ЖУСУП МАМАЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
мNo edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖУСУП МАМАЙ</b> (1918-жылы туулган, КЭР, Кызыл-Суу Кыргыз автономия облусу, Ак-Чий ооданы, Кара-Булак айылы, Ат-Жайлоо конушу) – кызыл&shy;суулук манасчы. Агасы Балбай сегиз жашы&shy;нан Жусуп Мамайга «Манас» эпосу баштаган, «Керба&shy;ла», «Залзал-Заркум», «Шай&shy;маран», «Кыз-Жибек» дас&shy;тандарын ж-а өзү бир нече жыл чогулткан элдик чы&shy;гармалардын кол жазмасы м-н тааныштырып, окута баштаган, «Манас» айтуу&shy;нун ыкмаларын да үйрөт&shy;көн. 1932-жылы элдин өтүнүчү боюнча биринчи жолу «Манас» айтып берген. Эки жылдан
<b type='title'>ЖУСУП МАМАЙ</b> (1918-жылы туулган, КЭР, Кызыл-Суу Кыргыз автономия облусу, Ак-Чий ооданы, Кара-Булак айылы, Ат-Жайлоо конушу) – кызыл&shy;суулук манасчы. Агасы Балбай сегиз жашы&shy;нан Жусуп Мамайга «Манас» эпосу баштаган, «Керба&shy;ла», «Залзал-Заркум», «Шай&shy;маран», «Кыз-Жибек» дас&shy;тандарын жана өзү бир нече жыл чогулткан элдик чы&shy;гармалардын кол жазмасы менен тааныштырып, окута баштаган, «Манас» айтуу&shy;нун ыкмаларын да үйрөт&shy;көн. 1932-жылы элдин өтүнүчү боюнча биринчи жолу «Манас» айтып берген. Эки жылдан


[[File:ЖУСУП МАМАЙ103.png | thumb | none]]
[[File:ЖУСУП МАМАЙ103.png | thumb | none]]
кийин 18 жаш курагында, Жумакун Мамбета&shy;кун манасчы айтып жаткан «Алмамбеттин ар&shy;манын» угуп, анын токтогон жеринен Жусуп Мамай «Алмамбеттин Көкчөгө баргандагысын» кошуп айтып бүтүрөт. Ошондон кийин Жусуп Мамай манас&shy;чы деген атка конот. 1961-жылы Шинжаң Уйгур автономия районунун борборунда көркөм өнөр&shy;чүлөр бирикмеси уюштурулуп, Жусуп Мамай айткан ва&shy;риантты жаздыруу үчүн атайын топ түзүлүп, жа&shy;рым жыл аралыгында 110 000 ыр сап кагазга түшүрүлгөн. 1964–66-жылдарда экинчи ирет илимий экспе&shy;диция жиберилет. Бул жолу манасчыдан 196 000 ыр сап кагазга түшүрүлөт. 1966-жылы Кытайда «Ма&shy;даний революция» саясаты башталгандыктан, 1966–78-жылдарда манасчы саясий куугунтукка туш бо&shy;лот. Ал үй-жайынан ажыратылып, Ак-Булуң деген айылга көчүрүлөт. Бул каардуу жылдары 1937-жылы атылып кеткен агасы Балбай айтып берген Манастын урпактары тууралуу баянды Жусуп Мамай өз алдынча кагазга түшүрө баштайт. 1978-жылы Пекинге чакырылып, манасчынын ва&shy;риантын кагазга түшүрүү иши колго алынат. 1964-жылы жазылып алынган материалдардын ичинен Жусуп Мамайдын «Семетей» бөлүгүнүн кол жаз&shy;масы калып, калганы дайынсыз табылбай кал&shy;ган. Сакен Өмүр, Асанбай Матим, Мамбетасан Эрги, Оргалча Кыдырбай, Толкун Турду, Ток&shy;тобүбү Ызак тарабынан Манастын 8 урпагы ка&shy;газга түшүрүлгөн (Манас – 50 миң ыр сап, Се&shy;метей – 37 миң ыр сап, Сейтек – 25 миң ыр сап, Кененим – 34 миң ыр сап, Сейит – 11 миң ыр сап, Асылбача-Бекбача – 30 миң ыр сап, Сом&shy;билек – 11 миң ыр сап, Чигитей – 12 миң ыр сап). 1983-жылы кагазга түшүрүү иши аягына чы&shy;гат. Жусуп Мамайдын 18 томдон ж-а 200 миң ашуун ыр саптан турган варианты толугу м-н кагаз бе&shy;тине түшүрүлөт. 1984-жылы «Манас» бөлүгү китеп болуп араб арибинде жарык көрөт. Мындан сырткары Жусуп Мамайдын варианты боюнча «Курман&shy;бек», «Эр Төштүк», «Багыш», «Толтой», «Ту&shy;тан», «Жаңыл Мырза», «Мамаке Шопок», «Көбөк» сыяктуу дастандар жарыкка чыгат. 2005-жылы Жусуп Мамайдын айтуусундагы «Манас» эпо&shy;сунун толук варианты кыргыз арибинде Кытай&shy;дан чыккан. Анын манасчы катары калыпта&shy;нышына учурунда бир тууган агасы Балбай жа&shy;зып алган Чоюке, Тыныбек, Сагымбай, Шапак, Дыйканбай манасчылардын варианттары да чоң таасир берген. Кыргызстанда Жусуп Мамайдын чыгармачылыгын ж-а ал айткан «Манас» эпосун С. Алиев, Т. Кул&shy;матов, К. Жусупов, К. Жумалиев, М. Жумалиев, К. Кырбашев, К. Артыкбаев, Р. Кыдырбаева, Ж. Орозобекова, Кытайда: Толкун Турду, Адыл Жуматурду, Мамбеттурду Мамбетакун, Ток&shy;тобүбү Ызак, Жусупакун апай ж. б. изилдеген. Жусуп Мамай 1990-жылы Үрүмчү шаарында өткөрүлгөн «Ма&shy;нас» эпосу боюнча Эл аралык илимий конференцияга ка&shy;тышкан. Кыргызстанга биринчи ирет 1992-жылы С. Ороз&shy;баковдун 125 жылдык мааракесине, кийин 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдык салта&shy;натына конок катары чакырылып, «Манас» эпо&shy;сун жайылтууда сиңирген эмгеги үчүн КРдин эл артисти деген ардактуу наам берилген. КЭРде Жусуп Мамайдын өмүр таржымалына ж-а чыгармачылыгына арналган «Залкар манасчы Жусуп Мамай» (ав&shy;торлору: Токтобүбү Исак кызы ж-а Адыл Жума Турду уулу) деген китеп 2007-жылы Пекиндеги Улут&shy;тар басмасынан жарык көрдү. Бул китеп араб ариби м-н эмес, жайы кытайлык кыргыздар үчүн кыргыз арибинде басылган. 2007-жылы I даража&shy;дагы Манас ордени м-н сыйланган.
кийин 18 жаш курагында, Жумакун Мамбета&shy;кун манасчы айтып жаткан «Алмамбеттин ар&shy;манын» угуп, анын токтогон жеринен Жусуп Мамай «Алмамбеттин Көкчөгө баргандагысын» кошуп айтып бүтүрөт. Ошондон кийин Жусуп Мамай манас&shy;чы деген атка конот. 1961-жылы Шинжаң Уйгур автономия районунун борборунда көркөм өнөр&shy;чүлөр бирикмеси уюштурулуп, Жусуп Мамай айткан ва&shy;риантты жаздыруу үчүн атайын топ түзүлүп, жа&shy;рым жыл аралыгында 110 000 ыр сап кагазга түшүрүлгөн. 1964–66-жылдарда экинчи ирет илимий экспе&shy;диция жиберилет. Бул жолу манасчыдан 196 000 ыр сап кагазга түшүрүлөт. 1966-жылы Кытайда «Ма&shy;даний революция» саясаты башталгандыктан, 1966–78-жылдарда манасчы саясий куугунтукка туш бо&shy;лот. Ал үй-жайынан ажыратылып, Ак-Булуң деген айылга көчүрүлөт. Бул каардуу жылдары 1937-жылы атылып кеткен агасы Балбай айтып берген Манастын урпактары тууралуу баянды Жусуп Мамай өз алдынча кагазга түшүрө баштайт. 1978-жылы Пекинге чакырылып, манасчынын ва&shy;риантын кагазга түшүрүү иши колго алынат. 1964-жылы жазылып алынган материалдардын ичинен Жусуп Мамайдын «Семетей» бөлүгүнүн кол жаз&shy;масы калып, калганы дайынсыз табылбай кал&shy;ган. Сакен Өмүр, Асанбай Матим, Мамбетасан Эрги, Оргалча Кыдырбай, Толкун Турду, Ток&shy;тобүбү Ызак тарабынан Манастын 8 урпагы ка&shy;газга түшүрүлгөн (Манас – 50 миң ыр сап, Се&shy;метей – 37 миң ыр сап, Сейтек – 25 миң ыр сап, Кененим – 34 миң ыр сап, Сейит – 11 миң ыр сап, Асылбача-Бекбача – 30 миң ыр сап, Сом&shy;билек – 11 миң ыр сап, Чигитей – 12 миң ыр сап). 1983-жылы кагазга түшүрүү иши аягына чы&shy;гат. Жусуп Мамайдын 18 томдон жана 200 миң ашуун ыр саптан турган варианты толугу менен кагаз бе&shy;тине түшүрүлөт. 1984-жылы «Манас» бөлүгү китеп болуп араб арибинде жарык көрөт. Мындан сырткары Жусуп Мамайдын варианты боюнча «Курман&shy;бек», «Эр Төштүк», «Багыш», «Толтой», «Ту&shy;тан», «Жаңыл Мырза», «Мамаке Шопок», «Көбөк» сыяктуу дастандар жарыкка чыгат. 2005-жылы Жусуп Мамайдын айтуусундагы «Манас» эпо&shy;сунун толук варианты кыргыз арибинде Кытай&shy;дан чыккан. Анын манасчы катары калыпта&shy;нышына учурунда бир тууган агасы Балбай жа&shy;зып алган Чоюке, Тыныбек, Сагымбай, Шапак, Дыйканбай манасчылардын варианттары да чоң таасир берген. Кыргызстанда Жусуп Мамайдын чыгармачылыгын ж-а ал айткан «Манас» эпосун С. Алиев, Т. Кул&shy;матов, К. Жусупов, К. Жумалиев, М. Жумалиев, К. Кырбашев, К. Артыкбаев, Р. Кыдырбаева, Ж. Орозобекова, Кытайда: Толкун Турду, Адыл Жуматурду, Мамбеттурду Мамбетакун, Ток&shy;тобүбү Ызак, Жусупакун апай жана башкалар изилдеген. Жусуп Мамай 1990-жылы Үрүмчү шаарында өткөрүлгөн «Ма&shy;нас» эпосу боюнча Эл аралык илимий конференцияга ка&shy;тышкан. Кыргызстанга биринчи ирет 1992-жылы С. Ороз&shy;баковдун 125 жылдык мааракесине, кийин 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдык салта&shy;натына конок катары чакырылып, «Манас» эпо&shy;сун жайылтууда сиңирген эмгеги үчүн КРдин эл артисти деген ардактуу наам берилген. КЭРде Жусуп Мамайдын өмүр таржымалына жана чыгармачылыгына арналган «Залкар манасчы Жусуп Мамай» (ав&shy;торлору: Токтобүбү Исак кызы жана Адыл Жума Турду уулу) деген китеп 2007-жылы Пекиндеги Улут&shy;тар басмасынан жарык көрдү. Бул китеп араб ариби менн эмес, жайы кытайлык кыргыздар үчүн кыргыз арибинде басылган. 2007-жылы I даража&shy;дагы Манас ордени менен сыйланган.


Ад.: «Манас» эпосу жөнүндө. Б., 1994; <i>Алиев С., Кулматов Т.</i> Жусуп Мамай // Манасчылар жана изилдөөчүлөр. Б., 1995; Кыргыздар. 4-китеп. / Түз.: <i>К. Жусупов</i>. Б., Кыргыз руху – «Манас». Б., 1995; 1997; <i>Кырбашев К.</i> Манасчы Жусуп Мамай. Б., 1997.
Ад.: «Манас» эпосу жөнүндө. Б., 1994; <i>Алиев С., Кулматов Т.</i> Жусуп Мамай // Манасчылар жана изилдөөчүлөр. Б., 1995; Кыргыздар. 4-китеп. / Түз.: <i>К. Жусупов</i>. Б., Кыргыз руху – «Манас». Б., 1995; 1997; <i>Кырбашев К.</i> Манасчы Жусуп Мамай. Б., 1997.

09:22, 1 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ЖУСУП МАМАЙ (1918-жылы туулган, КЭР, Кызыл-Суу Кыргыз автономия облусу, Ак-Чий ооданы, Кара-Булак айылы, Ат-Жайлоо конушу) – кызыл­суулук манасчы. Агасы Балбай сегиз жашы­нан Жусуп Мамайга «Манас» эпосу баштаган, «Керба­ла», «Залзал-Заркум», «Шай­маран», «Кыз-Жибек» дас­тандарын жана өзү бир нече жыл чогулткан элдик чы­гармалардын кол жазмасы менен тааныштырып, окута баштаган, «Манас» айтуу­нун ыкмаларын да үйрөт­көн. 1932-жылы элдин өтүнүчү боюнча биринчи жолу «Манас» айтып берген. Эки жылдан

кийин 18 жаш курагында, Жумакун Мамбета­кун манасчы айтып жаткан «Алмамбеттин ар­манын» угуп, анын токтогон жеринен Жусуп Мамай «Алмамбеттин Көкчөгө баргандагысын» кошуп айтып бүтүрөт. Ошондон кийин Жусуп Мамай манас­чы деген атка конот. 1961-жылы Шинжаң Уйгур автономия районунун борборунда көркөм өнөр­чүлөр бирикмеси уюштурулуп, Жусуп Мамай айткан ва­риантты жаздыруу үчүн атайын топ түзүлүп, жа­рым жыл аралыгында 110 000 ыр сап кагазга түшүрүлгөн. 1964–66-жылдарда экинчи ирет илимий экспе­диция жиберилет. Бул жолу манасчыдан 196 000 ыр сап кагазга түшүрүлөт. 1966-жылы Кытайда «Ма­даний революция» саясаты башталгандыктан, 1966–78-жылдарда манасчы саясий куугунтукка туш бо­лот. Ал үй-жайынан ажыратылып, Ак-Булуң деген айылга көчүрүлөт. Бул каардуу жылдары 1937-жылы атылып кеткен агасы Балбай айтып берген Манастын урпактары тууралуу баянды Жусуп Мамай өз алдынча кагазга түшүрө баштайт. 1978-жылы Пекинге чакырылып, манасчынын ва­риантын кагазга түшүрүү иши колго алынат. 1964-жылы жазылып алынган материалдардын ичинен Жусуп Мамайдын «Семетей» бөлүгүнүн кол жаз­масы калып, калганы дайынсыз табылбай кал­ган. Сакен Өмүр, Асанбай Матим, Мамбетасан Эрги, Оргалча Кыдырбай, Толкун Турду, Ток­тобүбү Ызак тарабынан Манастын 8 урпагы ка­газга түшүрүлгөн (Манас – 50 миң ыр сап, Се­метей – 37 миң ыр сап, Сейтек – 25 миң ыр сап, Кененим – 34 миң ыр сап, Сейит – 11 миң ыр сап, Асылбача-Бекбача – 30 миң ыр сап, Сом­билек – 11 миң ыр сап, Чигитей – 12 миң ыр сап). 1983-жылы кагазга түшүрүү иши аягына чы­гат. Жусуп Мамайдын 18 томдон жана 200 миң ашуун ыр саптан турган варианты толугу менен кагаз бе­тине түшүрүлөт. 1984-жылы «Манас» бөлүгү китеп болуп араб арибинде жарык көрөт. Мындан сырткары Жусуп Мамайдын варианты боюнча «Курман­бек», «Эр Төштүк», «Багыш», «Толтой», «Ту­тан», «Жаңыл Мырза», «Мамаке Шопок», «Көбөк» сыяктуу дастандар жарыкка чыгат. 2005-жылы Жусуп Мамайдын айтуусундагы «Манас» эпо­сунун толук варианты кыргыз арибинде Кытай­дан чыккан. Анын манасчы катары калыпта­нышына учурунда бир тууган агасы Балбай жа­зып алган Чоюке, Тыныбек, Сагымбай, Шапак, Дыйканбай манасчылардын варианттары да чоң таасир берген. Кыргызстанда Жусуп Мамайдын чыгармачылыгын ж-а ал айткан «Манас» эпосун С. Алиев, Т. Кул­матов, К. Жусупов, К. Жумалиев, М. Жумалиев, К. Кырбашев, К. Артыкбаев, Р. Кыдырбаева, Ж. Орозобекова, Кытайда: Толкун Турду, Адыл Жуматурду, Мамбеттурду Мамбетакун, Ток­тобүбү Ызак, Жусупакун апай жана башкалар изилдеген. Жусуп Мамай 1990-жылы Үрүмчү шаарында өткөрүлгөн «Ма­нас» эпосу боюнча Эл аралык илимий конференцияга ка­тышкан. Кыргызстанга биринчи ирет 1992-жылы С. Ороз­баковдун 125 жылдык мааракесине, кийин 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдык салта­натына конок катары чакырылып, «Манас» эпо­сун жайылтууда сиңирген эмгеги үчүн КРдин эл артисти деген ардактуу наам берилген. КЭРде Жусуп Мамайдын өмүр таржымалына жана чыгармачылыгына арналган «Залкар манасчы Жусуп Мамай» (ав­торлору: Токтобүбү Исак кызы жана Адыл Жума Турду уулу) деген китеп 2007-жылы Пекиндеги Улут­тар басмасынан жарык көрдү. Бул китеп араб ариби менн эмес, жайы кытайлык кыргыздар үчүн кыргыз арибинде басылган. 2007-жылы I даража­дагы Манас ордени менен сыйланган.

Ад.: «Манас» эпосу жөнүндө. Б., 1994; Алиев С., Кулматов Т. Жусуп Мамай // Манасчылар жана изилдөөчүлөр. Б., 1995; Кыргыздар. 4-китеп. / Түз.: К. Жусупов. Б., Кыргыз руху – «Манас». Б., 1995; 1997; Кырбашев К. Манасчы Жусуп Мамай. Б., 1997.

Т. Бакчиев.