ЖЫЛУУЛУК ЭНЕРГЕТИКАСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЫЛУУЛУК ЭНЕРГЕТИКАСЫ</b> – жылуулук тех­никасынын жылуулук, электр ж. б. кыймыл­даткычтардын жардамы м-н жылуулукту энер­гиянын башка түрүнө өзгөртүүчү (негизинен | <b type='title'>ЖЫЛУУЛУК ЭНЕРГЕТИКАСЫ</b> – жылуулук тех­никасынын жылуулук, электр ж. б. кыймыл­даткычтардын жардамы м-н жылуулукту энер­гиянын башка түрүнө өзгөртүүчү (негизинен механикалык энергияны электр энергиясына) тармагы. Жы­луулуктун эсебинен механикалык энергияны өндүрүү үчүн жылуулук күч курулмалары колдонулат. Мындан алынган механикалык энергия жумушчу маши­наларды (металл иштетүүчү станоктор, автомо­билдер, конвейерлер ж. б.) же электр энергия­сын иштеп чыгуучу электр-механикалык генераторлорду кыймылга келтирет. Жылуулуктун электр энер­гиясына айланышы электр-механикалык генераторсуз эле ишке ашса, мындай курулмалар энергияны түз­дөн-түз айландыруучу болуп эсептелет. Буларга магнит-гидродинамикалык ж-а магнит-термо­электрдик генераторлор, энергияны өзгөртүп түзгүчтөр кирет. Жылуулукту электр энергиясы­на айландыруу негизинен жылуулук электр станцияларында ишке ашырылат. Мында күйгөн отундун, ядролук отундун, жердин ички жылуу­лугунун, Күн системасынын энергиясы пайдала­нылат. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
үчүн жылуулук күч курулмалары колдонулат. | |||
03:58, 1 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫЛУУЛУК ЭНЕРГЕТИКАСЫ – жылуулук техникасынын жылуулук, электр ж. б. кыймылдаткычтардын жардамы м-н жылуулукту энергиянын башка түрүнө өзгөртүүчү (негизинен механикалык энергияны электр энергиясына) тармагы. Жылуулуктун эсебинен механикалык энергияны өндүрүү үчүн жылуулук күч курулмалары колдонулат. Мындан алынган механикалык энергия жумушчу машиналарды (металл иштетүүчү станоктор, автомобилдер, конвейерлер ж. б.) же электр энергиясын иштеп чыгуучу электр-механикалык генераторлорду кыймылга келтирет. Жылуулуктун электр энергиясына айланышы электр-механикалык генераторсуз эле ишке ашса, мындай курулмалар энергияны түздөн-түз айландыруучу болуп эсептелет. Буларга магнит-гидродинамикалык ж-а магнит-термоэлектрдик генераторлор, энергияны өзгөртүп түзгүчтөр кирет. Жылуулукту электр энергиясына айландыруу негизинен жылуулук электр станцияларында ишке ашырылат. Мында күйгөн отундун, ядролук отундун, жердин ички жылуулугунун, Күн системасынын энергиясы пайдаланылат.