ГИДРИДДЕР: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:42, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГИДРИДДЕР – суутектин башка элементтер (көбүнчө металлдар) м-н болгон хим. бирикмелери. Щелочтуу ж-а щелочтуу жер металлдардын Г-и – молекуласында окистенүү даражасы – 1 болгон суутектин атому бар туз сымал бирикмелер. Аларды ысытканда Н2 бөлүнүп чыгат; орг. эриткичтерде эрибейт; сууда щелочторго, Н2ге ажырайт; кургакта туруктуу. Be, Mg, Al, Cu, Zn, Ca Г-и – ысыкка анча туруксуз полимерлүү бирикмелер. Металлдардын Г-и калыбына келтиргичтерди ж-а суутекти алуу булагы болуп саналат. Металлдардын галогениддеринин щелочтуу металлдардын Г-и же алюмогидриддери м-н реакцияга кирүүсүнөн пайда болот. Металл эместердин Г-и – коваленттүү бирикмелер, көбү газ (SiH4, PH3), сууда к-таларды ж-а Н2 пайда кылуу м-н ажырайт. Орг. синтезде калыбына келтиргич, өтө таза металлдарды алууда катализатор ж-а өтө күчтүү отун катары колдонулат.