ЗАКОН (кубулуштар ортосундагы мамиле): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page ЗАКОН 1 to ЗАКОН (кубулуштар ортосундагы мамиле)) |
(Айырма жок)
|
10:22, 5 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ЗАКО́Н (филос.) – кубулуштар ортосундагы зарыл, олуттуу, туруктуу, кайталанма мамиле. Объективдүү ж-а субъективдүү дүйнөнүн маңызын чагылдырат. Өз ара диалектикалык байланышта жалпы закон жекече закондор аркылуу аракеттенет. Закон адамдардын аң-сезимине көз карандысыз объективдүү мүнөздө өкүм сүрөт. Илимдин эң башкы милдети – табияттын, коомдук өнүгүүнүн, ойлоонун закондорун таанып-билүү болуп ж-а адамдардын жаратылышты, коомду кайра куруусунун негизи болуп эсептелет.