ИНГУШТАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНГУШТАР</b> (өздөрүн галгай деп аташат) – | <b type='title'>ИНГУШТАР</b> (өздөрүн галгай деп аташат) – Россия Федерациясынын курамындагы Ингушстандын калкы.<br>Чеченстан, Түндүк Осетия, Казакстан, Орто Азия жана Жакынкы Чыгышта да жашашат. Жалпы саны 472,5 миң киши (2003). <i>Ингуш тилинде,</i> ошондой эле орус тилинде сүйлөшөт. Негизинен мусулман-сун­ниттер. Ингуштар жөнүндө алгачкы эскерүүлөр VII кылымга | ||
<br>Чеченстан, | |||
[[File:ИНГУШТАР116.png | thumb | none]] | [[File:ИНГУШТАР116.png | thumb | none]] | ||
таандык. Тили жана маданияты боюнча <i>чечендерге</i> жакын. Байыркы убакта ингуштар уруу жамааттарына (Галгай, Цорин, Жей рах, Мец­халь) бөлүнүп, тоолуу ай­мактарда жашап, XVI–XVII кылымдарда өрөөндөргө (Түндүк Осе­тия) отурукташышкан. XIX кылымда алгачкы Ангуш же Ингуш (азыркы Тар өрөөнүндөгү Тар кышта­гы) кыштагында пайда болуп, эл кыштактын атынан аталган. XIX кылымдын башталышында Россиянын, XX кылымда РСФСРдин курамына кирип, Ингуш автономиялык облусу, 1934-жылы Чечен автономиялык облусу менен биригип, Чечен-Ингуш автономиялык облусу, 1936-жылы Чечен-Ингуш Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы түзүлгөн. 1944-жылы ингуштар күч менен Орто Азияга жана Казакстанга көчү­рүлгөн. 1957-жылы Чечен-Ингуш Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы калыбы­на келтирилип, ингуштар кайрадан мекенине кайтып келишкен. Ингуштар мал чарбачылык жана дыйканчы­лык менен кесиптенишип, хата-мазанкада (дуба­лы топурактан согулган же жыгачтан жасалып, сырты ылай менен шыбалган үй) жашашкан. Салт­туу кийимдери жалпы кавказ тибинде. Эркек­тер көйнөк, бешмант, черкеска, башына папах кийип, белине кур байланып, канжар тагыны­шат. Аялдар узун көйнөк, кенен ыштан кийип, оромол жамынышат. Тамак-ашы негизинен дан, эт, сүт азыктары жана жер-жемиштер. | |||
өрөөнүндөгү Тар кышта­гы) | |||
Ад.: Ингушетия и ингуши. Назрань; М., 1999. | Ад.: Ингушетия и ингуши. Назрань; М., 1999. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
08:58, 31 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ИНГУШТАР (өздөрүн галгай деп аташат) – Россия Федерациясынын курамындагы Ингушстандын калкы.
Чеченстан, Түндүк Осетия, Казакстан, Орто Азия жана Жакынкы Чыгышта да жашашат. Жалпы саны 472,5 миң киши (2003). Ингуш тилинде, ошондой эле орус тилинде сүйлөшөт. Негизинен мусулман-сунниттер. Ингуштар жөнүндө алгачкы эскерүүлөр VII кылымга

таандык. Тили жана маданияты боюнча чечендерге жакын. Байыркы убакта ингуштар уруу жамааттарына (Галгай, Цорин, Жей рах, Мецхаль) бөлүнүп, тоолуу аймактарда жашап, XVI–XVII кылымдарда өрөөндөргө (Түндүк Осетия) отурукташышкан. XIX кылымда алгачкы Ангуш же Ингуш (азыркы Тар өрөөнүндөгү Тар кыштагы) кыштагында пайда болуп, эл кыштактын атынан аталган. XIX кылымдын башталышында Россиянын, XX кылымда РСФСРдин курамына кирип, Ингуш автономиялык облусу, 1934-жылы Чечен автономиялык облусу менен биригип, Чечен-Ингуш автономиялык облусу, 1936-жылы Чечен-Ингуш Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы түзүлгөн. 1944-жылы ингуштар күч менен Орто Азияга жана Казакстанга көчүрүлгөн. 1957-жылы Чечен-Ингуш Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы калыбына келтирилип, ингуштар кайрадан мекенине кайтып келишкен. Ингуштар мал чарбачылык жана дыйканчылык менен кесиптенишип, хата-мазанкада (дубалы топурактан согулган же жыгачтан жасалып, сырты ылай менен шыбалган үй) жашашкан. Салттуу кийимдери жалпы кавказ тибинде. Эркектер көйнөк, бешмант, черкеска, башына папах кийип, белине кур байланып, канжар тагынышат. Аялдар узун көйнөк, кенен ыштан кийип, оромол жамынышат. Тамак-ашы негизинен дан, эт, сүт азыктары жана жер-жемиштер.
Ад.: Ингушетия и ингуши. Назрань; М., 1999.