ИНГУШСТАН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНГУШСТАН</b> , И н г у ш е т и я Р е с п у б л и­к а с ы Россиянын | <b type='title'>ИНГУШСТАН</b> , И н г у ш е т и я Р е с п у б л и­к а с ы Россиянын европа бөлүгүнүн түштүгүндө, Чоң Кавказдын түндүк капталында жайгашкан. Грузия менен чектешет. Түштүк федерация округуна кирет. Аянты 3,6 миң <i>км</i><sup>2</sup>. Калкы 492,7 миң (2007); негизинен ингуштар басымдуу (77,3%; 2002), ошондой эле чечендер (20%), орустар (1,2), бир аз санда түрктөр, грузиндер жашайт. Ингушстанда жа­шаган калктын көпчүлүгү ислам (мусулмандар) динин тутат. Калкынын орточо жыштыгы 1 <i>км</i><sup>2 </sup>жерге 131,3 киши. Борбору – Магас (2000-жыл­дан); Администрациялык-аймактык жактан 4 районго жана 4 шаар­га бөлүнөт. Шаар калкы 42,9%. Шаарлары: Наз­рань (1999-жылга чейин убактылуу администрациялык борбор), Малгобек, Кара-Булак. Түштүк федерация округу­на кирет. Мамлекеттик бийлигинин органдар систе­масы Ингуш Республикасынын 1994-жылы кабыл алынган конституциясы тарабынан аныкталат. Мамле­кет башчысы – президент (4 жылга шайланат). Табияты калктын жашоо тиричилигинде ың­гайлуу; топурак эрозиясынан жана булгануусу­нан экологиялык проблема пайда болууда. Январдын орточо температурасы –3...–10°С, июлдуку 21–23°С. Жылдык жаан-чачыны 1200 <i>мм.</i> Башкы дарыя­сы – Сунжа. Түздүктөрүнө кара, тоолоруна тоо­токой жана тоо шалба топурактары мүнөздүү. Жазы жалбырактуу (бук, эмен, чынар) токой басымдуу; андан жогору субальп жана альп өсүмдүктөрү өсөт. Нефть, газ, курулуш мате­риалдары жана өндүрүш үчүн сырьё (мармарлуу акиташ, кыш даярдалчу чопо, доломит, үлүл ташы), минералдуу суулар бар. | ||
Чоң Кавказдын | |||
2002), | |||
аз санда түрктөр, грузиндер жашайт. | |||
өсүмдүктөрү өсөт. Нефть, газ, курулуш мате­риалдары | |||
[[File:ИНГУШСТАН115.png | thumb | Тоо-шалбаа орто тоо ландшафты.]] | [[File:ИНГУШСТАН115.png | thumb | Тоо-шалбаа орто тоо ландшафты.]] | ||
Ингуштар | Ингуштар жөнүндө VII кылымдан эскерилет. IX кылымдын аягы XIII кылымдын башында Ингушстандын аймагы алан­дар мамлекетине кирген. 1810-жылы өз ыктыярла­ры менен Россия империясынын, 1921-жылдан Гори Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын курамында болгон. 1924-жылы Ингуш автономиялык облус (РСФСРдин курамында) уюшулган. 1934-жылы Чечен автономиялык облусу менен кошулуп, Чечен-Ингуш автономиялык облусу түзүлгөн (1936-жылдан АССР). 1944-жылы Че­чен-Ингуш АССРи жоюлуп, чечендер күч менен чы­гарылган. 1958-жылы автономия республикасы статусу ка­лыбына келтирилген. 1991-жылы Ингушстан Чечен-Ингуш Республикасынын курамында болуп, 1992-жылы Ингуш Республикасы түзүлгөн. Региондук дүң продукциясынын көлөмү 4967,4 млн рублди түзөт; андагы өнөр жайдын үлүшү 16,1% (2001), аыйл чарбаныкы 4,3%. Өнөр жайдын негизги тармактары: отун (ири өндүрүшү «Ингушнефт­газпром»), электр-энергетика, тамак-аш (алкогол­дуу ичимдиктер, суу май, кондитер азыктары, ун), машина куруу жана металл иштетүү (аспап­тар, жол курулуш техникалары жана башкалар). Айыл чарбага жарактуу жери 168,0 миң <i>га</i> (жер фонду­сунун 46,7%), анын ичинен айдоо аянты 70,5 миң <i>га</i> (57,1%), анын 73,1%ын дан эгиндери, 13,7%ын тоют өсүмдүктөрү ээлейт. Ошондой эле жүгөрү, буудай, арпа, сулу, кант кызылчасы, күн карама, кар­төшкө айдалат. Жүзүмчүлүк, бакчылык өнүк­көн. Бодо мал, кой (уяң жүндүү), чочко асы­ралат. Темир жолунун узундугу 39 <i>км</i>, автомобилдики 955,2 <i>км</i> (анын ичинен асфальтталганы 418,5 <i>км</i>). Респ­убликанын аймагы аркылуу Түндүк-Кавказ темир жолунун бир тармагы жана Ростов – Баку автомобиль жолу өтөт. Магас жана Ингушетия аэропорттору бар.<br>Республикада 109 жалпы билим берүүчү (анын ичинен 7 баш­талгыч) жана атайын орто окуу жайлары, 3 жогорку окуу жайы (анын ичинен 2 мамлекеттик университет филиалдары менен), 4 театр, филармония, 5 музей (анын ичинен Мамлекеттик көркөм сүрөт Кара-Булакта; край таануу Назранда), китеп­каналар бар. | ||
өтөт. Магас | |||
<br> | |||
17 сап: | 11 сап: | ||
<p align='right'><i type='author'>К. Аттокурова.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>К. Аттокурова.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
08:49, 31 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ИНГУШСТАН , И н г у ш е т и я Р е с п у б л ик а с ы Россиянын европа бөлүгүнүн түштүгүндө, Чоң Кавказдын түндүк капталында жайгашкан. Грузия менен чектешет. Түштүк федерация округуна кирет. Аянты 3,6 миң км2. Калкы 492,7 миң (2007); негизинен ингуштар басымдуу (77,3%; 2002), ошондой эле чечендер (20%), орустар (1,2), бир аз санда түрктөр, грузиндер жашайт. Ингушстанда жашаган калктын көпчүлүгү ислам (мусулмандар) динин тутат. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 131,3 киши. Борбору – Магас (2000-жылдан); Администрациялык-аймактык жактан 4 районго жана 4 шаарга бөлүнөт. Шаар калкы 42,9%. Шаарлары: Назрань (1999-жылга чейин убактылуу администрациялык борбор), Малгобек, Кара-Булак. Түштүк федерация округуна кирет. Мамлекеттик бийлигинин органдар системасы Ингуш Республикасынын 1994-жылы кабыл алынган конституциясы тарабынан аныкталат. Мамлекет башчысы – президент (4 жылга шайланат). Табияты калктын жашоо тиричилигинде ыңгайлуу; топурак эрозиясынан жана булгануусунан экологиялык проблема пайда болууда. Январдын орточо температурасы –3...–10°С, июлдуку 21–23°С. Жылдык жаан-чачыны 1200 мм. Башкы дарыясы – Сунжа. Түздүктөрүнө кара, тоолоруна тоотокой жана тоо шалба топурактары мүнөздүү. Жазы жалбырактуу (бук, эмен, чынар) токой басымдуу; андан жогору субальп жана альп өсүмдүктөрү өсөт. Нефть, газ, курулуш материалдары жана өндүрүш үчүн сырьё (мармарлуу акиташ, кыш даярдалчу чопо, доломит, үлүл ташы), минералдуу суулар бар.

Ингуштар жөнүндө VII кылымдан эскерилет. IX кылымдын аягы XIII кылымдын башында Ингушстандын аймагы аландар мамлекетине кирген. 1810-жылы өз ыктыярлары менен Россия империясынын, 1921-жылдан Гори Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын курамында болгон. 1924-жылы Ингуш автономиялык облус (РСФСРдин курамында) уюшулган. 1934-жылы Чечен автономиялык облусу менен кошулуп, Чечен-Ингуш автономиялык облусу түзүлгөн (1936-жылдан АССР). 1944-жылы Чечен-Ингуш АССРи жоюлуп, чечендер күч менен чыгарылган. 1958-жылы автономия республикасы статусу калыбына келтирилген. 1991-жылы Ингушстан Чечен-Ингуш Республикасынын курамында болуп, 1992-жылы Ингуш Республикасы түзүлгөн. Региондук дүң продукциясынын көлөмү 4967,4 млн рублди түзөт; андагы өнөр жайдын үлүшү 16,1% (2001), аыйл чарбаныкы 4,3%. Өнөр жайдын негизги тармактары: отун (ири өндүрүшү «Ингушнефтгазпром»), электр-энергетика, тамак-аш (алкоголдуу ичимдиктер, суу май, кондитер азыктары, ун), машина куруу жана металл иштетүү (аспаптар, жол курулуш техникалары жана башкалар). Айыл чарбага жарактуу жери 168,0 миң га (жер фондусунун 46,7%), анын ичинен айдоо аянты 70,5 миң га (57,1%), анын 73,1%ын дан эгиндери, 13,7%ын тоют өсүмдүктөрү ээлейт. Ошондой эле жүгөрү, буудай, арпа, сулу, кант кызылчасы, күн карама, картөшкө айдалат. Жүзүмчүлүк, бакчылык өнүккөн. Бодо мал, кой (уяң жүндүү), чочко асыралат. Темир жолунун узундугу 39 км, автомобилдики 955,2 км (анын ичинен асфальтталганы 418,5 км). Республиканын аймагы аркылуу Түндүк-Кавказ темир жолунун бир тармагы жана Ростов – Баку автомобиль жолу өтөт. Магас жана Ингушетия аэропорттору бар.
Республикада 109 жалпы билим берүүчү (анын ичинен 7 башталгыч) жана атайын орто окуу жайлары, 3 жогорку окуу жайы (анын ичинен 2 мамлекеттик университет филиалдары менен), 4 театр, филармония, 5 музей (анын ичинен Мамлекеттик көркөм сүрөт Кара-Булакта; край таануу Назранда), китепканалар бар.
Ад.: Ингушетия // Большая Российская Энциклопедия. Т. 11. М., 2004.
К. Аттокурова.