гө жакын музей бар, эң ириси Иеру­салимдеги Израиль музейи (1965-жылы негизделген), бел­гилүүлөрү: Тель-Авив көркөм сүрөт музейи (1932), Хайф антикалык искусство музейи (1949) жана башкалар. Иврит тилиндеги алгачкы мезгилдүү ба­сылмалар 1863-жылы Иерусалимде чыккан, 1869-жылдан Иерусалимде басма сөз үзгүлтүксүз чы­гып турган. 2006-жылы Израилде 40ка жакын күнүгө жана 1000ден ашык апта жана ай сайын чыгуучу гезит-журналдар болгон. «Гаарец» (иврит, анг­лис тилдеринде, 75–95 миң нуска), «Едиот ах­ронот» (1939-жылдан иврит, англис тилдерин­де, 300–750 миң нуска), «Джерузалем пост» (ан­глис тилинде, 25–90 миң нуска) жана башкалар. Радио уктуруусу 1936-жылдан, телекөрсөтүү 1965-жыл­дан иштейт. Бир нече мамлекеттик жана коммерция­лык телекөрсөтүү жана радио каналдар иштейт. Израиль интернет-байланыш кызматы боюнча дүйнөдө 7-орунда турат.<br>Алгачкы иммигрант еврейлер өздөрү жаша­ган өлкөлөрдүн маданиятынын элементтерин ала келген. Ошондуктан Израилде Борбордук жана Чыгыш Европанын маданий салттары, кийинчерээк ба­тыш жана америкалык маданияттын таасири байкалат. Израиль адабияты негизинен иврит тилинде өнүгүүдө. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү Нобель сыйлыгынын лауреаты Ш. Агнон (1888–1970), А. Бараша (1889–1957) жана акындар А. Шлёнский (1900–1973), Л. Гольд­берг (1911–1970) жана башкалар. 1980-жылдарда айрыкча А. Б. Иехошуанын «Мырза Мани» (1990) рома­ны, А. Оздун өлкөдөгү ар кыл маданий-этнос­тук топтордун ичиндеги карама-каршылыктар­ды чагылдырган «Кара ящик» (1987) романы белгилүү болгон. Коомдогу диний маселелер Х. Беер, Х. Бат-Шахар, Х. Эстердин чыгарма­ларында, араб кыштагынын турмушу иврит ти­линде араб христиан акыны А. Шаммастын | |||
өлкөлөрдүн катарына кирет. | «Арабески» романында чагылдырылган.<br>Израилде араб (Э. Хабиби), идиш (Т. Фейзельбаум, В. Чернин) жана орус тилиндериндеги ( И. Губер­ман, Д. Рубина, А. Горенко жана башкалар) адабият өнүгүүдө.<br>Өлкөнүн аймагында ар кыл мезгилдерге таандык архитектура жана искусство эстеликтери сакта­лып калган. Алсак, Галилеядагы жертөлөлөр (биздин заманга чейинки 10–8-миң жылдыктар), эрте неолит доо­рунун таш курулуштары, Бейсандагы энеолит­тик шаар калдыктары, Израиль жана Иудей падышалыктарынын мезгилине, Ашкелон, Бей­сан, Иерусалим, Кесариядагы Рим дооруна мүнөздүү эстеликтер (биздин заманга чейинки I кылым – биздин заманга чейинки IV кылым). [[File:ИЗРАИЛЬ82.png | thumb | Байыркы Бет-Шеан шаарынын археологиялык казуулары болжол менен 5000 жыл жашаган.]] | ||
чейинки мекемелерге барат (2004). | Ошондой эле, байыркы синагогалардын калдыктары, эрте христиан жана византия мезгилине таан­дык – Вифлеемдеги Рождество храмы, Иеруса­лимдеги Кудайдын табыты храмы ошондой эле, Бет- Альфа, Табгадагы эстеликтер белгилүү. Араб­дар басып алган мезгилге таандык Хирбет аль- Мафджар ак сарайы (VIII кылым), кресттүүлөр доорун­дагы (XI–XIII кылымдар) эстеликтер жана башкалар сакталып кал­ган. XIX кылымдын аяк ченинде эммиграциянын күчөшү менен Европа жана Америка өлкөлөрүнүн таасири архитектура, маданият жаатында таасын байка­лат. Тель-Авив шаары (1909-жылы негизделген) шот­ландиялык архитектор П. Геддестин планы менен курул­ган. XX кылымдагы христиан храмдары италян архитектору А. Барлуцци (Фавор тоосундагы Преображения храмы), германиялык Ж. Муцио (Назареттеги чиркөө) жана башка архитекторлор тарабынан тургузулган. | ||
мектептерде иудаизмди окутууга | |||
<br> | |||
[[File:ИЗРАИЛЬ83.png | thumb | Храм тоосундагы К у б б а т - а с - С а х р а (Аска кумпасы) ме­чити. VII кылым. Иеруса­лим.]] | |||
XX кылымдын 2-жарымында Тель-Авивде Ф. Манн­дын Концерттик залы (З. жана Я. Рехтер, Д. Кар­ми, М. Зархи), «Бейлинсон госпиталы (А. Ша­рон, Б. Идельсон), 36 кабаттуу «Шалом» соода имараты (И. Яшар, Эйтан) жана башкалар курулган. 1950-жылы композиторлор мектеби жана аткаруу чеберчи­лиги өнүгө баштаган. 1948-жылы Израиль филармония­сы ачылып, ага караштуу камералык «Рамат- Ган» оркестри, Хайфа симфониялык оркестри, улуттук опера театры, 1950-жылы «Инбал» музыкалык театры уюш­турулат. 1958-жылдан Тель-Авивде Израиль улуттук театры иштейт. Израилдин биринчи толук метраж­дуу көркөм тасмасы («Убактылуу элдешүү», режиссёру А. Амар) 1950-жылы тартылган. Тел-Авивде эки, Иерусалимде бир киностудия иштейт. | |||
136 сап: | 124 сап: | ||
<p align='right'><i type='author'>Н. Алымкулова, Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Н. Алымкулова, Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
08:18, 31 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ИЗРА́ИЛЬ , И з р а и л ь М а м л е к е т и – (Мединат Исраэль) – Жакынкы Чыгыштагы мамлекет; Азиянын батыш бөлүгүндө, Жер Ортолук деңиздин түш.-чыгыш жээгинде жайгашкан. Түндүгүнөн Ливан, түн.-чыгышынан Сирия, чыгышынан Иордания (чек арасынын бир бөлүгү Жансыз деңиздин акваториясы аркылуу өтөт), түш.-батышынан Египет м-н чектешет. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1947-жылдын 29- ноябрдагы Палестинаны бөлүү ж-дөгү чечими б-ча бөлүнгөн аянты 14 миң км2; ал эми 1948– 49-жылдардагы араб-израиль согушунда басып алган жерлерди кошкондо 20,7 миң км2; 1967-ж. басып алган жерлер (Иордан д-нын ба-

тыш жээги, Чыгыш Иерусалим, Сирия Голан дөңсөөсү) м-н 21,6 миң км2 (Тивериад көлүнүн акваториясын ж-а Жансыз деңиздин акваториясынын бир бөлүгүн кошкондо 22,1 миң км2). Калкы 7,1 млн (2007). Өлкөнүн башкы экон. ж-а маданий борбору – Тель-Авив ш. БУУнун каршылыгына карабастан, 1950-ж. Иерусалим ш. өлкөнүн борбору деп жарыяланган. Өкмөт мекемелери, парламент шаардын батыш бөлүгүнө жайгаштырылган (калкы 400 миңден ашык, анын 250 миңдейи – еврейлер, 160 миңи – арабдар. Расмий тили – иврит (байыркы еврей) ж-а араб тилдери. Акча бирдиги – шекель. Адм.- айм. жактан шарттуу 15 райондон турган 9 округга (мехоз; анын курамына И. басып алган жерлер – Иордан д-нын Батыш жээгинин бир бөлүгү ж-а Сириянын Голан дөңсөөсү да камтылган) бөлүнөт.
Округдары ж-а райондору (2006)
И. – БУУнун (1949), ЭВФтин (1954), Бүткүл
дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү
. И. – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Атайын конституциясы жок, өлкөдөгү иш-чаралар көз каранды эместик декларациясынын (1948) ж-а 11 негизги мыйзам актылары м-н жөнгө салынат. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – кнессет (4 жылга шайланган 120 депутаттан турган бир палаталуу парламент). Мамлекет башчысы кнессет тарабынан 7 жылдык мөөнөткө шайланган президент. Президенттин ыйгарым укуктары өкүлчүлүк мүнөздө (2000-жылдан М. Кацава). Аткаруу бийлиги өкмөткө таандык. Аны премьер-министр башкарат (2006-жылдан Э. Ольмерт). 2006-ж. түзүлгөн коалициялык өкмөттүн курамына «Кадима», «Ликуд», «Авода» партияларынын өкүлдөрү кирет. Саясий партиялары: «Авода» (Израиль эмгек партиясы), «Ликуд», «Кадима», «Сефарддар – Тораны сактоочулар», («Шас»), «Биздин үй – Израил», «МАФДАЛ» («Улуттук диний партия»), «Гиль», И. социал-демокр. солчул либералдык укук коргоо партиясы («Мерец») ж. б.
Табияты
. Жер Ортолук деңизди жээктей күрдүү топурактуу, дөбө-дөңсөөлүү кууш (жазылыгы 40 кмге чейин) түздүк жатып, ал чыгышта дүйнөдөгү эң терең – Гхор (Эль-Гор) тектон. ойдуңуна тепкичтенип тик түшкөн (1000 м ж-а андан да терең), бир аз күдүрлүү платого (орт. бийикт. 500–1000 м, өлкөнүн эң бийик жери

1208 м, Мерон чокусу ) өтөт. Платонун бети негизинен акиташ теги (мында карст процесси
өөрчүгөн), кумдук, базальт тектеринен түзүлгөн.
Ойдуң аркылуу Иордан д. агат; анда ачуу туздуу Жансыз деңиз (деңиз деңг. 418 м төмөн) жайгашкан. Жансыз деңиздеги таш туз, бромдуу калий, натрий туздарынан сырткары фосфорит,


кварцтуу кум, чопо, мрамор, жез, темир, чым көң, Негев чөлүндө нефть м-н газдын чакан кендери бар.
Климаты субтропиктик, жер ортолук деңиздик; түндүгүндө салыштырмалуу нымдуу, түштүгүндө ж-а ойдуңдарында жарым чөлдүү ж-а
чөлдүү. Жайы ысык (июль, августта 24–28°С,
Гхордо 36°Сге чейин), кышы жылуу (январда 6–15°С, Жансыз деңиздин түш.-батышында 18°Сге чейин). Абанын абс. макс. темп-расы 47°С (1998-ж. Иордан өрөөнүндө катталган). Кышкы минимум темп-ра түндүгүндөгү тоолордо 0°Сге
чейин төмөндөйт. Жылына Жансыз деңиздин
жээгинде, Гхор ойдуңунда, Негев чөлүндө 100– 200 мм, айрым жерлеринде 100 ммден аз, платолордо 600–800 мм, Жер Ортолук деңиз жээгиндеги түздүктөрдө 400–800 мм жаан-чачын (негизинен кышында) жаайт. И-дин аймагы агын сууларга жарды. Түн-чыгышында, Гхор ойдуңунда Иордан д-нын жогорку бөлүгү агат. Ойдуңда Жансыз деңизден сырткары тузсуз суунун өлкөдөгү эң ири булагы болгон Тивериади көлү (бети деңиз деңг. 209–213 м төмөн) жайгашкан. Дарыяларынын көбү жайында соолуп калат же агымы кескин азаят. Түштүгүндө (Негев чөлүндө) вадилер (кургак сайлар) кездешет. Булак, кудук суулары пайдаланылат; Эйлат ш-нда деңиз суусун тузсуздандыруучу станция иштейт. Пайдалануучу суунун 60%тен ашыгы сугатка кетет.
Күрөң, тоонун бозомук-күрөң, боз, түштүгүнө
чөлдүн боз-коңур топурактары мүнөздүү. Деңиз жээктериндеги түздүктөрдү негизинен айдоо жерлер (дан эгиндери, жашылча, бакча), цитрус өсүмдүктөрүнүн плантациялары, жүзүмзар ж. б. ээлейт. Платолордо ж-а жапыз тоолордо субтропиктик сейрек токой (палестина эмени, мүйүз дарак, мисте, европа ак чечеги ж. б.), экинчилик дарак-бадал өсүмдүктөрү (маквис, гаррига) кездешет. Токой өлкөнүн аймагынын 6%ин ээлейт; анда отургузулган ийне жалбырактуу токой (алеппо, калабрия, итальян мырза карагайлары; кедр, кипарис), түштүгүндө эвкалипт ба-

сымдуу. Түштүгүн Негев, Халуца чөлдөрү ж-а жарым чөлдөр (таштак чөлдөр, баялыш жамаатташтыгы, галофит шалбаасы ж. б.) ээлейт. Коргоого алынган табигый аймактын аянты 397 миң га. Хайфа ш-нын чет-жакасында ири улуттук парк – Хар-Кармель биосфера резерваты жайгашкан. Неот-Кедумим коругунда библия мезгилине мүнөздүү өсүмдүктөр калыбына келтирилген.
Калкынын
76%тен ашыгын еврейлер, 20%тен ашыгын арабдар түзөт. Башка этностук ж-а этноконфессиялык топтор – 3,7%, аларга – друздар, армяндар, адигелер («черкестер») ж. б. кирет. 21-к-дын башынан еврей калкынын кыскаруу (2000–05-ж. 1,8 %ке), ал эми арабдардын көбөйүү (1,1%ке) тенденциясы байкалууда. И. мамлекет катары жарыялангандан 2007-ж.
чейин калкы 8,5 эседен ашык көбөйгөн. 1948– 2005-ж-да калктын көбөйүүсүндөгү табигый өсүүнүн үлүшү 60,7% мигранттардын үлүшү 39,3% болгон. 2005-ж. Россия ж-а КМШ өлкөлөрүнөн келген еврейлер 1175,4 миңди (И-дин калкынын 17%тен ашыгы) түзгөн. Ошол эле учурда сыртка көчүп кеткен еврейлердин саны да арбын (1948–83-ж. И-ден 700 миңден ашуун еврей АКШга кеткен). Жыштыгы 1 км2 жерге 330дай адам. Курактык курамы: 15 жашка чейинкилер – 21,1%, 14–65 жаштагылар – 64,15%,


65 жаштан өткөндөр – 9,75% (2007). Еврейлер иудаизм, арабдар ислам, армяндар христиан динин тутат. Шаар калкы 93,6% (2006). Ири шаарлары (2007): Тель-Авив (калкы агломерациясы м-н 3,2 млн), Хайфа (1,2 млн), Иерусалим (1,3 млн), Ашдод (204,4 миң), Беэр-Шева (185,8 миң), Нетанья (174,0 миң), Ашкелон (107,9 миң).
Тарыхы
. Палестинаны араб ж-а еврей мамлекеттерине бөлүү ж-дөгү БУУнун Генералдык Ассамблеясынын резолюциясы жарыялангандан (1947-ж. 29-ноябрь) кийин Палестинада согуш аракеттери башталган. Эмигрант еврей жамааттарынын ишув аталган куралдуу бөлүктөрү араб мамлекетинин курамына кире турган жерлерге да өз көзөмөлүн орноткон. Палестина аймагынын бир бөлүгүндө 1948-ж. 14-майда И. мамлекетинин көз каранды эместигинин декларациясы жарыяланган. Араб өлкөлөрү бул чечимге каршы чыгып, И-ге каршы согуштук аракеттерди баштаган. 1948–49-ж. согуштун жүрүшүндө И. БУУнун чечими м-н Араб мамлекетине берилүүчү аймактын бөлүгүн ж-а Иерусалимдин батышын кошуп алган. Палестинада араб мамлекетин түзүү ж-а Иерусалимге өзгөчө статус берүү чечими үзгүлтүккө учураган. 1956-ж. И. Улуу Британия ж-а Франция м-н Египетке каршы агрессияга катышкан. Араб-израиль согушунун жыйынтыгында И. 1967-ж. июнь айында Иордан д-нын сол жээгин ж-а Чыгыш Иерусалимди, о. эле Голан дөңсөөсүн ж-а Синай ж. а-н басып алган. 1982-ж. июнда И. аскерлери Ливанга кирип, Бейруттагы Палестинаны бошотуу уюмунун куралдуу күчтөрүн ж-а штабквартирасын чыгарып жиберүүгө жетишкен. 20-к-дын 70-жылдарынын орто ченинде арабизраиль чыр-чатактарын тынчтык жолу м-н жөнгө салуу иштери жүргүзүлүп, 1977-ж. алгачкы жолу израиль-араб мамилелеринин тарыхында Египеттин президенти А. Садат И-ге келет. 1978-ж. АКШнын кийлигишүүсү м-н И. ж-а Египеттин ортосунда Кэмп-Девид макулдашуусу түзүлүп, 1979-ж. алардын ортосунда тынчтык келишимине кол коюлат. 1982-ж. И. Египетке Синай ж. а-н кайтарып берген.
1992-ж. башында И. Рабин турган И. «Эмгек партиясынын» («Авода») бийликке келиши

м-н Ж. Чыгыштагы тынчтык процесси бир топ жөнгө салынган. 1993-ж. Вашингтонгдо Израилдик-палестиналык декларацияга, 1994-ж. Газа ж-а Иерохон б-ча макулдашууга кол коюлган. 1994-ж. И. м-н Иорданиянын ортосунда тынчтык келишими түзүлгөн. Сирия ж-а Ливан сүйлөшүүлөрү да бир кыйла ийгиликтүү жүргүзүлөт. Бирок, 1995-ж. премьер-министр И. Рабиндин
өлтүрүлүшүнөн кийин, бийликке Б. Нетаньяхунун келиши м-н тынчтык процесси кайрадан кризиске учурайт. И. палестиналыктар келишимдин шарттарын аткарбай жатат деген кине коюп, сүйлөшүүлөрдү токтотот.
1999-ж. Эмгек партиясынын лидери Э. Барактын бийликке келиши м-н тынчтык сүйлөшүүлөр кайрадан жанданган. 2000-ж. И. Түш. Ливандан аскерлерин чыгарып кеткен. Бирок бул иш-чаралар аймактагы абалды турукташтыра алган жок. Ошол эле жылы Э. Барак отставкага кетерин жарыялайт. И. м-н Палестинанын ортосунда чыр-чатак күч алып, палестиналык экстремисттердин аракеттери күч алат. Аларга каршы израилдиктер катуу чараларды көрүп, натыйжада көп адам курман болот.
И-дин премьер-министри А. Шарон м-н
Я. Арафаттын ордуна бийликке келген М. Аббас согушту токтотуу ж-а аймактагы абалды турукташтырууга багытталган келишимге (2005) кол коюшкан. И. үчүн АКШ м-н бир катар макулдашуулар ж-а меморандумдар м-н бекемделген «стратегиялык союз» түзүшү маанилүү ролду ойнойт. И. АКШдан жыл сайын 3 млрд долларга жакын жардам алып турат, анын ири бөлүгү аскердик керектөөлөргө жумшалат. Мындан тышкары, И. Европа өлкөлөрү, о. эле Түркия, Индия, Кытай, Россия, араб-мусулман
өлкөлөрүнөн – Египет, Иордания ж-а Мавритания м-н кызматташтыгы өнүгүүдө.
Экономикасы
. И. өнүккөн индустриялуу-агрардык өлкө. ИДПси 2006-ж. 170,3 млрд долларды түзгөн; аны киши башына бөлүштүргөндө 26,8 миң доллардан туура келет. И. дүйнөдө алдыңкы технологиясы, компьютердик программаларды түзүү, байланыш системасы, агр. индустриясы, алмазга кыр чыгаруу б-ча алдыңкы орундардын бирин ээлейт. О. эле метталл иштетүү, машина куруу (авиа ж-а кеме куруу кошо, а. и.
аскердик), электр-техника, химия ө. ж. тармактары, а. ч. өнүккөн. Өлкөдө өнүккөн ил.-тех. комплекс түзүлгөн; экономикада иштеген 10 миң адамдын 135и илимпоз ж-а инженер (бул көрсөткүч АКШда 70, Германияда 50). И. технол. даярдыгынын көрсөткүчү б-ча дүйнөдө (Швеция, Сингапурдан кийин) 3-, чыгармачыл потенциалынын эконом. индексинин мааниси б-ча (АКШ, Финландия, Сингапурдан кийин) 4-орунду ээлейт. ИДПнин 75%и тейлөө чөйрөсүнө, 23%и ө. ж-на ж-а курулушка, 2%и айыл ж-а токой чарбаларына, балык уулоого таандык. И-дин экономикасында коргоо ө. ж. комплексинин мааниси зор; анда 60 миңге жакын адам иштейт, өлкөнүн товардык экспорт баасынын 20%тен ашыгын аскердик курал түзөт.
Өлкөнүн ИДПсинде ө. ж-нын үлүшү 18%ти
түзөт. Азыркы ө. ж-нын негизин илим сыйымдуу машина куруу (авиаракета, электрондук ж-а электр-тех., оптикалык аспаптар өндүрүшү ж. б.) ж-а химия (так химия, фармацевтика ж. б.) ө. ж. тармактары түзөт. Башка тармактарынын ичинен энергетика, тоо-кен, алмазга кыр чыгаруу, тамак-аш, жеңил ө. ж. өзгөчөлөнөт. И-дин отун-энергетикалык ресурстарга болгон муктаждыгынын 90%тен ашыгын импорт түзөт. 2005-ж. импорттолгон 13 млн т нефть ж-а нефть продуктуларынын 11 млн т сы
чийки нефть. Таш көмүргө болгон муктаждыгын (13,8 млн т) импорт толук камсыз кылат, аны негизинен ТАР, Колумбия, АКШ, Австралиядан сатып алат. Газ Жер Ортолук деңизден
өндүрүлөт (2005-ж. 1655 млн м3). Димондогу
Атом ил.-из. борборунда ядролук реакторго эксперимент жүргүзүлөт. Энергиянын альтернативалык булактарын, айрыкча күн энергиясын пайдаланууга аракет жасалууда (энергетиканын 2%ин түзмөкчү). И-деги турак жайлардын көбү күн бойлери м-н жарык кылынат. Негев чөлүндө Күн энергиясын ө. ж-лык пайдалануу үчүн атайын курулмалар иштейт. Бир нече эксперименттик толкун электр станциясы шамал энергиясы курулмасы бар. 2005-ж. 48,4 млрд кВт.с
электр энергиясы өндүрүлгөн. Металлургия ө. ж. ишканалары Италия, Түркия, Россия, Украинадан алган сырьёнун негизинде иштейт. Болот, тазаланган (рафинацияланган) коргошун ж-а жез эритүү ишканалары бар. Металл констр.
өндүрүшү коргоо ө. ж. комплексине ж-а курулуш индустриясына багытталган. Жалпы ж-а транспорттук машина куруу ө. ж. согуш куралдарын ж-а аскер техникаларын (танк, чабуул коюу үчүн курал, сооттолгон бульдозер, артиллерия ж-а атылма куралдар, а. и. «Узи» автоматы, «Галил» мылтыгы ж. б.), токардык станок, кран, бетон аралаштыргыч, экскаватор, газ турбинасын ж-а компрессорун, түрдүү тетиктерди ж. б. чыгарат; автобус ж-а жүк автомашиналарын жыйноочу, аскер жип автомашиналарын даярдоочу ишканалары бар. Авиаракета ө. ж. – коргоо ө. ж. комплексинин маанилүү тармактарынын бири (учкучсуз учуучу аппарат, оперативдүү-тактикалык ж-а тактикалык ракеталар); кеме куруу, а. и. аскер кемелерин куруу (башкарылма ракета куралы бар корвет, ракеталуу ж-а патруль катерлерди ж. б. чыгаруу) өнүккөн. Электрондук ж-а электр-тех. ө. ж. илимди көп талап кылган ж-а адистештирилген тармак болуп саналат. Бул тармактын ишканалары аскер ишине пайдаланылуучу электрондук, электрондук коопсуздук ж-а сапатты көзөмөлдөө системаларын даярдоого адистешкен. Оптикалык приборлор (а. и. электрондук оптика, лазердик техника) өнүгүүдө. И. – булаоптикалык байланыш линиясын, басма платасынын сапатын көзөмөлдөөчү электр-оптика системасын, түнкү көрсөтүүчү приборлорду, роботтоштурулган өндүрүштүк линияларды чыгаруу б-ча дүйнөдө алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Мед. лазердик техника, радиол. диагностикалык жабдууларды, оптикалык электроника приборлорун
чыгаруу тез темп м-н өнүгүүдө. Сырткы рынокко компьютердик томогр. сканерлер, магнитрезонанстык графикалык система, ультраүн сканерлери, мед. ядролук камера ж. б. чыгарылат. Химия ж-а нефть ажыратуу ө. ж. – өлкөдөгү ири тармак. Анын негизги продукциясы: күйүүчү-майлоочу материалдар, поташ, бром, металл
түрүндөгү магний, каустикалык сода, кайнатма туз, минералдык жер семирткич, жасалма тоют, пластмасса, дары-дармек ж. б. Химия ө. ж-нын маанилүү борборлору: Хайфа, Беэр-Шева ж. б. Алмазга кыр чыгаруу өлкөнүн экономикасында маанилүү орунду ээлейт. 21-к-дын башында дүйнөлүк рынокко чыккан жылмаланган чакан таштардын, негизинен бриллианттын 80%ке жакыны И-ге таандык. Тамак-аш ө. ж-нын негизин мөмө-жемиш ж-а жашылча иштетүүчү, о. эле эт, сүт продукцияларын чыгаруучу ишканалар түзөт. Жеңил ө. ж-нын дүйнөлүк рынокко ийрилген жип, кездеме, булгаарынын ордуна жогорку сапаттагы модалуу тигилүү ж-а булгаары кийимдерди чыгарат; о. эле аскер кийимдерин тигет.
А. ч-нда 455 миң гадан ашык жери иштетилет, анын 50%и сугат жер. Негизинен жаңы технологияны ж-а агротехниканы ургаалдуу пайдалануудан агрардык продукциянын өлчөмү 8 эседен ашкан. И-де 20-к-дын 80-жылдарынын орто ченинде а. ч. өсүмдүктөрүн ж-а мөмө дарактарын тамчылатып сугаруу технологиясы иштелип чыккан. Кышында плёнка жаап жашылча өстүрүүнүн натыйжасында жылына эки жолу түшүм алынат. Ошондуктан И-дин ар бир фермери 52 адамды бага алат. Эң маанилүү а.ч.
өсүмдүктөрү: пахта, жер жаңгак, күн карама,
буудай. Мөмө дарактарынын эң көбүн алма, киви, манго, авокадо, банан, шабдаалы, курма

пальмасы, алмурут, өрүк, жүзүм, жаңгак-пекан, бадам түзөт. Негизги жашылча өсүмдүктөрү: картошка, помидор, бадыраң, калемпир, пияз. Цитрус өсүмдүктөрү (апельсин, грейпфрут, лимон), чеге гүл, атыр гүл, гладиолус өстүрүлөт. Бодо мал, кой ж-а эчки, о. эле үй куштары асыралат. Сүт саап алуу б-ча дүйнөдө (Нидерланд м-н кошо) алдыңкы орунда (жылына бир уйдан 11 миң кгга чейин сүт саап алынган). Жер Ортолук деңизден балык (сардина ж. б.) кармалып, көлмөлөрдө аны көбөйтөт.
2001–03-ж. И. экономикасы Палестина м-н куралдуу тирешүүгө, о. эле жогорку технология рыногундагы жагымсыз конъюнктурага байланыштуу кризиске дуушарланган. Экон. кризистен чыгаруу программасынын натыйжасында 2003-жылдын аягынан өлкөнүн чарбалык секторунда жандануу байкалган. Өнүгүү темпи б-ча И. батыш өлкөлөрүнүн ичинен АКШдан кийинки 2-орунга чыккан. Азык-түлүккө болгон муктаждыгынын 90%тен ашыгын өзү камсыз кылат. А. ч-га жарактуу жери 297 миң га (2004; өлкөнүн аянтынын 14,3%и), анын 222 миң гасы айдоо жер, 71 миң гасы цитрус өсүмдүктөрүнүн, мөмө-жемиш бактарынын, гүл плантациялары, жүзүмзар ж. б. Сугат жери 194 миң га (2003); 1980-жылдардын ортосунан сууну
үнөмдөп (тамчылатып) сугаруу технологиясы
кеңири пайдаланылууда. Мал чарбасынын негизги тармактары: куш, сүт ж-а эт багытындагы мал асыроо. 2006-ж. ар бир уйдан орто эсеп м-н 10,5 т сүт саап алынган.
Тейлөө чөйрөсү – өлкөнүн экономикасынын ири сектору. А. и. финансылык тейлөө (банккредиттик система), камсыздандыруу бизнеси, ишкердик ж-а адистик жактан тейлөө (маркетинг, лизинг, инж.-консультациялык, башкаруу жаатында ж-а компьютердик кызмат көрсөтүү), кыймылсыз мүлк м-н операция жасоо,


мамл. тейлөө тез темп м-н өнүгүүдө; тейлөө
чөйрөсүндө чет элдик туризмден түшкөн киреше маанилүү орунда. Рекреациялык жактан тейлөө ж-а туризм секторунда ИДПнин 3%ке жакыны түзүлөт. Чет элдик туризмден түшкөн киреше 2,8 млрд долларды түзөт. 2005-ж. өлкөгө 1,9 млн чет элдик турист келген. Туризмдин башкы борборлору: Иерусалим, Вифлеем, Назарет, Хайфа, Тель-Авив, Эйлат, Жансыз деңиздин жээги.
И-де социалдык камсыздандыруунун ж-а саламаттыкты сактоонун өнүккөн системасы түзүлгөн.Калктынжашоодеңгээли(керектөөнү киши башына бөлүштүргөндө) 2004-ж. мурдагы эки жылга салыштырмалуу 3,5%ке өскөн. Орт. айлык акы 1539 долларды түзгөн. Балдардын
өлүмү башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла төмөн (жаңы төрөлгөн 1000 балага 5,4 бала). Адам өмүрүнүн орт. узактыгы: аялдардыкы 80,9, эркектердики 76,7 жаш.
Автомобиль жолунун уз. 17,6 миң км (2005).
Магистралдык шоссе жолдору деңиз бойлой түндүктөн түштүктү карай созулат; маанилүү автомагистралдары: Иерусалим – Тель-Авив, Ашдод – Ришон-Ле-Цион – Тель-Авив – Нетанья – Хайфа. Т. ж. тармагы (жалпы уз. 853 км; 2005) Негев, Газа ж-а Иерусалимди Тель-Авив, Хайфа ж-а өлкөнүн түндүгү м-н байланыштырат. Негизги деңиз порттору: Хайфа, Ашдод, Эйлат, Хадера. Ашкелон. Деңиз паромдору аркылуу эл аралык катнашы да бар, алар: Хайфа – Родос – Пирей (Грекия), Хайфа – Лимасол (Кипр). Эл аралык аэропорттору: Бен-Гурион атн. (Лода), Овда (Эйлат); Тель-Авив м-н Иерусалимдеги чакан аэропорттор ички рейстерди тейлейт. Магистралдык куур транспортунун уз. 896 км (2006), анын 442 кми нефть, 261 кми нефть продуктусу ж-а 193 кми газ куурлары.
2005-ж. экспорт 42,9 млрд, импорт 47,8 млрд
долларды түзгөн. Экспортко бриллиант, реэкспортко иштетилбеген алмаз, химия ө. ж-нын продукциялары, электрондук ж-а электр-тех. жабдуулар, көзөмөлдөө ж-а байкоо жүргүзүү
ө. ж. жабдуулары, мед. ж-а ил. из. жабдуулары, башка машиналар ж-а жабдуулар, о. эле а. ч. продукциялары, кийим, текстиль буюмдары чыгарылат. И. аскер куралдарын экспорттоо б-ча дүйнөдө 5-орунда (андан жылына 2,8 млрд доллар киреше түшөт). Импортун кыр чыгарылбаган алмаз, нефть продуктулары, хим. товарлар, күйүүчү-майлоочу материалдар, машина, жабдуу, аспаптар, курал-жабдыктар, буудай ж. б. түзөт. Негизги соода шериктери: АКШ, Бельгия, Германия, Улуу Британия, Гонконг (Сянган), Швейцария, Кытай.
Маданияты
Билим берүү еврей коомчулугунда маанилүү орунду ээлеп келген. Калктын сабаттуулук деңгээли боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. Израиль мамлекети кабыл алган алгачкы мыйзамдарында эле 6–13 жаштагы бардык балдарга акысыз билим берүү жөнүндө жарыяланган. Негизинен 5–6 жаштагы балдар үчүн бала бакчалар акысыз. Билим берүү системасында мамлекеттик, мамллекеттик-диний жана диний мектептер бар жана балдардын 80%и мектепке чейинки мекемелерге барат (2004). Мамлекеттик-диний мектептерде иудаизмди окутууга жана еврей салттарын сактоого айрыкча көңүл бурулат. Мамлекеттик мектептерде кыздар жана балдар чогуу билим алса, диний мектептерде бөлөк окушат. Араб тарыхын жана маданиятын окутууга көп көңүл бурулган. Израилде эл аралык кадыр-барктуу жогорку окуу жайлар бар. Мисалы, Иерусалимдеги Еврей университети (1925-жылы негизделген), Технион технологиялык институту (1924), Тель-Авив университети (1956-жылы 3 институттун базасында уюштурулган). Вейцман атындагы химия, математика, физика жана табигый илимдер илимий- изилдөө борбору Реховото штатында 1949-жылы негизделген. 2006-жылы 20 жогорку окуу жайда 75 миң студент окуган. Израилде 500дөн ашык китепкана бар.
Израильде 150гө жакын музей бар, эң ириси Иерусалимдеги Израиль музейи (1965-жылы негизделген), белгилүүлөрү: Тель-Авив көркөм сүрөт музейи (1932), Хайф антикалык искусство музейи (1949) жана башкалар. Иврит тилиндеги алгачкы мезгилдүү басылмалар 1863-жылы Иерусалимде чыккан, 1869-жылдан Иерусалимде басма сөз үзгүлтүксүз чыгып турган. 2006-жылы Израилде 40ка жакын күнүгө жана 1000ден ашык апта жана ай сайын чыгуучу гезит-журналдар болгон. «Гаарец» (иврит, англис тилдеринде, 75–95 миң нуска), «Едиот ахронот» (1939-жылдан иврит, англис тилдеринде, 300–750 миң нуска), «Джерузалем пост» (англис тилинде, 25–90 миң нуска) жана башкалар. Радио уктуруусу 1936-жылдан, телекөрсөтүү 1965-жылдан иштейт. Бир нече мамлекеттик жана коммерциялык телекөрсөтүү жана радио каналдар иштейт. Израиль интернет-байланыш кызматы боюнча дүйнөдө 7-орунда турат.
Алгачкы иммигрант еврейлер өздөрү жашаган өлкөлөрдүн маданиятынын элементтерин ала келген. Ошондуктан Израилде Борбордук жана Чыгыш Европанын маданий салттары, кийинчерээк батыш жана америкалык маданияттын таасири байкалат. Израиль адабияты негизинен иврит тилинде өнүгүүдө. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү Нобель сыйлыгынын лауреаты Ш. Агнон (1888–1970), А. Бараша (1889–1957) жана акындар А. Шлёнский (1900–1973), Л. Гольдберг (1911–1970) жана башкалар. 1980-жылдарда айрыкча А. Б. Иехошуанын «Мырза Мани» (1990) романы, А. Оздун өлкөдөгү ар кыл маданий-этностук топтордун ичиндеги карама-каршылыктарды чагылдырган «Кара ящик» (1987) романы белгилүү болгон. Коомдогу диний маселелер Х. Беер, Х. Бат-Шахар, Х. Эстердин чыгармаларында, араб кыштагынын турмушу иврит тилинде араб христиан акыны А. Шаммастын
«Арабески» романында чагылдырылган.
Израилде араб (Э. Хабиби), идиш (Т. Фейзельбаум, В. Чернин) жана орус тилиндериндеги ( И. Губерман, Д. Рубина, А. Горенко жана башкалар) адабият өнүгүүдө.
Өлкөнүн аймагында ар кыл мезгилдерге таандык архитектура жана искусство эстеликтери сакталып калган. Алсак, Галилеядагы жертөлөлөр (биздин заманга чейинки 10–8-миң жылдыктар), эрте неолит доорунун таш курулуштары, Бейсандагы энеолиттик шаар калдыктары, Израиль жана Иудей падышалыктарынын мезгилине, Ашкелон, Бейсан, Иерусалим, Кесариядагы Рим дооруна мүнөздүү эстеликтер (биздин заманга чейинки I кылым – биздин заманга чейинки IV кылым).

Ошондой эле, байыркы синагогалардын калдыктары, эрте христиан жана византия мезгилине таандык – Вифлеемдеги Рождество храмы, Иерусалимдеги Кудайдын табыты храмы ошондой эле, Бет- Альфа, Табгадагы эстеликтер белгилүү. Арабдар басып алган мезгилге таандык Хирбет аль- Мафджар ак сарайы (VIII кылым), кресттүүлөр доорундагы (XI–XIII кылымдар) эстеликтер жана башкалар сакталып калган. XIX кылымдын аяк ченинде эммиграциянын күчөшү менен Европа жана Америка өлкөлөрүнүн таасири архитектура, маданият жаатында таасын байкалат. Тель-Авив шаары (1909-жылы негизделген) шотландиялык архитектор П. Геддестин планы менен курулган. XX кылымдагы христиан храмдары италян архитектору А. Барлуцци (Фавор тоосундагы Преображения храмы), германиялык Ж. Муцио (Назареттеги чиркөө) жана башка архитекторлор тарабынан тургузулган.

XX кылымдын 2-жарымында Тель-Авивде Ф. Манндын Концерттик залы (З. жана Я. Рехтер, Д. Карми, М. Зархи), «Бейлинсон госпиталы (А. Шарон, Б. Идельсон), 36 кабаттуу «Шалом» соода имараты (И. Яшар, Эйтан) жана башкалар курулган. 1950-жылы композиторлор мектеби жана аткаруу чеберчилиги өнүгө баштаган. 1948-жылы Израиль филармониясы ачылып, ага караштуу камералык «Рамат- Ган» оркестри, Хайфа симфониялык оркестри, улуттук опера театры, 1950-жылы «Инбал» музыкалык театры уюштурулат. 1958-жылдан Тель-Авивде Израиль улуттук театры иштейт. Израилдин биринчи толук метраждуу көркөм тасмасы («Убактылуу элдешүү», режиссёру А. Амар) 1950-жылы тартылган. Тел-Авивде эки, Иерусалимде бир киностудия иштейт.
Ад.: Государство Израиль. Справочник. М., 1986; Федорченко А. В. Израиль: проблемы экономического развития. М., 1990: Симановский С. И., Стрепетова М. П. Израиль. М., 1995; Зарецкая З. Феномон израильского театра. Иерусалим, 1997; Федорченко А. В. Экономика переселенческого обшества (израильская модель). М., 1998; Крюков А. А. Израиль сегодня. Страноведческий словарь-справочник. М., 2000; Краткая еврейская энциклопедия В. 10 т. Иерусалим; М., 1996–2001; Звягельская И. Д., Карасова Т. А., Федорченко А. В. Государство Израиль. М., 2005, Израиль // Большая Российская энциклопедия. Т. 10. М., 2008.
Н. Алымкулова, Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.