ЖЫРТКЫЧТАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖЫРТКЫЧТАР</b> (Carnivora) – <i>сүт эмүүчүлөрдүн</i> түркүмү. Бор мезгилиндеги эң жөнөкөй курт&shy;кумурска жечүлөрдөн келип чыккан. Дене узундугу  11 <i>см</i>ден (арыс чычкан) 3 <i>м</i>ге чейин (аюулар), салмагы  100 <i>г</i>дан 700 <i>кг</i>га чейин. <i>Жыныс диморфиз&shy;ми</i> байкалбайт, айрым түрүнүн гана эркеги ургаа&shy;чысынан чоңураак болот. Түсү, түзүлүшү ж-а  жашоосу ар түрдүү. Көпчүлүгү тамандап басып жүрүүчүлөр, манжалары ар дайым 5, чанда гана 4, тырмактары жакшы өрчүгөн. Жырткычтардын көпчүлү&shy;гүнүн үстүнкү, алдыңкы азуу тиштеринин төр&shy;түнчүсү ж-а астынкы арткы азуу тиштеринин биринчиси (жырткыч тиштери) башка азуу тиш&shy;терине караганда жакшы өөрчүгөн, табылгасын тытып жеш үчүн кызмат аткарат. Кылкыйма азууларынын кырлары дайыма курч. Көпчү&shy;лүгүнүн жүнү калың, жумшак. 12 тукуму, анын  ичинде  азыркы <i>карышкырлар, аюулар, жанаттар, суу&shy;сарлар, көк жалдар,</i> виверралар ж-а <i>мышык сымалдардын</i> 235 түрү кездешет. Жырткычтарга кээде түркүмчө катары калак буттуулар да киргизи&shy;лет, алар жырткычтардын түпкү тегинен четтеген. Авст&shy;ралия (байырлаштырылган түрлөрү бар) м-н Антарктидадан башка бардык жерде таралган. Негизинен күүгүмдө ж-а түнкүсүн активдүү, мо&shy;ногамдар. Жалгыздап ж-а жупташып тири&shy;чилик өткөрөт. Балдары сокур туулат, кеч чо&shy;ңоёт. Көбү (аты ошондон), кээси ылгабай азык&shy;тануучулар. Эт жечүлөр. Көпчүлүгүнүн териси баалуу, ошондуктан аларга аңчылык жасалат. Кээ бири (мисалы, карышкыр) мал чарбасына зыян келтирет. Жугуштуу ооруларды (мисалы, кутурма) таратуучулар. Көпчүлүк түрүнүн саны кескин аза&shy;йып кеткен. 36 түрү, 20 түрчөсү ТКЭСтин, 8 түрү Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген. [[Категория:3-том, 327-448 бб]]
<b type='title'>ЖЫРТКЫЧТАР</b> (Carnivora) <i>сүт эмүүчүлөрдүн</i> түркүмү. Бор мезгилиндеги эң жөнөкөй курт&shy;кумурска жечүлөрдөн келип чыккан. Дене узундугу  11 <i>см</i>ден (арыс чычкан) 3 <i>м</i>ге чейин (аюулар), салмагы  100 <i>г</i>дан 700 <i>кг</i>га чейин. <i>Жыныс диморфиз&shy;ми</i> байкалбайт, айрым түрүнүн гана эркеги ургаа&shy;чысынан чоңураак болот. Түсү, түзүлүшү ж-а  жашоосу ар түрдүү. Көпчүлүгү тамандап басып жүрүүчүлөр, манжалары ар дайым 5, чанда гана 4, тырмактары жакшы өрчүгөн. Жырткычтардын көпчүлү&shy;гүнүн үстүнкү, алдыңкы азуу тиштеринин төр&shy;түнчүсү ж-а астынкы арткы азуу тиштеринин биринчиси (жырткыч тиштери) башка азуу тиш&shy;терине караганда жакшы өөрчүгөн, табылгасын тытып жеш үчүн кызмат аткарат. Кылкыйма азууларынын кырлары дайыма курч. Көпчү&shy;лүгүнүн жүнү калың, жумшак. 12 тукуму, анын  ичинде  азыркы <i>карышкырлар, аюулар, жанаттар, суу&shy;сарлар, көк жалдар,</i> виверралар ж-а <i>мышык сымалдардын</i> 235 түрү кездешет. Жырткычтарга кээде түркүмчө катары калак буттуулар да киргизи&shy;лет, алар жырткычтардын түпкү тегинен четтеген. Авст&shy;ралия (байырлаштырылган түрлөрү бар) м-н Антарктидадан башка бардык жерде таралган. Негизинен күүгүмдө ж-а түнкүсүн активдүү, мо&shy;ногамдар. Жалгыздап ж-а жупташып тири&shy;чилик өткөрөт. Балдары сокур туулат, кеч чо&shy;ңоёт. Көбү (аты ошондон), кээси ылгабай азык&shy;тануучулар. Эт жечүлөр. Көпчүлүгүнүн териси баалуу, ошондуктан аларга аңчылык жасалат. Кээ бири (мисалы, карышкыр) мал чарбасына зыян келтирет. Жугуштуу ооруларды (мисалы, кутурма) таратуучулар. Көпчүлүк түрүнүн саны кескин аза&shy;йып кеткен. 36 түрү, 20 түрчөсү ТКЭСтин, 8 түрү Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген. [[Категория:3-том, 327-448 бб]]

09:46, 1 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ЖЫРТКЫЧТАР (Carnivora) – сүт эмүүчүлөрдүн түркүмү. Бор мезгилиндеги эң жөнөкөй курт­кумурска жечүлөрдөн келип чыккан. Дене узундугу 11 смден (арыс чычкан) 3 мге чейин (аюулар), салмагы 100 гдан 700 кгга чейин. Жыныс диморфиз­ми байкалбайт, айрым түрүнүн гана эркеги ургаа­чысынан чоңураак болот. Түсү, түзүлүшү ж-а жашоосу ар түрдүү. Көпчүлүгү тамандап басып жүрүүчүлөр, манжалары ар дайым 5, чанда гана 4, тырмактары жакшы өрчүгөн. Жырткычтардын көпчүлү­гүнүн үстүнкү, алдыңкы азуу тиштеринин төр­түнчүсү ж-а астынкы арткы азуу тиштеринин биринчиси (жырткыч тиштери) башка азуу тиш­терине караганда жакшы өөрчүгөн, табылгасын тытып жеш үчүн кызмат аткарат. Кылкыйма азууларынын кырлары дайыма курч. Көпчү­лүгүнүн жүнү калың, жумшак. 12 тукуму, анын ичинде азыркы карышкырлар, аюулар, жанаттар, суу­сарлар, көк жалдар, виверралар ж-а мышык сымалдардын 235 түрү кездешет. Жырткычтарга кээде түркүмчө катары калак буттуулар да киргизи­лет, алар жырткычтардын түпкү тегинен четтеген. Авст­ралия (байырлаштырылган түрлөрү бар) м-н Антарктидадан башка бардык жерде таралган. Негизинен күүгүмдө ж-а түнкүсүн активдүү, мо­ногамдар. Жалгыздап ж-а жупташып тири­чилик өткөрөт. Балдары сокур туулат, кеч чо­ңоёт. Көбү (аты ошондон), кээси ылгабай азык­тануучулар. Эт жечүлөр. Көпчүлүгүнүн териси баалуу, ошондуктан аларга аңчылык жасалат. Кээ бири (мисалы, карышкыр) мал чарбасына зыян келтирет. Жугуштуу ооруларды (мисалы, кутурма) таратуучулар. Көпчүлүк түрүнүн саны кескин аза­йып кеткен. 36 түрү, 20 түрчөсү ТКЭСтин, 8 түрү Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.