ЖЫРГАЛАҢ (Ак-Суу районундагы шаарча): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page ЖЫРГАЛАҢ to ЖЫРГАЛАҢ (Ак-Суу районундагы шаарча)) |
(Айырма жок)
|
05:46, 1 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
ЖЫРГАЛАҢ – Ысык-Көл облусундагы шаарча. Административдик-аймактык жактан Ак-Суу райондук кеңешине карайт. «Жыргалаң» шахтасынын ачылышына байланыштуу 1932-жылы негизделген. Ысык- Көл ойдуңунун чыгышында, Тескей Ала-Тоонун этегинде, Жыргалаң суусунун жогорку агымынын оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 2270 м бийикте жайгашкан. Облустун борбору Каракол шаарынан 70 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 300 км. Калкы 1,0 миң (2009); калкынын негизин кыргыздар (54,3%), орустар (37,4%) түзөт, ошондой эле башка улут өкүлдөрү да жашайт. Негизинен шахтада эмгектенет. Өнөр жай ишканасы, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тамактануу жайлары иштейт. Орто мектеп, ФАП, клуб, китепкана, оорукана бар.