ГИДРОАЭРОМЕХАНИКА: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:42, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГИДРОАЭРОМЕХА́НИКА (гидро…, аэро… ж-а механика) – механиканын бир бөлүмү. Кыймылдагы нерсе ж-а анын бети м-н суюктук ж-а газдардын өз ара аракеттешүүсү, кыймыл закондору, суюктук ж-а газдардын нерсенин кыймылына карата каршылык күчтөрү, нерсенин беттик формасына ж-а аянтына көз карандылыгы, көтөрүү ж-а гидроаэродинамикалык күчтөрдү изилдейт. Г-нын өнүгүшү практиканын талабына байланыштуу болгон. Аба ж-а суу транспортторунун азыркы абалы, өнүгүшү ж-а турмуштагы мааниси Г-нын жетишкендиктерине байланыштуу өнүккөн. Алгачкы гидротех. түзүлүштөр (канал, кудук) ж-а сүзүү каражаттары (сал, кайык ж. б.), жел тозгуч, калак, руль, насос сыяктуу аэро- ж-а гидромех. жабдуулар байыртадан эле жасалган. Г. илиминин өсүшүнө Архимед (б. з. ч. 3-к.), Леонардо да Винчи, И. Ньютон, Л. Эйлер, Д. Бернулли, Ж. Лагранж, О. Коши, Н. Е. Жуковский, С. А. Чаплыгин сыяктуу илимпоздор салым кошкон. Азыркы Г.– тармакталган, математика, физика, химия ж. б. илимдер м-н тыгыз байланыштагы илим. Кысылбаган суюктук кыймылын гидродинамика, ал эми газ ж-а алардын аралашмасынын, анын ичинде аба кыймылын аэродинамика изилдейт. Чыпкалоо (фильтрация) теориясы ж-а суюктуктун толкун кыймылынын теориясы Г-нын бөлүмү болуп эсептелет. Г-нын тех. колдонмосу газ динамикасында окутулат ж-а климат м-н аба ырайын алдын ала аныктоодо Г-нын закондору колдонулат. Г-нын ыкмалары аркылуу авиация, артиллерия ж-а ракета техникалары, кеме ж-а энергия машиналарын куруу, гидротех. курулуштар, күйүү теориясы, метеорологиянын түрдүү тех. маселелери чечилүүдө.
Ад.: Прандтль Л. Гидроаэромеханика/Пер. с нем. М., 1949; Лойцянский Л. Г. Механика жидкости и газа. 5-е изд. М., 1978.