КАЗЫБЕК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
мNo edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАЗЫБЕК</b> Мамбетемин уулу, К а з ы б е к к а&shy;з а л ч ы (1901, азыркы Нарын обл., Ат-Башы р-ну, Чет-Келтебек жайлоосу – ө. ж. б.)
<b type='title'>КАЗЫБЕК</b> Мамбетемин уулу, К а з ы б е к к а&shy;з а л ч ы (1901, азыркы Нарын облусу, Ат-Башы району, Чет-Келтебек жайлоосу – өлгөн жылы белгисиз) – казалчы. Жаш кезинде молдодон окуп, жаза билген, сабаты диний багытта ачылган. Атасы Мамбетемин үч жыл болушка катчы болуп, анан бий шайланган. Атасы Казыбектин ырчылык жөндөм&shy;-шыгын байкап, ырдаганына каршы чыгып, катуу тыюу салган. 1929-жылы бай-манаптын өкүлү катары кулакка тартылып (атасы менен бирге), Оренбург шаарына айдалган. Казыбектин ырчылык өнөрү советтик түзүлүштүн орношу, бай-манаптын өкүлү ка&shy;тары сүргүнгө айдалышы менен чыккан. Сүргүнгө айдалгандар жөө-жалаңдап Оренбургга барган&shy;дан кийин «Атасы үчүн баласы жооп бербейт» деген ошол кездеги мыйзамга ылайык 1930-жылы бошотулуп, Ак-Талаадагы кайындарына келип туруп калган. Эл кадырлап күтүп, баркы көтөрүлүп турган учурунда араздашкан эки уруунун капшабы менен кайрадан күнөөлөнгөн. 1931-жылы өз айылына келип, ошол эле жылы бас&shy;мачыларга кошулуп, Кытай тарапка кеткен. Какшаал жергесинде качкын абалында үч жыл&shy;га жакын жашап, 1934-жылы Кытайдан кайра Кыргызстанга өтүп келе жатканда кармалып, 1935-жылы атууга өкүм кылынган. Бирок өкүм 10 жылдык түрмө менен алмаштырылып, Өзбекстан&shy;дын Чирчик деген жеринде түрмөдө болгон. Анын кайтыш болгону жөнүндө карама-каршылык&shy;туу маалыматтар айтылат. Бирлери совет бий&shy;лигин, Октябрь революциясын мактаган ырларынын аркасы менен түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошо&shy;тулуп, жолдо келе жатканда каза болгон деш&shy;се, айрым маалыматтарга, айрыкча ырларын&shy;дагы кээ бир маалыматтарга караганда 1938-жылы каза болгон. Анын бүткүл өмүрү кордук, ачуу ыза, эл-жерден алыста арман менен өтүп, тубаса талантын толук ачып бере албай, мүмкүнчүлүгүн өзү каалагандай жүзөгө ашыра албай кеткен. Анын «Орунбордон каты» элге кеңири тараган. Казыбектин дээрлик бүт өмүрү эли-жеринен алыста жапа чегип, жабыр тартуу менен өтсө, анын ка&shy;залдары да андан өткөн оор тагдырга кабыл&shy;ган. Совет мезгилинде анын ырларын айтмак түгүл, атын атаганга тыюу салынган. Ошондой болсо да анын ырлары бүгүнкү күнгө чейин эл арасында оозеки сакталып, түшүнүктүүлүгүнөн, жугумдуулугунан улам ар бир адамдын жүрө&shy;гүнөн түнөк таап келатат. Ысмы өзү туулган айылга жана Ат-Башы айылындагы орто мек&shy;тепке берилген.


казалчы. Жаш кезинде молдодон окуп, жаза билген, сабаты диний багытта ачылган. Атасы Мамбетемин үч жыл болушка катчы болуп, анан бий шайланган. Атасы К-тин ырчылык жөндөм&shy;шыгын байкап, ырдаганына каршы чыгып, катуу тыюу салган. 1929-ж. бай-манаптын өкүлү катары кулакка тартылып (атасы м-н бирге), Оренбург ш-на айдалган. К-тин ырчылык өнөрү сов. түзүлүштүн орношу, бай-манаптын өкүлү ка&shy;тары сүргүнгө айдалышы м-н чыккан. Сүргүнгө айдалгандар жөө-жалаңдап Оренбургга барган&shy;дан кийин «Атасы үчүн баласы жооп бербейт» деген ошол кездеги мыйзамга ылайык 1930-ж. бошотулуп, Ак-Талаадагы кайындарына келип туру п калган. Эл кадырлап күтүп, баркы көтөрүлүп турган учурунда араздашкан эки уруунун капшабы м-н кайрадан күнөөлөнгөн. 1931-ж. өз айылына келип, ошол эле жылы бас&shy;мачыларга кошулуп, Кытай тарапка кеткен. Какшаал жергесинде качкын абалында үч жыл&shy;га жакын жашап, 1934-ж. Кытайдан кайра Кырг-нга өтүп келе жатканда кармалып, 1935-ж. атууга өкүм кылынган. Бирок өкүм 10 жылдык түрмө м-н алмаштырылып, Өзбекстан&shy;дын Чирчик деген жеринде түрмөдө болгон. Анын кайтыш болгону ж-дө карама-каршылык&shy;туу маалыматтар айтылат. Бирлери совет бий&shy;лигин, Октябрь рев-ясын мактаган ырларынын аркасы м-н түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошо&shy;тулуп, жолдо келе жатканда каза болгон деш&shy;се, айрым маалыматтарга, айрыкча ырларын&shy;дагы кээ бир маалыматтарга караганда 1938-ж. каза болгон. Анын бүткүл өмүрү кордук, ачуу ыза, эл-жерден алыста арман м-н өтүп, тубаса талантын толук ачып бере албай, мүмкүнчүлүгүн
өзү каалагандай жүзөгө ашыра албай кеткен. Анын «Орунбордон каты» элге кеңири тараган. К-тин дээрлик бүт өмүрү эли-жеринен алыста жапа чегип, жабыр тартуу м-н өтсө, анын ка&shy;залдары да андан өткөн оор тагдырга кабыл&shy;ган. Совет мезгилинде анын ырларын айтмак түгүл, атын атаганга тыюу салынган. Ошондой болсо да анын ырлары бүгүнкү күнгө чейин эл арасында оозеки сакталып, түшүнүктүүлүгүнөн, жугумдуулугунан улам ар бир адамдын жүрө&shy;гүнөн түнөк таап келатат. Ысмы өзү туулган айылга ж-а Ат-Башы айылындагы орто мек&shy;тепке берилген.




9 сап: 6 сап:
<p align='right'><i type='author'>Ы. Кадыров.</i></p>
<p align='right'><i type='author'>Ы. Кадыров.</i></p>
[[Категория:3-том, 673-784 бб]]
[[Категория:3-том, 673-784 бб]]

11:09, 31 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

КАЗЫБЕК Мамбетемин уулу, К а з ы б е к к а­з а л ч ы (1901, азыркы Нарын облусу, Ат-Башы району, Чет-Келтебек жайлоосу – өлгөн жылы белгисиз) – казалчы. Жаш кезинде молдодон окуп, жаза билген, сабаты диний багытта ачылган. Атасы Мамбетемин үч жыл болушка катчы болуп, анан бий шайланган. Атасы Казыбектин ырчылык жөндөм­-шыгын байкап, ырдаганына каршы чыгып, катуу тыюу салган. 1929-жылы бай-манаптын өкүлү катары кулакка тартылып (атасы менен бирге), Оренбург шаарына айдалган. Казыбектин ырчылык өнөрү советтик түзүлүштүн орношу, бай-манаптын өкүлү ка­тары сүргүнгө айдалышы менен чыккан. Сүргүнгө айдалгандар жөө-жалаңдап Оренбургга барган­дан кийин «Атасы үчүн баласы жооп бербейт» деген ошол кездеги мыйзамга ылайык 1930-жылы бошотулуп, Ак-Талаадагы кайындарына келип туруп калган. Эл кадырлап күтүп, баркы көтөрүлүп турган учурунда араздашкан эки уруунун капшабы менен кайрадан күнөөлөнгөн. 1931-жылы өз айылына келип, ошол эле жылы бас­мачыларга кошулуп, Кытай тарапка кеткен. Какшаал жергесинде качкын абалында үч жыл­га жакын жашап, 1934-жылы Кытайдан кайра Кыргызстанга өтүп келе жатканда кармалып, 1935-жылы атууга өкүм кылынган. Бирок өкүм 10 жылдык түрмө менен алмаштырылып, Өзбекстан­дын Чирчик деген жеринде түрмөдө болгон. Анын кайтыш болгону жөнүндө карама-каршылык­туу маалыматтар айтылат. Бирлери совет бий­лигин, Октябрь революциясын мактаган ырларынын аркасы менен түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошо­тулуп, жолдо келе жатканда каза болгон деш­се, айрым маалыматтарга, айрыкча ырларын­дагы кээ бир маалыматтарга караганда 1938-жылы каза болгон. Анын бүткүл өмүрү кордук, ачуу ыза, эл-жерден алыста арман менен өтүп, тубаса талантын толук ачып бере албай, мүмкүнчүлүгүн өзү каалагандай жүзөгө ашыра албай кеткен. Анын «Орунбордон каты» элге кеңири тараган. Казыбектин дээрлик бүт өмүрү эли-жеринен алыста жапа чегип, жабыр тартуу менен өтсө, анын ка­залдары да андан өткөн оор тагдырга кабыл­ган. Совет мезгилинде анын ырларын айтмак түгүл, атын атаганга тыюу салынган. Ошондой болсо да анын ырлары бүгүнкү күнгө чейин эл арасында оозеки сакталып, түшүнүктүүлүгүнөн, жугумдуулугунан улам ар бир адамдын жүрө­гүнөн түнөк таап келатат. Ысмы өзү туулган айылга жана Ат-Башы айылындагы орто мек­тепке берилген.


Ад.: Казыбек. Б., 2007.

Ы. Кадыров.