ДИАЛОГ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
мNo edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИАЛО́Г''' (гр. diflogos – сүйлөшүү, аӊгемеле­шүү) – маалымат алмашуунун кеӊири тарал­ган түрү, эки же андан көп адамдын баарлашуу­су. И л и м и й | '''ДИАЛО́Г''' (гр. diflogos – сүйлөшүү, аӊгемеле­шүү) – маалымат алмашуунун кеӊири тарал­ган түрү, эки же андан көп адамдын баарлашуу­су. И л и м и й диалог – адабиятта тигил же бул теориялык жобонун мазмунун маалымдоонун ыкмасы ка­тары колдонулат, негизинен суроо-жооп (кате­хизис) формасында учурайт. С а я с и й диалог – жалпы саясий көз караш табуу, саясий эрки менен бийлик күч колдонбой ишке ашыруу мак­сатында ар кандай мүдөөлөрдүн маӊызын те­реӊ кароо аркылуу маселелерди чечүү формасы. Диалог өлкөдөгү же эл аралык аренадагы жаӊжал­дарды жөнгө салуунун, ар кыл күчтөрдү тынч­тык кызматташууга тартуунун эӊ зарыл кара­жаты катары кызмат өтөп келет. Ф и л о с о­ф и я л ы к диалог – инсандардын дүйнө тааным тегерегинде өз ара алым-сабак иретинде пикир алышып, баарлашуусунан улам келип чыккан философиялык чыгарманын түрү жана өзгөчө баяндоо ыкмасы. Ал байыркы Грекияда б. з. ч. 4-кылымда философиялык ойду догмалык эмес жол менен түшүндүрүүчү өз алдынча жанр катары калыптанган. И н­ ф о р м а ц и я л ы к диалог – пайдалануучулардын (же операторлордун) компьютер менен өз ара иш алып баруу аракеттеринин жолу, суроо-жооп иретинде маалымат (же команда) алмашуусу. А д а б и й диалог – эки же бир нече инсандар ортосундагы баарлашуунун түрлөрүн мүнөздөөчү түшүнүк. Баарлашуу диалогдук жана монологдук болуп экиге бөлүнөт. Диалогдук аӊгемелешүүдө өз ара баарлашуу катышуучулардын биринен бирине өтүп, айтылган ой улам жаӊы кепке чакырып ту­рат. М о н о л о г д у к кеп салуу – жооп күт­пөстөн, экинчи тарапка оозеки же жазуу жүзүндө кайрылуу (мемуар, күндөлүк, интервью ж. б.). | ||
Кыргыз адабиятында | Кыргыз адабиятында диалог баарлашуу же пикир ал­машуу өнөрү катары байыртадан нукура элдик нукта өнүгүп келген ''(айтыш, акыйнек, аския,'' бадик, сармерден, алым-сабак, табышмак табы­шуу, жоктоо, учурашуу д. у. с.). 20-кылымдын соӊун­да кыргыз профессионал адабиятында диалог түрүндөгү олуттуу чыгармалар жарала баштады. Дүйнөнүн айтылуу интеллектуалдары, маданият ишмерлери катышып, 1986-жылы өткөн дүйнөлүк Ысык-Көл форумунда да аӊгемелешүү философиялык мүнөздө жүргөн. Диалогдук баарлашууну Ч. Айтматов: «Тур­муштагы нерселердин бардыгы эле кызык оку­яга айлана койбойт, кагазга түшүрүлгөндүн бар­дыгы эле ашкан кызыгуу менен окула бербейт. Мына ушул жагдайдан алганда аӊгемелешүү – окурмандан чыдамкайлуулукту жана ойчулдук­ту талап кылган кыйын жанр»,– деп мүнөздөйт. Ч. Айтматовдун жана М. Шахановдун «Жар кы­рындагы аӊчынын ыйы» аттуу чыгармасынын жарыкка чыгышы менен (1996, Алматы) кыргыз адабиятында диалог жанрынын кеӊири масштабдуу, көп проблемаларды бир түйүнгө уюткан көлөмдүү үлгүсү жаралды. | ||
''Т. Абдылдабеков.'' [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | ''Т. Абдылдабеков.'' [[Category: 3-том, 5-85 бб]] |
10:01, 31 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ДИАЛО́Г (гр. diflogos – сүйлөшүү, аӊгемелешүү) – маалымат алмашуунун кеӊири таралган түрү, эки же андан көп адамдын баарлашуусу. И л и м и й диалог – адабиятта тигил же бул теориялык жобонун мазмунун маалымдоонун ыкмасы катары колдонулат, негизинен суроо-жооп (катехизис) формасында учурайт. С а я с и й диалог – жалпы саясий көз караш табуу, саясий эрки менен бийлик күч колдонбой ишке ашыруу максатында ар кандай мүдөөлөрдүн маӊызын тереӊ кароо аркылуу маселелерди чечүү формасы. Диалог өлкөдөгү же эл аралык аренадагы жаӊжалдарды жөнгө салуунун, ар кыл күчтөрдү тынчтык кызматташууга тартуунун эӊ зарыл каражаты катары кызмат өтөп келет. Ф и л о с оф и я л ы к диалог – инсандардын дүйнө тааным тегерегинде өз ара алым-сабак иретинде пикир алышып, баарлашуусунан улам келип чыккан философиялык чыгарманын түрү жана өзгөчө баяндоо ыкмасы. Ал байыркы Грекияда б. з. ч. 4-кылымда философиялык ойду догмалык эмес жол менен түшүндүрүүчү өз алдынча жанр катары калыптанган. И н ф о р м а ц и я л ы к диалог – пайдалануучулардын (же операторлордун) компьютер менен өз ара иш алып баруу аракеттеринин жолу, суроо-жооп иретинде маалымат (же команда) алмашуусу. А д а б и й диалог – эки же бир нече инсандар ортосундагы баарлашуунун түрлөрүн мүнөздөөчү түшүнүк. Баарлашуу диалогдук жана монологдук болуп экиге бөлүнөт. Диалогдук аӊгемелешүүдө өз ара баарлашуу катышуучулардын биринен бирине өтүп, айтылган ой улам жаӊы кепке чакырып турат. М о н о л о г д у к кеп салуу – жооп күтпөстөн, экинчи тарапка оозеки же жазуу жүзүндө кайрылуу (мемуар, күндөлүк, интервью ж. б.).
Кыргыз адабиятында диалог баарлашуу же пикир алмашуу өнөрү катары байыртадан нукура элдик нукта өнүгүп келген (айтыш, акыйнек, аския, бадик, сармерден, алым-сабак, табышмак табышуу, жоктоо, учурашуу д. у. с.). 20-кылымдын соӊунда кыргыз профессионал адабиятында диалог түрүндөгү олуттуу чыгармалар жарала баштады. Дүйнөнүн айтылуу интеллектуалдары, маданият ишмерлери катышып, 1986-жылы өткөн дүйнөлүк Ысык-Көл форумунда да аӊгемелешүү философиялык мүнөздө жүргөн. Диалогдук баарлашууну Ч. Айтматов: «Турмуштагы нерселердин бардыгы эле кызык окуяга айлана койбойт, кагазга түшүрүлгөндүн бардыгы эле ашкан кызыгуу менен окула бербейт. Мына ушул жагдайдан алганда аӊгемелешүү – окурмандан чыдамкайлуулукту жана ойчулдукту талап кылган кыйын жанр»,– деп мүнөздөйт. Ч. Айтматовдун жана М. Шахановдун «Жар кырындагы аӊчынын ыйы» аттуу чыгармасынын жарыкка чыгышы менен (1996, Алматы) кыргыз адабиятында диалог жанрынын кеӊири масштабдуу, көп проблемаларды бир түйүнгө уюткан көлөмдүү үлгүсү жаралды.
Т. Абдылдабеков.