ИБРАГИМОВ Сүйүнбек: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page ИБРАГИМОВ 3 to ИБРАГИМОВ Сүйүнбек) |
(Айырма жок)
|
03:18, 12 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИБРАГИМОВ Сүйүнбек (1. 05. 1940-жылы туулган, Талас облусу, Бакай-Ата району, Миң-Булак айылы) – тилчи, филология илимдеринин доктору (2004). КМУнун филология факультетин (1961), А. Жданов атындагы Ленинград мамлекеттик университетинин аспирантурасын машина менен которуу жана колдонмо лингвистика адистиги боюнча бүтүргөн (1964). Кыргыз ССР ИАнын тил ж-а адабият институтунда илимий кызматкер (1964), Ош педагогикалык институтунун филология факультетинин деканы (1965–88), Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда проректор, кийин филология факультетинде декан, кафедра башчысы, профессор (1988–92), И. Арабаев атындагы КМПУнун мамл. тил ж-а маданият институтунда кафедра башчысы (2002–04), Кыргыз юридикалык академиясынын жогорку коллежинде директор (2003–04), КМУда (2005–06), 2007-жылдан КРСУда профессор. Кыргыз тилинин синтаксиси, орус, немис, англис тилдеринин салыштырма типологиясы, жалпы тил илими, тил ж-а маданияттын байланыш маселелерине арналган көптөгөн илимий эмгектери ж-а макалалары бар. Изилдөө иштеринде математикалык ыкмаларды колдонгон. «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы м-н сыйланган.
Эмг.: Тил илиминин негиздери. Б., 2000; Кыргыз тилинин синтаксиси (изилдениш тарыхынан). Б., 2001; Лингвокультурология – тилдик маданият таануу. Теориясы жана тарыхы. Б., 2004; Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн орусча-кыргызча сөздүгү. Б., 2008.